Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы N 194 токтому менен бекитилген
|
2018-2020-жылдар мезгилине
Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын
концепциясы
1. Региондук саясаттын максаттары жана милдеттери
2018-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын ушул концепциясы (мындан ары – Концепция) орто мөөнөттүү мезгилге жана узак мөөнөттүн келечекке конкреттүү региондорду жана калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программаларын даярдоо үчүн базистик конструкцияны түзүү максаты менен иштелип чыкты.
Концептуалдык мамиленин болушу коомчулукка, бизнеске, инвесторлорго белгилүү аймактагы ар түрдүү тармактарды, иштин чөйрөлөрүн жана инфратүзүмүн өнүктүрүүгө карата багыт жана түшүнүк алууга мүмкүндүк түзөт.
Региондук саясаттын негизги максаты - өзүнө өнүгүү борборлорун жана тийиштүү айылдык аймактарды камтыган, негизги аймактардын өнүгүүсүн бир жерде топтоп колдоо аркылуу калктын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн республикадагы региондордун тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу.
Региондорду өнүктүрүүнүн көп факторлуу экенин эске алып, функционалдык багыттарга байланыштуу максаттар аныкталды. Социалдык максаттар калктын бакубатчылыгын жогорулатууга жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат, демографиялык максаттар - ден-соолугу чың адамдардын төрөлүшүн көбөйтүүгө, экономикалык - калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, экологиялык - курчап турган чөйрөнүн туруктуулугуна жана калыбына келип турушуна жана маданий максаттар - региондордо жашоонун маданий формаларынын көп түрдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Башкы максатка жетишүү үчүн төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүү керек:
- аймактык ресурстардын негизги түрлөрүн кайра өндүрүү: жаратылыштык, адамдык, инфратүзүмдүк, маданий, экономикалык;
- бирдиктүү экономикалык рынокту түзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бирдиктүү инфратүзүмдү колдоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу региондордун интеграциясы;
- өнүгүүнүн борборлору менен негизги аймактарды түзүү жана жалпы ишкердик климатты жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- региондорду адистештирүү, экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү кластерлерди түзүү, инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары – МЖӨ) алкагында ишке ашыруу аркылуу региондорду өнүктүрүүгө өбөлгөлөөчү механизмдерин ишке киргизүү;
- келечектеги өнүгүүнү калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аны ишке ашыруу, өнүгүүнүн булактарын жана механизмдерин издөө максаты менен региондордогу потенциалды жогорулатуу;
- башкаруунун ар бир объектисин өнүктүрүүгө жеке мамилелерди түзүү;
- улуттук коопсуздукту (аскердик, экономикалык, өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздукту, экологиялык, маалыматтык жана коопсуздуктун башка түрлөрүн) камсыздоо механизмдерин региондордо жана аймактарда интеграциялоо.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
2.1. Региондорду өнүктүрүүнүн кыскача сереби
Республикабыз эгемендүүлүккө ээ болгон жылдарда башкарууну борбордон ажыратууга жана региондорду күчөтүүгө багытталган саясатты жүргүзүүгө карабай, финансы жана адам ресурстарын кошо алганда, бардык ресурстардын экономикалык жана саясий борборго топтолушуна алып келген процесстер жүрүп жатты.
Республиканын түштүк аймагында калктын жарымынан көбү жашайт, бирок, түштүк облустарынын жана Ош шаарынын республикасынын экономикасына кошкон салымы өлкөнүн ИДП 30 пайызынан азыраак. Республиканын түштүк аймагынын экономикалык жактан өнүгүшү начар бойдон калууда.
Республиканын түндүк аймагында өлкөнүн ИДПнын дээрлик 60 пайызы өндүрүлөт. Өнөр жай Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында топтолгон, бул башка региондордун экономикасын алсыз жана Чүй облусу менен Бишкек шаарынын экономикаларынан көз каранды кылууда.
Региондордун 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча республиканын өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмагын: Чүй облусу (39,1%), Ысык-көл облусу (24,4%), Бишкек шаары (18%) жана Жалал-Абад облусу (10,2%), түздү, бир аз гана бөлүгү Баткен облусунда (2,8%), Ош облусунда (2,2%), Нарын облусунда (1,0%), Ош шаарында (1,9%), Талас облусунда (0,5%).
Республиканын экономикасын мамлекеттик жөнгө салуунун негизги инструменттери аймактарды өнүктүрүү боюнча максаттарга багытталган эмес. Жергиликтүү бюджеттерге өз алдынча чогултулуучу кирешелер туруктуу түрдө кыскарууга багыт алып, анын көлөмү республикалык бюджеттен алынуучу трансферттен аз болуп калды. «Борбордун» бөлүштүрүү саясатынан аймактардын көз карандылыгы күчөп баратат. Мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелеринин кыйла бөлүгүн Бишкек шаары камсыздайт.
Региондордун өнүгүүсүндөгү түптөлгөн айырмачылык мамлекеттик саясаттын максаттарын аныктоого эки башка мамилени талап кылат.
Соңку жыйырма жылдагы маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, республикада региондорду өнүктүрүүгө карата натыйжалуу иштеген консолидацияланган жана комплекстүү мамиле жок, калктын социалдык жашоосун өнүктүрүү жана жакшыртуу маселелери натыйжасыз чечилүүдө.
2.2. Региондорду өнүктүрүүнүн негизги проблемалары
Региондордун өнүгүшүн башкаруунун натыйжасыздыгы
Мамлекеттик саясатта республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тармактык жана долбоордук мамилелер үстөмдүк кылат. Өнүктүрүүнүн тармактык жана региондук стратегияларын талдоо көрсөткөндөй, реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөр болбогондо региондорду өнүктүрүүдөгү салттуу ыкмалар күтүлгөн натыйжаларга алып келбейт.
Экономиканы мамлекеттик жөнгө салуунун инструменти болуп саналган ресурстарды кайра бөлүштүрүүнүн бюджеттер аралык механизми аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтпөйт.
Администрациялык-аймактык түзүлүштүн колдонуудагы системасы өлкөдө жана коомчулукта пайда болгон жаңы мамилелерге көп туура келбейт. Борбордон ажыратуу боюнча көптөгөн аракеттер мамлекеттик деңгээлдги аймактык проблемалардан алыстап кетишине алып келди.
Региондук өнүгүү мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү коомчулуктун, ишкердиктин жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери менен максаттуу багыттарга жетүүнү болжолдойт. Бирок өз ара кызматташтык болгон жок.
Региондорду мамлекеттик колдоо теңдөө үчүн ресурстарды бөлүп берүүгө жана артта калгандарга колдоо көрсөтүүгө негизделет. Мындай мамиле региондордун өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон кызыкчылыгынын төмөндөп кетишине алып келди. Башкаруунун бардык деңгээлдеринин ортосунда бөлүштүрүлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды кайра карап чыгуу керек.
Жаңы көз карашты эске алуу менен, региондордун өнүгүүсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү зарыл.
Региондор туш болгон негизги көйгөйлөр аймактык өзгөчөлүктөргө ээ, бул жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде тийиштүү аракеттерди талап кылат.
Инфратүзүмдүн деградациясы
Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармагы болуп саналган айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Ушул чөйрөдөгү көйгөйлөр айыл чарба жерлеринин сугат суу менен камсыздалбашында, сугат системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча региондук долбоорлордун жоктугунда болууда. Колдонуудагы ирригациялык системаларды колдоо жана суу ресурстарын сактоо боюнча иштердин каржыланышы жетишсиз болуп турат.
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу жаатындагы региондук айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн потенциалын өнүктүрүү боюнча чоң маселе турат. Бул багытта ата-мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, кооперациянын жаңы формаларын өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын экспорттоого багытталган ири агроөнөр жай кластерлерин түзүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
Транспорттук инфратүзүмдүн жетишсиздиги региондордун экономикасын өнүктүрүүдөгү олуттуу кедерги болуп саналат. Бул багыт боюнча колдонуудагы региондук жана стратегиялык жолдорду реабилитациялоого жана курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражаттарды бөлүп берүү маселесин чечүү керек.
Региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүүгө жана региондордо банк тарамын кеңейтүүгө байланыштуу бир катар маселелерди чечүү зарыл. Айылдагы калктын продукттарга/ кызматтарга жетүүсү үчүн мамлекеттик үлүшү бар банктар («РСК Банк», «Айыл Банк» ачык акционердик коомдору) тарабынан ири айыл өкмөттөрүнүн борборлорунда перифериялык түзүлүштөрдү (банкоматтарды, терминалдарды ж.б.) орнотуу менен аманат кассаларын ачуу маселесин карап чыгуу зарыл.
Региондордогу инвестициялык климаттын жагымдуулугу төмөн бойдон калууда. Бийликтин жергиликтүү органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте экологияга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө тийиштүү маселелерде өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу үчүн консенсусту камсыз кыла алышпайт. Инвесторлор менен жергиликтүү коомчулуктун ортосунда узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелердин оптималдуу модели жок.
Жергиликтүү сырьё менен иштеген токтоп турган жана иштеп жаткан ишканаларды “жандандыруу” же диверсификациялоо мүмкүндүгү изилденген эмес.
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнү өбөлгөлөө жана региондордун экономикасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо жаатында салык системасын өркүндөтүү боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлбөйт. Ата мекендик товарларды тышкы рынокко чыгаруу боюнча мамлекеттик колдоонун механизмдери жана инструменттери жакшы натыйжа бербей жатат.
Чек арадагы аймактарды өнүктүрүү маселесин чечүү өтө маанилүү, бул аймактарда экономикалык жана социалдык маселелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын коопсуздук маселелери менен тыгыз байланышта турат. Мындай аймактар үчүн экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болгон жана социалдык маселелерди чечкен өзгөчө программалык иш-чаралар зарыл.
Жогоруда аталган проблемалардын бардыгынын чечилиши айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүү өнөр жайынын тармактарын, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган, ал акырында региондордогу жашоо сапатынын жакшыруусуна таасирин тийгизип, өлкөнүн региондорун өнүктүрүүдөгү диспропорцияларды төмөндөтөт.
Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжасыздыгы
Ушул Концепцияны ишке ашырууда негизги роль мамлекеттик башкаруу органдарына берилет. Бирок мамлекеттик башкаруунун учурдагы жөнгө салуу системасы менен коюлган максаттарга жетүүгө кыйын болот.
Мамлекеттик башкарууну реформалоо социалдык-экономикалык өнүгүүнүн процесстерин башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталышы керек. Мамлекеттик органдардын ишин баалоо системасын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу керек, алардын иштеши натыйжалуулукка, проблемалардын өз убагында жана сапаттуу чечилишине багытталууга тийиш.
Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча иш жетишсиз жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин жөнгө салынбагандыгы маанилүү аспект бойдон калууда. Натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу керек, жоопкерчиликтин зоналарын аныктап, ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жана кайталанган функцияларды жокко чыгаруу зарыл. Мамлекеттик жана аймактык органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана координациялоону камсыз кыла турган мамлекеттик башкаруунун моделин түзүү керек. Ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы вертикалдык жана горизонталдык коммуникацияларын чыңдоо жана өнүктүрүү талап кылынат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын проблемалары.
Маанилүү маселелердин бири болуп жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү саналат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын жана мамлекеттик органдардын функцияларын, ыйгарым укуктарын чектеп бөлүштүрүүнү жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын кеңейтүүнү негиздөө, мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана аларды каржылоо механизмдерин аныктоо бөлүгүндө кайра карап чыгуу талап кылынууда.
Бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык туруктуулугун камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде ресурстарды натыйжалуу башкаруу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дотацияларды берүү алардын финансылык өз алдынчалыгына кызыгуусун төмөндөтүүчү фактор болуп калды.
МЖӨ жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү өбөлгөлөөчү механизмдер керек.
Региондордо инвестициялык саясаттын натыйжасыздыгы
Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана региондорго финансылык ресурстарды тартууда жогорку инвестициялык активдүүлүк экономиканы өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп саналат. Чет өлкөнүн түз инвестицияларын тартууну активдештирүү өндүрүшкө жана башкаруу практикасына жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле чет өлкөдөгү жаңы рынокторго чыгууга көмөк көрсөтөт.
Экономикалык өнүгүүнүн төмөн деңгээли жана өлкөнүн өндүрүштүк секторунун атаандаштыкка төмөн жөндөмдүүлүгү чет өлкөлүк түз инвестициялардын чакан көлөмдө келишинин негизги себептери болуп саналат. Натыйжада, ушул факторлордун бардыгы республиканын жагымсыз инвестициялык имиджин түзүшөт.
Жеке бизнеске мамлекеттин кийлигишүүсүн кыскартуу, инвесторлорго преференцияларды берүү, чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн бирдиктүү эрежелерди сактоо керек.
Өсүүнүн түйүндөрүндө/баскычтарында өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун шарттарын даректүү жакшыртуу жана каражаттарды тартуу аркылуу региондук долбоорлорду максаттуу инвестициялоо стратегиялык туура чечим болуп саналат.
Инвесторлор үчүн жагымсыз болгон, региондордогу чек арага жакын аймактарды каржылоо жана өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин өз алдынча вектору болушу керек.
Жагымдуу инвестициялык шарттарды камсыз кылуу жана түзүү боюнча стандарттык практиканы киргизүү региондук инвестициялык саясатты өнүктүрүүнүн негизи болушу керек, ал региондук инвестициялык программалардын/стратегиялардын болушун, жергиликтүү бизнес түзүмдүн катышуусу менен тийиштүү координациялоочу органды, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду илгерилетүү чөйрөсүндө маалымат жана тажрыйба менен алмашуу үчүн интерактивдүү аянтчаны түзүүнү болжолдойт.
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү
Жеке сектор рыноктук экономиканын негизин түзөт, анда чакан жана орто ишканалар чоң ролду ойношот. Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маселеси мамлекеттик колдоого муктаж. Чакан жана орто ишкердиктин салымы ИДПнын 40 пайызынан көбүн түзөт. Ошондуктан жеке ишин ачуу жана ишкердиктин активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн баштапкы жагымдуу шарттарды түзүү керек.
Бизнес-чөйрөнүн калыптанып калган түзүмү көрсөткөндөй, чакан жана орто ишканалар негизинен соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө алектенет, өндүрүш чөйрөсүндө алардын саны азыраак. Өнүгүүнүн мындай жолу экономиканы көтөрүүгө көмөк көрсөтпөйт, ал өлкөнүн жаратылыш, эмгек, интеллектуалдык жана башка ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга алып келет. Өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын түзүү үчүн тийиштүү шарттар керек.
Продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү чакан жана орто бизнестеги негизги айрыкча көйгөйлүү маселеси болуп саналат. Республикада заманбап технологиялар жетишпейт, бул өндүрүлгөн продукциянын сапатына жана баасына таасирин тийгизет.
Азыркы учурга чейин бизнести өнүктүрүүдө көптөгөн тоскоолдуктар бар. Иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн саны 98ге чейин кыскартылды. Ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы ашыкча тоскоолдуктарды жана кайталоочу функцияларды, ички каршылыктарды кыскартуу боюнча ченем жаратуу ишин улантуу керек.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр
Тажрыйба көрсөткөндөй, инвесторлор социалдык мүнөздөгү долбоорлорго караганда, экономикалык долбоорлорго артыкчылык беришет. Ошондуктан экономиканын стратегиялык маанидеги бир катар тармактары мамлекеттик компаниялар тарабынан тейленүүгө (энергетика, темир жол ж.б.) жана бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланууга тийиш.
Ошол эле мезгилде экономика тармактарынын негизги бөлүгү жеке инвесторлор үчүн көп жагымдуу эмес жана алардын тобокелдигинин деңгээли жогору. Ошондуктан мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн айрыкча инфратүзүмү кризистик абалда турган жана жүгүртүүдөгү каражаттары тартыш ишканаларда МЖӨ механизмин өнүктүрүү жана көбүрөөк пайдалануу керек. Региондук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттин жана жеке сектордун материалдык жана финансылык ресурстарын топтоо аркылуу экономикалык өсүштү камсыздоо зарыл. Бул максатта мамлекет менен жеке сектордун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү керек.
МЖӨ механизмдерин киргизүү жана өнүктүрүү боюнча региондун потенциалын жогорулатуу максатында тийиштүү квалификациялуу адам ресурстары, региондордо МЖӨ үчүн мыйзамдык жана институционалдык базаны түзүү, ошондой эле региондун инвестициялык муктаждыктарына ылайык инвестициялык пландын болушу зарыл.
Өзгөчө кырдаалдарга кабылуу мүмкүндүгү өтө жогору.
Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык абалынан улам көптөгөн табигый кырсыктарга кабылат.
2005-2015-жылдар мезгилинде республиканын аймагында 2878 өзгөчө жана ар түрдүү мүнөздөгү кризистик кырдаалдар катталган, аларда 844 адам каза болуп, түз зыян 7 млрд. 462,1 млн. сом түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө.
Өзгөчө кырдаалдарды экономиканын бардык тармактарынан жана өнүгүү чөйрөлөрүнөн өтүүчү жана кооптуу процесстерге жана геофизикалык, жаратылыш, техногендик, социалдык жана конфликттик мүнөздөгү көрүнүштөргө байланыштуу кеңири маселелерди козгоочу тепчип өткөн багыт катары кароо керек.
Аймактык жана региондук деңгээлде тийиштүү бюджеттерди өнүктүрүүнү жана түзүүнү стратегиялык пландоодо өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө, болжолдоо, алдын алуу жана жоюуга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды кароо зарыл.
3. Региондук саясатты тандоо
3.1. Саясатты түзүү принциптери
Жаңы региондук саясаттын калыптанышын жаңы принциптерге жараша жүзөгө ашыруу керек. Ушул концепцияда негиз катары сунушталган негизги принциптер болуп төмөнкүлөр саналат:
Биринчи. Мамлекеттик саясатта тармактык мамиледен региондордун жана аймактардын өзүнчөлүгүнө, өзгөчөлүгүнө жана адистештирүүгө негизделген, аларды өнүктүрүүнүн комплекстүү моделине өтүү.
Экинчи. Мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык спектрин алуу жана жарандардын мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө басым жасап, региондорду өнүктүрүүнүн көп максаттуу мүнөзүнө, натыйжада алардын ишинин бардык аспекттерин эсепке алууга жетиштүү көңүл буруу.
Үчүнчү. Социалдык кызматтарды көрсөткөн жана аймактарды өнүктүрүү үчүн локалдык шарттарды түзүүгө жооптуу борборлордун калкка жакындыгы катары субсидиялуулугу.
Төртүнчү. Артта калган аймактарды колдоо жана дотациялык теңдөө принцибин өзгөртүү, аймактык тандалмалуу жана күчтөр менен каражаттарды негизги аймактарда топтоо принцибине өтүү.
Бешинчи. Жергиликтүү активдүүлүккө өбөлгөлөө үчүн жергиликтүү башкаруу системасын борбордон ажыратуу, жергиликтүү демилгеге таянуу жана аймактардын өзүн-өзү өнүктүрүү процессин баштоо үчүн ресурстук колдоо менен камсыздалуусу.
Алтынчы. Чектеш аймактарга багытталган жана региондук мультипликатордун максимумдук натыйжасын бере турган максаттуу мамлекеттик инвестициялык программалар менен региондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын функцияларын күчөтүү.
Жетинчи. Өлкөнүн башкарылуусун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттук жана региондук кызыкчылыктарды сактоо максатында саясаттын субъекти тарабынан региондорду өнүктүрүү процессин башкаруунун системага түшүрүлүшү жана ырааттуулугу.
Сегизинчи. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларын милдеттүү түрдө киргизүүнү эске алуу менен өнүгүүнү пландоого өтүү.
3.2. Региондорду өнүктүрүүгө болгон мамилени тандоо
Түзүмдүк-функционалдык схеманы эске алуу менен, ушул Концепция “региондук өнүгүүнүн борборлорун”, шаардык агломерацияларды жана аларга жакын жайгашкан негизги аймактарды түзүүгө жана экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталат. Бул мамлекеттин ресурстук мүмкүнчүлүктөрү чектелгендиктен улам болууда жана каражаттарды артыкчылыктуу аймактарга топтоо муктаждыгын шарттайт. Буга байланыштуу региондук саясаттын өбөлгөлөөчү тиби тандап алынат.
Региондордун экономикалык потенциалын көтөрбөстөн, аларды туруктуу өнүктүрбөстөн социалдык, саясий, коомдук көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес. Региондук саясаттын максаттарына экономикалык жактан келечеги бар долбоорлорду ишке ашырууда гана жетишүүгө мүмкүн. Иш жүзүндө жүзөгө ашыруу үчүн тандап алынган обьекттерде айрыкча деталдуу пландарды, болжолдорду, долбоорлорду иштеп чыгуу талап кылынат. Бүгүнкү күндө айрыкча мүмкүн болгон жана ылайыктуу инструменттер катарында өзгөчө режимди караштырган мыйзам чыгаруу демилгелери, “борбор” менен региондордун ортосунда финансы-экономикалык өз ара мамилелерди кайра карап чыгуу, региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча адистештирилген инвестициялык фондду түзүү, региондорду адистештирүү жана кластерлерди түзүү болушу мүмкүн.
Бардык региондук обьекттерге карата мамлекеттик саясатты түзүү керек. Бирок алардын ар бирине карата жеке мамиле талап кылынат. Мында үстөмдүк жана артыкчылык “өнүгүү борборлорун жана негизги аймактарды” өнүктүрүүгө сакталышы керек.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап пилоттук болуп саналат, бул мезгилде пилоттук калктуу пункттарды өнүктүрүүнүн программаларын/бизнес пландарын иштеп чыгылып, колдогу резервдер жана пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр караштырылуу менен региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү талдалат. Жергиликтүү сырье менен иштеген токтоп турган же иштеп жаткан ишканаларды жандандыруу жана диверсификация мүмкүндүгү изилденип чыгат.
Экинчи этапта Концепцияны толук масштабдуу ишке ашыруу жүзөгө ашырылат.
3.3. Региондук саясаттын тышкы алкактары
Азыркы дүйнөнүн өнүгүүсү бир өлкөдө болуп жаткан процесстин башка өлкөлөрдɵгү кырдаалга өз ара жайылышын жана өз ара байланышын болжолдойт. Региондук саясат аймактарга карата ички саясатка таасир тийгизүүгө жөндөмдүү айрыкча олуттуу дүйнөлүк жана региондук тренддерди караштырышы керек. Тышкы алкактарды эске алуу Борбордук Азиянын алкагында башка өлкөлөрдүн региондору менен республиканын региондорунун потенциалдуу атаандашуу факторлорун эске алууга жардам берет.
Негизги тренддердин бири сырьёлук, товардык, финансылык, адамдык, транспорттук жана технологиялык агымдарды камтыган ааламдашуу процесстерин күчөтүү болуп калат.
Келечектеги мезгилдин башкы мүнөздөмөлөрүнүн бири дүйнөлүк экономиканын нано-технологияларды, биотехнологияларды, композиттик материалдарды, маалыматтык технологияларды, энергиянын альтернативалуу булактарын жана жаңы медицинаны өнүктүрүүгө байланышкан жаңы технологиялык негизге өтүүсү болуп саналат.
Ошол эле мезгилде энергетикалык, азык-түлүк, суу ресурстарына атаандашуу күчөйт, аларга болгон суроонун өсүшүн улантат.
Борбордук Азиянын дүйнөлүк чарба процесстерине интеграциялоосу өсүп баратат. Ылдам өнүгүп келаткан Кытайга региондун аймактык жакындыгы; көмүр суутек сырьёсунун, бош жер ресурстарынын болушу; Европа менен Азиянын ортосунда географиялык жайгашуусу сыяктуу факторлор экономикалык жактан чоң таасир тийгизет.
Башка жактан алганда, аскер-саясий аспекти жагынан, региондун Афганстан менен чектеши мурдагыдай эле потенциалдуу тобокелдиктер зонасы болуп саналат.
Курчап турган чөйрөнүн коопсуздук маселелеринин актуалдуулугу улам жогорулоодо. Региондо жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануунун терс мисалдары бар. Региондогу суу тематикасына байланыштуу мамилелердин курчушу барган сайын күчөйт.
Кытай Эл Республикасы тарабынан бекитилген 1 млн. адамдан ашкан калкы менен 100 шаарды жана агломерацияларды түзүү саясатын көңүлгө алуу керек. Ошондой эле Кытайдын батыш аймактарын өнүктүрүү боюнча пландарын жана Европага чейин логистикалык жолдорду камсыздоого умтулуусун эске алуу керек. Буга байланыштуу мейкиндикти пландоодо Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун потенциалын баалоо зарыл.
Ички региондук саясатка таасирин тийгизиши мүмкүн трансулуттук долбоорлор болуп энергетикалык, биринчи кезекте CASA-1000 долбоору саналат. Аймактарды өнүктүрүүнү жана өндүрүш күчтөрүн жайгаштырууну масштабдуу долбоорлорду эске алуу менен пландоо керек. Улуу Жибек жолу идеясын калыбына келтирүү жана модернизациялоого байланыштуу эл аралык демилгелерди кароо максатка ылайыктуу.
Региондорду өнүктүрүү саясатын түзүүдө учурдагы көрүнүштөрүн эске алуу менен, коңшу мамлекеттер менен экономикалык мамилелердин интеграциясынын тарыхый негиздерге көңүл буруу керек.
4. Концепциянын жалпы көрүнүшү жана күтүлүүчү натыйжалар
2017-2019-жылдары ИДП өсүшү, негизинен Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облусунун жана Бишкек шаарынын салымдарынын эсебинен болжолдонот. Бул облустардын суммалык салымы 84,4% түзөт, бул аталган региондордогу ишкердиктин активдүүлүгүн жана республиканын башка облустарына салыштырмалуу калктын жогорку кирешелерине байланыштуу болот (1-таблица).
2019-жылга чейин республикада жыл сайын 70 миң жаңы жумуш орундары түзүлөөрү күтүлүүдө. Эң көп жумуш орундары Чүй облусунда (18,2 миң), Бишкек шаарында (15,7 миң), Жалал-Абад облусунда (15,2 миң) түзүлөт. Орточо эмгек акы 18 320 сомго чейин жетет.
1-таблица. 2019-жылга чейин региондордун өнүгүүсүнүн негизги болжолдук көрсөткүчтөрү
Облустардын аталышы | ДРП (млн.сом) | Жумуш орундары (адам) | Орточо эмгек акы (сом) | ||||||
| 2017-ж | 2018-ж | 2019-ж | 2017-ж | 2018-ж | 2019-ж | 2017-ж | 2018-ж | 2019-ж |
Республика, бардыгы | 494 444 | 541 405 | 598 646 | 70 000 | 70 000 | 70 000 | 15420 | 16 700 | 18 320 |
Баткен | 19 922 | 21 745 | 23 875 | 6 429 | 6 428 | 6 429 | 10920 | 11 845 | 13 006 |
Жалал-Абад | 56 427 | 62 228 | 69 430 | 15 233 | 15 240 | 15 232 | 13 837 | 14 920 | 16 365 |
Ысык-Көл | 55 843 | 57 627 | 63 334 | 1 915 | 1 914 | 1 915 | 18 750 | 19 020 | 19 570 |
Нарын | 14 188 | 15 696 | 17 332 | 3 102 | 3 103 | 3 102 | 14 500 | 15 686 | 17 105 |
Ош | 37 368 | 40 569 | 45 010 | 6 662 | 6 655 | 6 675 | 9 873 | 10 682 | 11 764 |
Талас | 15 860 | 17 306 | 18 865 | 1 806 | 1 805 | 1 806 | 11 265 | 12 243 | 13 600 |
Чүй | 77 631 | 85 035 | 94 627 | 18 265 | 18 265 | 18 266 | 12 921 | 13 984 | 15 276 |
Бишкек шаары | 189 890 | 211 282 | 233 054 | 15 705 | 15 706 | 15 725 | 18 875 | 20 463 | 22 375 |
Ош шаары | 27 316 | 29 917 | 33 120 | 883 | 884 | 850 | 14 270 | 15 618 | 17 160 |
Кыргыз Республикасынын ар бир региону коопсуз, көрктөндүрүлгөн жана экологиялык жактан таза тиричилик аракетинин чөйрөсүн түзүү аркылуу тургундарга керектүү шарттарды түзө алат.
Республиканын региондорун өнүктүрүү процессинде тургундардын кесипте, чыгармачылыкта, ишкердикте, маданиятта жана билим алууда өзүн табууга умтулуусу колдоого алынат жана ага өбөлгө берилет.
Региондордун бардыгы мультимаданий көп түрдүүлүктүн жана полиэтностук толеранттуулуктун үлгүсү болуп калат. Кыргыз маданиятынын кызыкчылыктары жана баалуулуктары Кыргыз Республикасынын бардык жарандары тарабынан ардакталат жана көбөйтүлөт.
Региондордогу бизнес жана инвестициялык чөйрө региондор аралык контекстте атаандаштыкка жөндөмдүү жана улуттук бизнес менен чет элдик инвестициялар үчүн жагымдуу болот. Беш шаар Борбордук Азиядагы айрыкча жагымдуу шаарлардан болуп, адамдар көп келүүчү шаарлардын тизмесине кирет.
Аймактардын арасында региондук өнүгүүдөгү ажырым минимумга жетет. Күчтүү региондор мындан ары өнүгүүгө өбөлгө алышат, ал эми дотациялык региондор өзүн өнүктүрүү жана өзүн камсыздоо жолуна тезинен чыгуу үчүн колдоо программасын натыйжалуу ишке ашырышат.
Чек арадагы аймактарды өнүктүрүүнүн транс чек аралык программалары иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
Күтүлүүчү көрсөткүчтөрдүн системасы интегралдык багыттарды караштырышы керек:
- жашоо сапатын жогорулатуу (автожолдордун узундугу, ичүүчү таза суу менен камсыздалышы, калктын иш менен камсыз болуусунун деңгээли, реалдуу кирешенин деңгээли, билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээли);
- экономикалык потенциалды чыңдоо (инфратүзүмдүн капиталдашуу деңгээли, ишканалардын капиталдашуу деңгээли, продукциянын жалпы экспорту; региондук өндүрүштөгү биргелешкен үлүш, дотациялык аймактардын үлүшү, тартылган инвестициялардын көлөмү);
- жашоонун көп түрдүүлүгүн кеңейтүү (илимий, чыгармачыл, бизнес, маданий интеллигенциянын көрүнүктүү үлгүлөрүнүн саны, социалдык-маданий инфратүзүмдүн объекттеринин саны жана сапаты, социалдык-маданий иш-чаралардын жана окуялардын саны);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын чыңдоо (чөйрөнүн коопсуздук деңгээли, коомдук ишенимдин жана кабыл алынып жаткан чечимдердин ачыктыгынын жогорку деңгээли, жогорку социалдык мобилдүүлүк жана долбоорлорго коомчулуктун катышуусу, ар түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарынын балансы).
Аймактык өнүктүрүү концепцияларын, стратегияларды, программаларды иштеп чыгууда белгиленген индикаторлорду топторго бөлүү керек.
5. Концептуалдык конструкция
5.1. Региондук өнүгүүнүн түйүндөрү
Финансылык ресурстар чектелген шартта бардык региондорду бир убакта өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан ушул Концепцияда региондордун өсүшүнүн базалык түйүндөрү катары 20 калктуу пунктту бөлүп чыгаруу сунушталууда.
Шаарларды тандоо өзүнүн өнүгүүсү үчүн көп пландуу мүмкүнчүлүктөрдүн шаарларда көп болушу менен шартталган. Анан дагы шаарларда ийгиликтүү старт алуу үчүн керектүү шарттар - мыйзамдык база, бюджет, аймак (жерлер), мамлекеттик башкаруу системасына камтылганы, иштеп жаткан бизнес жана экономикалык жактан активдүү калк бар.
Региондордун өсүү башаттары индустриялык парктарды жана өнөр жай кластерлерин интенсивдүү өнүктүрүүнүн региондук борборлорунун ролун өзүнө алышат. Тиректүү шаарларда мамлекеттик бийликтин аймактык органдарын, калкты тейлөө борборлорун (КТБ) жана бизнести тейлөө борборлорун (БТБ), логистикалык борборлорду, социалдык багыттагы объекттерди жайгаштыруу милдеттүү шарт болушу керек. Шаарларды максаттуу өнүктүрүү коңшу региондордун ишканаларынын жана чарбаларынын тарамын өзүнүн экономикалык өнүгүү чөйрөсүнө автоматтык түрдө тартат, алар үчүн жергиликтүү бизнести кеңейтүү жана чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Региондордун өсүү түйүндөрүн өнүктүрүү белгилүү уюштуруучулук-башкаруу иш-чараларын жана изилдөө иштерин жүргүзүүнү болжолдойт. Ошондуктан, алгач 20 калктуу пункттар үчүн социалдык-экономикалык багыттагы артыкчылыктуу долбоорлорду аныктоо зарыл.
Алардын базасында өсүү борборлорун түзүү үчүн айрыкча ыңгайлуу шаарлар жана айылдар Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата. Бишкек жана Ош шаарлары, айрыкча перспективалуу жана ийгиликтүү шаарлар катары өз алдынча программалар боюнча өнүгүшү керек.
Мамлекеттик ресурстардын чектелгендигин эске алып, иштелип чыккан критерийлердин базасында шаарлардын өнүгүүсүн колдоону этаптарга бөлүү сунушталууда. Үч этаптын ар биринде 5-6 шаарга көңүл буруу максатка ылайык.
Кошумча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде негизги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо менен тандап алынган калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн программаларын/бизнес-пландарын иштеп чыгуу керек. Бул программалар региондун өзгөчөлүгүн, анын артыкчылыктарын жана мындан ары өнүгүү үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн толук көлөмдө эске алышы керек. Региондук программалардын негизинде региондордун экономикалык, этномаданий, социалдык, географиялык жана чарбалык иштеги табигый артыкчылыктарына өбөлгө берүү түптөлүшү керек. Мында чектелүү ресурстар региондун атаандаштык артыкчылыктарын ишке ашыра турган долбоорлорду колдоо үчүн багытталууга тийиш. Жарандардын алдындагы мамлекеттин бардык социалдык милдеттери толук көлөмдө аткарылышы керек.
Тандап алынган калктуу конуштардын ролу өзүнүн аймагында керектүү социалдык, экономикалык, коммуникациялык жана логистикалык инфратүзүмдөрдү тездетип түзүүдө камтылат. Бардык өнөр жай жана кайра иштетүү өндүрүштөрү жергиликтүү сырьёну жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын пайдаланууга багытталышы керек.
Шаарлардагы логистикалык борборлор адистештирилген ишканалар болуп калууга тийиш, алардын негизги функциялары товарларды жана даяр продукцияны сактоо жана сатуу, бажылык тариздөө, экспедитордук жана транспорттук кампанияларга маалыматтык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле транспорттук каражаттарды техникалык тейлөө, брокердик жана кызматтардын башка түрлөрүн көрсөтүү каралат.
Кийинчерээк логистикалык борборлор логистикалык тарамдарга бириктирилет. Логистикалык борборлордун өнүккөн системасы жеткирүүлөрдүн чынжырчасын кыскартууга жана товардык агымды оптималдаштырууга, жүктөрдү жеткирүүчүдөн керектөөчүгө кыска мезгилдин ичинде жана айрыкча аз финансылык чыгымдар менен жеткирүү көйгөйүн натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк түзөт. Ошондуктан, логистикалык борборлордун негизги милдети экономикалык кластерлердин транспорттук функцияларын камсыз кылуу болуп саналат.
Өнүгүүнүн процесстерин жана жыйынтыктарын тобокелдиктин геофизикалык, жаратылыш, техногендик, биологиялык-социалдык жана конфликттик мүнөздөгү ар кандай факторлордон коргоо максатында жарандык коргоону уюштуруунун аймактык-өндүрүштүк принцибинен аймактык-тармактык принцибине өтүү жолу менен калктын жана аймактардын комплекстүү коопсуздугун камсыздоо зарыл. Урбанизацияга байланыштуу, мисалы жаңы конуштарда, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу маселелерине көңүл бөлүү зарыл, ал жерлерде ар түрдүү коркунучтарга туруксуз имараттар жана курулмалар тургузулбашы керек. Администрациялык-аймактык бирдикте шашылыш чара көрүүнүн жеке күчтөрүн (өрткө каршы жана куткаруунун ыктыярдуу топторун) түзүүгө аракет кылыш керек.
5.2. Региондордун адистештирүүсү
Республиканын ар бир регионунун адистешүүсү жаратылыш ресурстары жана өнүгүүнүн экономикалык шарттары менен шартталат.
Региондун экономикалык артыкчылыктарын аныктоонун негизинде анын тарыхый адистешүүсү эске алынышы керек. Өнүгүү борборлорунун экономикалык чарбасы анын жаратылыш жана экономикалык шарттарына шайкештигин, алдыңкы адистештирилген өндүрүштөрдүн базасындагы тармактардын жана алардын аймактык концентрациясына рационалдуу айкалышын, өнүгүү борборлорунун аймагына кирген тармактык түзүмдөрдүн салыштырмалуу окшоштугун сактоо маанилүү. Мында эмгек ресурстарынын ашыктыгына же жетишсиздигине жараша, эмгекке сыйымдуу же башка өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү керек.
Баткен облусу
Баткен облусу түзүлгөн учурдан тартып, айыл чарбасында өндүрүлгөн кошумча наркынын үлүшү өзгөрүүсүз калууда жана дээрлик 50 пайызды түзөт.
Облуста өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн талдоо көрсөткөндөй, Баткен облусу үчүн артыкчылыктуу тармактар болуп өсүмдүк өстүрүү жана мал багуу саналат.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы, айрыкча облустун негизги брэнди - кургатылган өрүк коңшу мамлекеттердин, тактап айтканда Тажикстандын рыногуна багытталган. Ошондуктан Баткен облусу үчүн биринчи деңгээлдеги өсүү башаты жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн экологиялык жактан таза кургатылган мөмөлөрдү өндүрүү болуп саналат. Облустун экинчи деңгээлдеги өсүү түйүнү катары мал чарбасын өнүктүрүү болуп калат.
Баткен облусу үчүн негизги милдет республиканын негизги транспорттук коммуникацияларынан жана экономикалык активдүүлүктүн башкы борборлорунан алыстыгы жана обочолонуу маселесин чечүү болуп саналат.
Суу проблемасын чечүү облус үчүн айрыкча маанилүү болуп саналат. Буга байланыштуу, экинчи негизги милдет облустун ирригациялык системасын реконструкциялоо жана модернизациялоо болуп эсептелет.
Облус үчүн үчүнчү милдет жалпы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында кайра иштетүү ишканаларын ишке киргизүү, анын натыйжасында айрыкча активдүү жана эмгекке жарамдуу калктын миграциясынын масштабын төмөндөтүү болуп саналат.
Бишкек шаары
Бишкек шаарынын экономикасы көбүнесе диверсификацияланган катары саналып, бул шаардын Борбордук Азиядагы саясий маанилүүлүгү менен күчөтүлөт.
Бишкек шаары региондук масштабдагы башкы логистикалык жана финансылык борбор болуу потенциалына ээ. Региондук масштабдагы башкы логистикалык жана финансылык борбор катары Бишкек шаарын өнүктүрүү максатында бардык тейлөө инфратүзүмүн эл аралык стандарттардын деңгээлине чейин жеткирүү зарыл. Биринчи кезекте, бул транспорттук, турак-жай коммуналдык инфратүзүмгө, коопсуздук маселелерине, сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына тийиштүү. Бишкек шаарынын дүң региондук продуктусунда кызмат көрсөтүүнүн, тактап айтканда соода, транспорт жана байланыштын үлүшү негизги позицияны ээлейт.
Бишкек шаары үчүн биринчи деңгээлдеги өсүү түйүнү аны региондук сервистик маалыматтык-коммуникациялык борборго өзгөртүп кайра түзүү болуп саналат. Экинчи деңгээлдеги өсүүнүн түйүнү Бишкек шаарын ишкердик жана билим берүүчү туризм борборуна айлантуу болот.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад облусу өнүгүү үчүн үч айрыкча перспективалуу багытка ээ. Бул - айыл чарбасы, өнөр жай жана туризм. Артыкчылыктуу тармактар боюнча өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн катышын талдоо көрсөтүп тургандай, гидроэнергетика Жалал-Абад облусунун атаандаштык артыкчылыгы болуп калат.
Жалал-Абад облусу үчүн биринчи деңгээлдеги өсүүнүн түйүнү болуп гидроэнергетика саналат. Облустагы экинчи деңгээлдеги өсүү түйүнү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн мал чарбасынын жана өсүмдүк өстүрүүнүн экологиялык таза продукттарын өндүрүү жана туризм болуп калат.
Айыл чарбасында кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздоо, минералдык жер семирткичтер жана химикаттарды ташып келүү аркылуу колдоо маанилүү болууда. Ошондой эле Баткен облусу сыяктуу эле айыл чарбасынын ирригациясын жакшыртуу актуалдуу болуп саналат.
Тоо-кен казуу тармагы үчүн жакшы перспективалар бар, мында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана мыйзам, салыктык башкаруу жана мамлекеттик жөнгө салуу жаатында орун алган көйгөйлөрдү жоюу боюнча чараларды көрүү зарыл. Менчиктин жана инвестициялардын коопсуздугунун кепилдигин камсыз кылуу облус үчүн да, жалпы өлкөбүз үчүн да актуалдуу болуп саналат.
Ысык-Көл облусу
Жаратылыш-климаттык шарттарына жараша, Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн башкы кыймылдаткычы катары туризм болот. Ысык-Көл, өзү эле эл аралык эс алуу зонасы болуп саналат. Туристтик чөйрөдө өз ара байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу шартында, Ысык-Көл облусунун экономикасы үчүн биринчи деңгээлдеги өсүүнүн түйүнү болуп калат. Буга байланыштуу, көрсөтүлүп жаткан туристтик кызматтардын, инфратүзүмдүн жана коммуникациялардын сапатын жогорулатуу жана аларды өнүктүрүү керек, заманбап транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүнү караган, анын ичинде суу, автомобилдин жана темир жол транспортун жана жүктөрдүн транзитин, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнү камтыган, Балыкчы шаарындагы транспорттук-логистикалык мультимодалдык борборду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керек.
Экинчи деңгээлдеги өсүүнүн түйүнү болуп айыл чарба продуктуларын, биринчи кезекте туризм чөйрөсүнүн ишканаларын камсыздоо үчүн өндүрүү саналат. Бул регион жогорку сапаттагы үрөн материалына, ирригациялык жана дренаждык системаларын калыбына келтирүүгө, ветеринария кызматтарын көрсөтүүгө муктаж. Кайра иштетүү тармагы үчүн инвестициялар талап кылынат. Ысык-Көл облусу пайдалуу кендерге бай жана инвестициялык салымдар үчүн потенциалы бар регион.
Нарын облусу
Региондун жаратылыш-климаттык шарттары мал чарбасы менен алектенүү үчүн жагымдуу болуп саналат. Артыкчылыктуу тармактар боюнча өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн катышын талдоо көрсөтүп тургандай, Нарын облусунун экономикасын түзүүчү тармак болуп мал чарбасы саналат, ал облустун этке болгон муктаждыгынын көбүн жабат. Облус жылкынын жана топоздун саны боюнча лидер болуп саналат.
Ошондуктан, Нарын облусундагы биринчи деңгээлдеги өсүү түйүнү болуп, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыноктору үчүн мал чарбасынын продукттарын өндүрүү эсептелет. Буга байланыштуу, асыл тукум малдын башын жакшыртуу, ветеринардык тейлөөнүн сапатын мыктылоо, тоют базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Этти кайра иштетүү ишканаларын түзүү талап кылынат. Мал чарбасынан тышкары, тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү боюнча чоң потенциал бар, ага инвестицияларды тартуу талап кылынат.
Облуста экинчи деңгээлдеги өсүү түйүнү катары энергетика жана транзиттик инфратүзүмдү өнүктүрүү саналат.
Ош облусу
Ош облусу өзүнүн географиялык жайгашуусуна ылайык, коңшу өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуу үчүн ири потенциалга ээ. Буга байланыштуу, жүктөрдүн транзити үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Ош шаарынын базасында түштүк логистикалык борборун түзүү зарыл. Мында башкы багыт транспорттук инфратүзүмдүн, коопсуздуктун жана сервистин сапатынын жогорку стандарттарын сактоо болушу керек.
Фергана өрөөнүндө жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн транзитинде облустун географиялык-экономикалык артыкчылыктарын, болгон өбөлгөлөрүн жана тарыхый түзүлүп калган ролун эске алып, Ош облусу үчүн биринчи деңгээлдеги “өсүү түйүнү” транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү болуп саналат. Экинчи деңгээлдеги облустун өсүшүнүн түйүнү болуп айыл чарба продуктуларын өндүрүү саналат.
Мында айыл чарба секторунун негизги көйгөйлөрү болуп кайра иштетүү циклынын жоктугу жана минералдык жер семирткичтердин, селекциялык иштердин жетишсиздиги эсептелет. Облустун тоолуу райондорунда негизги болуп мал чарба тармагы, талаада - өсүмдүк өстүрүү саналат. Продукцияны экспорт үчүн өндүрүүнү жогорулатуу жана толук кайра иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш. Минералдык ресурстарды өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн ресурстарды издеп табуу керек.
Ош шаары
Фергана өрөөнүндө жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн транзитинде Ош шаарынын географиялык-экономикалык артыкчылыктарын, өбөлгөлөрүн жана тарыхый түзүлүп калган ролун эске алып, Ош шаары үчүн биринчи деңгээлдеги өсүү түйүнү түштүк логистикалык борборун түзүү болуп саналат. Ошондуктан шаардын транспорттук инфратүзүмүн модернизациялоого жана калыбына келтирүүгө каражаттарды табуу зарыл. Облуста экинчи деңгээлдеги өсүү түйүнү кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү болуп калат.
Талас облусу
Облус айыл чарба продукциясынын маанилүү өндүрүүчүсү болуп саналат. Ошондуктан өнүгүү үчүн негизги багыттар айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана сырьёну кайра иштетүүнүн даражасын тереңдетүү болушу керек. Казакстандын рыногунун чоң мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, кайра иштетүүчү өнөр жайдын потенциалын жогорулатуу, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү зарыл.
Айыл чарба продукцияларын, айрыкча буурчакты жана картошканы өндүрүүчүлөр Казакстандын, Түркиянын, Ирандын рынокторун көздөшөт. Облуста транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн керектүү өбөлгөлөр бар. Мындан тышкары, Таластын буурчагына чет элдик рыноктордо суроо-талап бар.
Талас облусу үчүн биринчи деңгээлдеги өсүү түйүнү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн экологиялык жактан таза өсүмдүк продуктуларын өндүрүү болуп саналат. Экинчи деңгээлдеги “өсүү түйүнү” мал чарбачылыгы болуп саналат.
Көпчүлүк региондор сыяктуу эле айыл чарбасында төмөнкүдөй көйгөйлөрдү чечүү зарыл: үрөн материалы менен камсыздоо, заманбап айыл чарба техникасы менен жабдуу, минералдык жер семирткичтер жана химикаттар менен камсыздоо, финансы каражаттарына жетүүнү камсыздоо, сугат системаларын жакшыртуу. Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу талап кылынат.
Мындан тышкары, облус ири жаратылыш ресурстарына ээ жана кендерди иштетүү жаатында инвесторлор үчүн жагымдуу болуп саналат.
Чүй облусу
Чүй облусу өнүккөн өнөр жайы, инфратүзүмдүн жана коммуникациялардын тармагы, айыл чарбасын жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттары менен республиканын региондорунун арасында лидер болуп саналат. Башынан эле Чүй облусунун аймагы республиканын өнөр жай борбору болуп келген. Көбүнесе буга өнүккөн инфратүзүм көмөк көрсөткөн.
Кыргызстандын башка региондоруна салыштырмалуу, Чүй облусунун артыкчылыктуу тармактарынын катышында кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайынын үлүшү жогорку деңгээлде калууда.
Өнөр жай инфратүзүмү Чүй облусунун атаандашуудагы артыкчылыгы болгондуктан, биринчи деңгээлдеги өсүүнүн түйүнү өнөр жай өндүрүшү болуп саналат.
Облус үчүн башкы милдет өнөр жай потенциалын, тактап айтканда кайра иштетүү ишканаларын калыбына келтирүү болушу керек, алар башка тармактарды өнүктүрүүгө өбөлгө беришет. Бул үчүн маанилүү кадам менчиктин укуктарын коргоо жана инвестициялардын кепилдигин камсыз кылуу болуп саналат. Мындан тышкары, көп ишканалар узак мөөнөттүү инвестицияларга жана зайымдык каражаттарга жетишүүгө муктаж.
Экинчи деңгээлдеги облустун өсүү түйүнү айыл чарба продукциясын өндүрүү болот. Бул багытта жогорку сапаттагы үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоого, финансы ресурстарына жетүүгө, айыл чарба техникасын жаңыртууга, ирригациялык системаларын калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого көңүл бөлүү керек.
Облустун географиялык жайгашуусун эске алып, эл аралык жана республикалык маанидеги коммуникациялык инфратүзүмдү талаптагыдай деңгээлде кармоо зарыл.
Чүй облусу тоо-кен ресурстарына бай жана кендерди иштетүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу регион катары каралышы мүмкүн.
5.3. Өнүгүүгө карата кластердик мамиле
Региондордун экономикасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында колдогу потенциалды максимум пайдаланууга мүмкүндүк берген региондук экономиканын натыйжалуу моделин аныктоо зарыл. Мамлекеттик жана региондук экономикалык саясатты ишке ашыруунун айрыкча таркаган механизминин бирине кластердик саясат кирет.
Экономикалык кластерлердин пайда болушуна өбөлгө берүү региондук өнүгүү саясатындагы артыкчылыктардын катарына кириши керек.
Аймактык өндүрүштүк кластерлер чакан жана орто бизнести колдоонун жана интеграциялоонун формасы болууга тийиш. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө салттуу макроэкономикалык жана тармактык ыкмаларды, аймактык өндүрүштүк кластерлерин түзүүдө көрүнүп турган региондук ыкмалар менен толуктоо зарыл.
Региондук кластердик саясаттын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
- аймактык деңгээлде экономикалык кластерлерди табуу жана аларга мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кластердин түзүмүн аныктоо, анын өз алдынча звенолорун аймактык локализациялоо;
- аймактык кластерлердин потенциалдуу катышуучулары үчүн коммуникациялык аянтчаларды, анын ичинде региондук өнүгүүнүн стратегияларын иштеп чыгуу жана талкуулоо процессине аларды интеграциялоонун эсебинен түзүү;
- кластердин катышуучуларын консолидациялоого көмөк көрсөтүү (анын ичинде ассоциациялык формалар аркылуу), кластердин ишканаларын тышкы рынокторго чыгарууга көмөк көрсөтүү программаларын ишке ашыруу;
- аймактарда маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- аймактык экономикалык кластерлерди өнүктүрүү үчүн институционалдык чөйрөнү түзүү.
Кластердик саясатты ишке ашыруунун негизги максаты ишканалардын, жабдууларды жеткирүүчүлөрдүн, комплекттөөчү, адистештирилген өнөр жай жана сервистик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, региондо экономикалык кластерлерди түзүүчү илимий-изилдөөчү жана билим берүүчү уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен экономикалык өсүштүн жогорку темптерин жана экономиканы диверсификациялоону камсыз кылуу болуп саналат.
Региондук кластерлерди өнүктүрүү жеткирүүчүлөргө, квалификациялык жумуш күчүнө, маалыматка, ошондой эле тейлөөчү жана билим берүүчү борборлорго жетүүнү жеңилдетүүнүн эсебинен эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатат. Ошол эле мезгилде кластерлер инновацияларды илгерилетүүгө өбөлгө берет, анткени компаниялар технологиялык процесстерди өркүндөтүү боюнча алдыңкы маалыматтарга жетише алышат. Кластерлерде жаңы фирмаларды уюштуруу жана өндүрүш менен товарлардын жаңы типтерин ишке киргизүү үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлөт.
Кластерлер чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүшөт, анткени ири компаниялар алардын технологияларына ылайыкталган чектеш көп өндүрүштөргө муктаж, бул чоң эмес фирмалар үчүн сыйымдуу рынокту түзөт. Дүйнөлүк практика көрсөтүп тургандай, өлкөдө кластерлер канчалык жакшы өнүксө, калктын жашоо деңгээлинин жана ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончо жогору болот.
Жалпысынан алганда, региондук мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө продукцияны сатуунун артыкчылыктуу рынокторун аныктоого мүмкүндүк берет, алар регионду дүйнөлүк чарбалык байланыштар системасына максимумдук кирүүсүн камсыздап, кошумча наркынын үлүшү жогору продукциянын экспортунун көлөмүн жогорулатууга көмөк көрсөтүшү керек. Биринчи этапта региондо уюштурула турган бардык кластерлерге максимумдук региондук колдоону уюштуруу мүмкүн болбогондуктан, түзүлүшү приоритеттүү болгон кластерлерди так аныктоо жана аларды өнүктүрүүгө колдон келишинче көмөк көрсөтүү керек.
Региондордун экономикасынын тармактык түзүмдөрүн изилдөө төмөнкүдөй кластерлерди өнүктүрүүгө өбөлгөлөрдүн бар экендигин көрсөттү:
- билим берүү ( Бишкек жана Ош шаарлары);
- курулуш (Чүй, Ош облустары);
- туристтик (Ысык-Көл облусу);
- нефтехимиялык (Жалал-Абад облусу);
- агроөнөр жайлык (айрым шаарлардан жана райондордон тышкары, көпчүлүк аймактарда);
- мал чарбасы (Чүй, Нарын облустары);
- транспорттук-коммуникациялык (Нарын, Ош, Ысык-Көл, Чүй облустары, Бишкек ш.);
- медициналык-фармацевттик (Бишкек ш.).
Республиканын региондорундагы кластердик саясат конкреттүү товарга жараша иштелип чыгышы керек, аны өндүрүүдөгү түзүлгөн кырдаалга жараша, региондук рыноктогу жана региондун экспорттук жеткирүүлөрүндөгү ордуна, эмгекти эл аралык бөлүштүрүүнү эске алуу менен аны өндүрүүнүн келечегине жараша иштелип чыгышы керек.
Мындай система төмөнкүдөй чараларды камтышы керек:
- региондук маанилүү кластерлерге кирген ишканаларга жеңилдетилген кредит берүү боюнча;
- кошумча нарктын аз үлүшү менен продукцияны чыгарууну кыскартуу үчүн шарттарды түзүү жана жогорку технологиялык продукцияны өндүрүүгө өбөлгө берүү;
- импорттун сарамжалдуулугуна жүргүзүлгөн баалоонун негизинде чыгашалуу ишканаларды импортту алмаштыруучу продукцияны чыгарууга кайра багыттоо боюнча чаралардын системасы иштелип чыгышы керек;
- тышкы каржылоого жана продукцияны кредитке берүүгө мамлекеттик кепилдиктердин механизмин иштеп чыгуу, ошондой эле продукциянын экспортун камсыздандыруу боюнча;
- көргөзмө-жармаңкелик ишти жүргүзүү аркылуу региондук кластерлердин продукциясын тышкы рынокторго илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү боюнча;
- соода мамилелери артыкчылыктуу болуп саналган өлкөлөрдө региондук соода өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча;
- ушундай эле тармактарда иштеген кластерлердин ортосунда байланыштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүчү маалыматтык инфратүзүмдү түзүү боюнча;
- өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жана ар бир кластердин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруусун камсыз кылуу боюнча.
Жалпысынан алганда, локалдык кластерлерди түзүү Кыргызстанда чакан бизнести өнүктүрүү үчүн чоң импульс берет, ички жана тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, региондун кирешелүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт, калкты иш менен камсыздоо көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк түзөт.
5.4. Региондор аралык байланыш
Региондук саясат аймактар аралык жана региондор аралык тыгыз байланыштарды чыңдоону караштырышы керек.
Транспорттук инфратүзүм жетишсиз өнүккөндүктөн, ошондой эле өлкөнүн табигый рельефинин өзгөчөлүктөрүнөн улам, айрым аймактардын ортосундагы байланыш кыйла төмөн. Иш жүзүндө обочолонгон райондор бар.
Региондогу калктын экономикалык жана социалдык активдүүлүгүн талдап жатып, өлкөнүн айрым региондору республиканын ичиндеги региондоруна караганда башка мамлекеттердин чектеш аймактары менен социалдык-маданий жана чарбалык-экономикалык өз ара мамилелерге көбүрөөк интеграцияланган.
Республикада чектеш мамлекеттердин экономикалык жана маданий таасири алдында болгон бир нече зоналар түзүлгөн. Мындай таасир транспорттук, чарбалык, технологиялык, соода, маданий, маалыматтык байланыштардын түрү менен камсыздалат. Айрыкча көрүнүктүү зоналар:
биринчи зона - Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын Өзбекстан менен чектеш аймактары;
экинчи зона - Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагы;
үчүнчү зона - Талас облусунун Казакстанга жакын жайгашкан райондору.
Концепцияны ишке ашыруу процессинде Кыргыз Республикасынын экономикасына Кытай Эл Республикасынын экономикасынын тийгизген таасирин эске алуу керек. Бул багытта Нарын жана Ош облустарынын Кытай менен коңшу жайгашуусун жана өз ара аракеттенүүсүн эске алуу зарыл.
Жаңы региондук саясатта мындай зоналардын өзгөчөлүгү эске алынууга тийиш жана күчөп бараткан борборго качма тенденцияларга каршы аймактардын ички интеграциясын күчөтүү боюнча практикалык кадамдар сунушталышы керек.
Алгачкы кадам катары өлкөнүн бардык аймагын маалыматтык камтуу жана аны өлкөнүн аймагынын бүтүндүгүн жана бөлүнбөстүгүн сактоого багытталган мазмуну менен толтуруу маселесин чечүү керек. Кийинки керектүү кадам транспорттук байланыштарды түзүү жана аймактардын обочолонушун жокко чыгаруу маселесинин чечилиши болушу керек. Менчиктин коопсуздугун жана укуктук тартипти камсыздоо кыйла мааниге ээ болот.
6. Стратегиялык күн тартип
6.1. Региондорду өнүктүрүүнүн булактары
Региондорду өнүктүрүү булактарынын негизин бюджеттик каражаттар жана региондор тарабынан тартылган жеке инвестициялар түзөт. Бюджеттер аралык өз ара мамилелердин системасы кайра каралып, өнүгүү үчүн өбөлгө берүүгө багытталышы керек. Региондорду өнүктүрүүнүн атайын фонддорун түзүү зарыл.
Азыркы учурда инвесторлордун жергиликтүү фонддорго каражаттарды чегерүүлөрүнөн турган булактар бар. Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында ар кандай ири инвестициялык долбоорлордун натыйжасын күчөтүү үчүн аймактык өнүгүүнүн программаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылышы керек.
Аймактарды өнүктүрүү үчүн ресурстарды тартуунун башка инструменти катары түз инвестициялар болушу керек. Бул максатта артыкчылыктуу аймактар үчүн инвесторлорго өзгөчө фискалдык жана инвестициялык режимдерди берүү керек. Ошондой эле МЖӨ механизмин кеңири колдонуу зарыл.
Субсидиялар, жеңилдетилген зайымдар, анын ичинде Кыргыз-Россия өнүгүү фондунун алкагында финансылык өбөлгө берүүнүн зарыл чаралары сунушталышы керек. Ошондой эле инвесторлорду регионго тартуу үчүн электр энергиясына өзгөчө тарифтерди коюу керек.
Чакан жана орто ишкердикти финансы-кредиттик жана инвестициялык жактан колдоо ишкердикти каржылоого багытталган кредиттик уюмдардын каражаттарынан, ошондой эле инвестицияларды тартуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
Концепциянын бир катар иш-чараларын ишке ашыруу жүзөгө ашырылуучу долбоорлордун алкагында эл аралык уюмдардын донордук жардамын тартуу менен жүргүзүлөт.
Финансылык ажырымды кыскартуу үчүн түз инвестицияларды жана кошумча донордук жардамды тартуу боюнча активдүү иш жүргүзүлөт. Региондо өнүгүү процесстерин бюджеттик колдоону жогорулатуу боюнча зарыл иштер жүргүзүлүп турат.
6.2. Чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүнүн келечеги
Чек аранын жанындагы аймактарды өнүктүрүүнүн заманбап теориясы жана практикасы көрсөткөндөй, коңшу мамлекеттерге жакын жайгашкан аймактарды бирге өнүктүрмөйүн мындай объекттерди өнүктүрүү аракеттери натыйжа бербеши көрүнүүдө. Бүгүнкү күндө, чектеш аймактарды бирдиктүү комплекс катары комплекстүү трансчекаралык өнүктүрүү талап кылынат.
Ошондуктан, мындай аймактарды өнүктүрүүгө бирдиктүү жана комплекстүү мамилелерди түзүү боюнча чектеш мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнүн трансчекаралык түзүмдүк схемалары керек, өзгөчө буга алыскы жана жетүүгө кыйын, экономикалык жактан өнүкпөгөн аймактар муктаж.
Биринчиден, бул инфратүзүмдүк долбоорлорго тийиштүү (энергетика, транспорт, коммуникациялар).
Экинчиден, региондо элдердин биргелешип жашоосунун тарыхый тажрыйбасын эске алуучу социалдык-маданий долбоорлор.
Үчүнчүдөн, жаратылыш ресурстарын трансчекаралык коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, айрыкча бул сууга, жайыттарга, токойлорго тийиштүү.
Төртүнчүдөн, соода-көргөзмө ишин уюштуруу, жармаңкелерди өткөрүү, чек арада дүң жана чекене сооданы жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү.
Кыргызстан ушундай демилгелер менен чыкса болот. Өнүгүүнүн абройлуу эл аралык институттарынын ресурстарын тартуу максатка ылайыктуу.
Чек аранын жанындагы аймактарда жашаган жарандарга социалдык, фискалдык, администрациялык өбөлгө берүүнүн чаралары каралышы керек. Бул багытта Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун чек арага жакын аймактарын карап чыгуу айрыкча артыкчылыктуу болушу керек. Чек ара аймактарын динамикалуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 4 чечимине ылайык, 2017-2023-жылдарга чек ара аймактарын өнүктүрүүнүн улуттук долбоорун иштеп чыгуу зарыл.
7. Региондук саясаттын функциялык багыттары
7.1. Социалдык саясат
Социалдык саясатта активдүү социалдык колдоого муктаж болгон жана экономикалык жактан иш менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталган өбөлгөлөөчү чаралар керек.
Кийинки маанилүү багыт болуп мамлекет жана бизнес тарабынан бардык социалдык, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу болуп эсептелет. Саясаттын бирден бир маанилүү принциптеринен болуп базалык жана кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда көрүнгөн заманбап цивилизациянын жыргалчылыктарынын түздөн-түз жана логистикалык жеткиликтүүлүгү болуп эсептелиши керек.
Социалдык кызмат көрсөтүү системасына жеке капиталды тартуу бирден бир маанилүү милдеттерден болуп эсептелет. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан ченемдик-укуктук, фискалдык, жөнгө салуучу, ресурстук өбөлгөлөөчү инструменттер каралышы керек.
Коопсуздук чөйрөсү менен байланышкан көбөйүп бараткан тобокелдиктер өзгөчө чараларды талап кылат. Географиялык тобокелдиктердин аймагына жакын жайгашкан Кыргызстан үчүн бул милдет өтө актуалдуу. Ошондуктан коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чаралар масштабдуу болушу керек жана адамдардын турмуш-тиричилигинин бардык деңгээлин камтууга тийиш.
Гендердик чөйрөдөгү маанилүү маселелердин бири аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Региондордо аялдардын эмгектенүүсүн үй-бүлөлүк милдеттери менен айкалыштыруунун ар түрдүү моделдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу зарыл.
Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердиги өлкөнүн экономикасынын олуттуу бөлүгүн түзөт. Региондордо аялдардын бизнесин колдоо инфратүзүмүн түзүү боюнча ишти улантуу зарыл.
Аялдардын ишкердигин колдоо боюнча инфратүзүмдүн түзүмүнө «Бир айыл - бир продукт» долбоору кирет. Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан ушул долбоорду башка региондорго жайылтуу пландалууда. Республиканын региондорундагы бийлик органдары «Бир айыл - бир продукт» долбоорун жайылтууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүшү зарыл.
7.2. Демографиялык аспекттер
Республиканын демографиялык абалын, ошондой эле миграциялык процесстерди жана социалдык чөйрөдөгү ички тенденцияларды болжолдоо жана аларга туруктуу мониторинг жүргүзүү, учурда жана келечекте региондогу өндүрүштүк күчтөрдүн реалдуу жайгашуусун баалоого мүмкүндүк берет. Мурунку өнүктүрүү программаларда жана стратегияларда демографиялык аспектке эрежеде социалдык-экономикалык багыттагы обьекттерди курууга талаптагыдай көңүл бурулган эмес. Бул багытта жергиликтүү калктын сапаттык-сандык курамына таянуу зарыл жана чарбакер субъекттердин тарыхый адистештирүүсүн эске алуу керек.
Эмгекке жарамдуу калктын санын жана ар бир конкреттүү региондогу алардын кесиптик курамын так билүү келечектеги өндүрүштүн масштабын жана иш менен камсыз болгон жумушчулардын санын аныктоого жардам берет. Ошондуктан, региондун өнөр жай комплексинин орто жана узак мөөнөттүү жайгаштыруусун пландаштыруу өндүрүш күчтөрдүн мониторингине жана баалоосуна негизделиши керек.
Калктын курактык категорияларынын санын билүү региондун социалдык инфратүзүмдөрүн - мектептерди, ЖОЖдорду, ооруканаларды, бейтапканаларды, маданий-спорттук обьекттерди жана башкаларды кеңейтүү/өнүктүрүү үчүн негиз болот. Мындай мамиле жер-жерлерде өндүрүштүк күчтөрдү кайта өндүрүүнү жана алардын кесиптик багытын аныктоону камсыз кылат.
Ушундай маалымат калктын аялуу катмарын тейлөөчү социалдык коргоо системасынын абалын жана аларды колдоо үчүн финансылык каражаттардын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет.
2015-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 6 млн. адамды түздү. Туруктуу калктын үчтөн бири (34 %) шаарларда, үчтөн экиси (66 %) айыл жергесинде жашайт. Шаардык жана айылдык калктын катыштыгы жөнүндө маалымат башкаруу ишинде колдонулбайт. Ошондуктан, ар бир региондун демографиялык абалына туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу зарыл, анын жыйынтыгы уюштуруу – башкаруу чечимдерин жеринен кабыл алууда пайдаланылат.
7.3. Эмгек рыногу
Адамдык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жагынан алганда, Концепциянын максаты Кыргыз Республикасында жумушчу кадрларды даярдоонун заманбап системасын түзүүнүн жана экономиканын, коомчулуктун керектөөлөрүнө ылайык, жогорку жана ортоңку звенодогу квалификациялуу жумушчуларды, кызматчыларды жана адистерди даярдоону камсыз кылууга жөндөмдүү колдонмо квалификацияларды түзүүнүн эсебинен жетишилет. Калктын ар кандай категориялары өзүнүн эмгек жолунда зарыл болгон кесиптик квалификацияларга ээ болгону маанилуу.
Кесиптик билим берүү системасын тармактык артыкчылыктуу кластерлер үчүн кадрларды даярдоого жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик квалификацияларын рыноктун керектөөсүнө шайкеш келтирип камсыз кылууга багыттоо керек.
Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн технологиялык инновацияларды ишке киргизүүгө жана операциялык натыйжалуулукту дайыма жогорулатууга тез ылайыкташканга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу жумушчуларды даярдоо маселелерин чечүү зарыл.
7.4. Региондук экономикалык саясат
Региондорду атаандашуу артыкчылыктарын ишке ашыруунун негизинде, аларды товарлар, финансылар, жумушчу күчтөр, технологиялар жана маалыматтар менен дүйнөлүк жана региондук алмашуу системасына кошуу менен өнүктүрүү керек, бул алардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн аныктайт.
Жалпысынан, региондордун атаандашууга жөндөмдүүлүгүн түзүү ушул региондор кыйла күчтүү атаандашуу артыкчылыгына ээ болгон тармактарда бир багыттагы адистештирүүгө негизделет.
Жергиликтүү бийлик өндүрүш үчүн атайын шарттарды (инновацияларды, квалификациялуу жумушчу күчтөрүн, институционалдык чөйрөнү) түзүү менен инновацияларды камсыз кылышы керек, алар өндүрүштүн базалык (жаратылыш, эмгек ресурстары, болгон өндүрүштүк фонддор) шарттарынан айырмаланып, бийлик тарабынан түзүлөт жана алардын узак мөөнөттүү атаандашуу артыкчылыгын камсыз кылат.
Региондук экономикалык саясаттын чаралары региондордогу иштин реалдуу абалын эске алып, ар бир региондун экологиялык, социалдык жана саясий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен рыноктук адистештирүүгө, региондор аралык соода-сатыкка негизделиши керек. Аталган багыттар, региондорду туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүүнүн маанилүү шарттары болот. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү программасында каралгандай, аларга таянуу региондун потенциалын бекемдөө, алардын финансылык өз алдынчалыгын, экологиялык артыкчылыктарын сактоо, туруктуу өнүктүрүүнүн «локомотиви» - региондук экономикалардын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүнүн эсебинен калктын жашоо сапатын жогорулатууну камсыз кылуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Ушуга байланыштуу, региондордо экономиканы башкаруу жаатындагы Концепциянын стратегиялык максаты болуп адамдык капиталды түзүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, натыйжалуу экономиканы түптөөгө жардам берген туруктуу өнүктүрүүнүн шарттарын түзүп берүү саналат.
Региондук экономикалык саясатты өндүрүүчү күчтөрдү аймактык уюштуруу жана үнөмдүү жайгаштыруу шарттарын түзүүгө багыттоо керек. Региондук башкаруу органдары жана бийликтин жергиликтүү органдары региондо жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө көмөк көрсөтүшү керек.
Региондор ар кандай экономикалык, табигый-ресурстук жана тарыхый шартта жана өзгөчөлүктөрдө, экономикалык өсүштүн ар кандай деңгээлдеринде болгондуктан, алар экономикада өзүнүн рыноктук адистештирүүсүн түзүшү керек жана экономикалык байланыштарынын негизинде башка региондор менен продукцияларын алмашып турат. Региондордун тышкы экономикалык иштерин активдештирүү максатында, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн региондору менен региондор аралык байланыштардын пайда болушу үчүн шарттарды түзүү зарыл, натыйжада жергиликтүү бийлик өзүнүн айыл чарба продукциясын сатуу үчүн артыкчылыктарды алат. Республиканын эркин экономикалык чөлкөмүндө экспортко багытталган ишти активдештирүү үчүн зарыл шарттар түзүлүшү керек.
Рыноктук экономика шартында өндүрүштү жайгаштыруунун принциптери негизги, баштапкы илимий жобону камтыйт, аларды мамлекет өзүнүн экономикалык саясатында жетекчиликке алат. Алар өндүрүүчү күчтөрдү пропорциялуу жайгаштырууга, райондор ортосунда эмгекти бөлүштүрүүнү тереңдетүүгө, алардын комплекстүү өнүгүшүнө жана рационалдуу региондор аралык байланышты орнотууга көмөктөшөт.
7.5. Экологиялык саясат
Калктын саламаттыгы жана гүлдөп өсүшү түздөн-түз айлана-чөйрөнүн сапатына көз каранды.
Калктын жашоо сапатын, саламаттыгын жакшыртуунун жана өмүрүн узартуунун негизги жолдорунун бири болуп экологиялык факторлордун жагымсыз таасирин азайтуу, айлана-чөйрөнүн экологиялык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу саналат.
Айлана-чөйрө жана саламаттык жаатындагы региондук саясатты ишке ашыруу аркылуу региондорду туруктуу өнүктүрүү, жагымдуу чөйрөнү түзүү, экологиялык системадагы деградацияны жок кылуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүнүн эсебинен жетишилет.
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты үнөмдүү пайдалануу маселелери боюнча координациялык кеңештер системасын (кеңешмелерди) түзүү, туруктуу өнүктүрүү боюнча коомдук жана илимий кеңештерди түзүү жана ишин уюштуруу, аймактарда мамлекеттик экологиялык контролдоо системасын өркүндөтүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы аткаруу бийлик органдарынын чечим кабыл алуусун маалыматтык колдоону камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган ишти сыйлоо системасын уюштуруу боюнча чаралар ишке ашырылышы керек.
Айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар, анын ичинде эң мыкты технологияларды ишке киргизүүнүн эсебинен каралашы керек. Жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттерине – жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларга, жер кыртышына, атмосферадагы абага, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө тийгизген таасирин азайтуу зарыл. Биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүктү сактоо жана калыбына келтирүү стратегиялык милдеттердин бири болуп саналат. Кыргызстандын шартында ар түрдүү тирүү жандыктардын керектүү деңгээлин кармап туруу тике кеткен бийик тоолор басымдуулук кылган шартта курч абалга дуушар болуп, алардын баары чыңалуунун чегинде турушат.
Токойлорду жана өзгөчө коргоого алынган аймактарды көбөйтүү жана сактоо, токой продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана өндүрүшкө киргизүү боюнча чаралар керек.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде энергияны жана ресурстарды үнөмдөө үчүн аларды мотивациялоо зарыл. Ошону менен оң экологиялык натыйжадан тышкары, мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөө камсыздалат. Мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин органдары жаңы энергиялык натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүшү керек. Мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдонуу үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгышы зарыл.
Экологиялык аспекттер менен катар, региондордогу калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси жалпы өлкөбүз жана региондор үчүн өзгөчө маанилүү.
7.6. Инвестициялык саясат
Экономикага салынуучу инвестициялар экономикалык өсүшкө түрткү берүүдө чоң мааниге ээ. Региондук саясаттын алкагында бүгүнкү күндө инвесторлорду тынчсыздандырган актуалдуу маселелерге көңүл буруу өтө маанилүү. Бул жергиликтүү коомчулук тарабынан коопсуздукту жана конструктивдүү жагдайды камсыз кылуу маселелери. Ушул маселени чечүүнүн катарында, тараптардын ар биринин бирдей милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин эске алган жана бекиткен инвестициялык макулдашуулардын алкагында инвесторлор менен жергиликтүү коомчулуктун натыйжалуу жана ишенимдүү өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу болушу мүмкүн.
Башка дагы маанилүү нерсе, бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан инвесторлорго уруксат берүүчү документтерди алууда, негизсиз кийлигишүүлөрдү азайтууга көмөк көрсөтүү саналат. Бийликтин жергиликтүү органдары инвестициялар үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу режимди түзүп бериши керек.
Региондордо инвестициялык климатты жакшыртууга комплекстүү мамилени ишке ашыруу максатында региондук инвестициялык программалардын/стратегиялардын болушун камсыздоо, жергиликтүү бизнес түзүмдүн катышуусу менен тийиштүү координациялоочу органды, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду илгерилетүү чөйрөсүндө маалымат жана тажрыйба менен алмашуу үчүн интерактивдүү аянтчаны түзүү зарыл.
7.7. Инфратүзүмдү өнүктүрүү
Инженердик инфратүзүм суу ресурстары, электр, газ, байланыш менен камсыздоодо жана пайдалануу процессинде түздөн-түз колдонулуучу коммуникациялар жана курулмалар системасынын жыйындысын өзүнө камтыйт.
Ирригациялык системаларды куруу жана реабилитациялоо, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугат суулары менен камсыз кылуу негизинен мамлекеттик бюджеттен жана жарым-жартылай жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каражаттарынан каржыланышы керек. Ошондуктан региондорду өнүктүрүү түйүнүнүн/баскычынын курамына кирген ар бир регионго сугат системасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк программасын иштеп чыгуу зарыл.
Суу менен камсыздоонун тышкы системасы – суу менен камсыздоо булактары, гидротехникалык курулмалар, суу түтүктөр жана канализациялык тазалоо станциялар, коллекторлор, насостук станциялар, тышкы жарык берүү жана газ менен камсыздоо системалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каражаттары менен колдоого алынат.
Региондук экономика өнүккөн транспорттук инфратүзүмсүз натыйжалуу өнүгө албайт. Жүктөрдүн жана адамдардын жүрүү мүмкүнчүлүгү региондорду өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү жана аларды байланыштыруу бөлүгү болуп саналат.
Тажрыйба көрсөткөндөй, натыйжалуу транспорттук функцияны жеке автотранспорттук-ташуучу компаниялар аткарат. Ал эми автотранспорттук-жүргүнчү жана темир жол менен ташуу кызматын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар натыйжалуу аткарышат.
Транспорттук инфратүзүм экологиялык жагдайды аныктайт, аны тиешелүү мамлекеттик контролдоочу органдар байкоого алуусу зарыл.
Жолдор транспорттук инфратүзүмдүн курамдык бөлүгү болуп саналат, аны куруу жана оңдоо ири көлөмдөгү капиталдык салымды талап кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чектелүү финансылык мүмкүнчүлүгү чоң калктуу конуштарды байланыштыруучу, стратегиялык магистралдардын салынышына катышууга мүмкүндүк бербейт. Ички жолдорду куруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинен каржыланышы керек (мэрия, айыл өкмөтү).
Өлкөнүн транспорттук коридорлорун бойлой товар жүгүртүүдө жана жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу максатында жер көчкүлөрдү, таштардын кулашын, суу ташкынын, көчкүлөрдү, селдерди болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү, ошондой эле шашылыш чара көрүү кызматын түзүү зарыл.
7.8. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу саясаты
Региондорду туруктуу өнүктүрүү өзгөчө кырдаалдарда калктын жана аймактын комплекстүү коопсуздугунан түздөн-түз көз каранды, ал тиричиликти камсыздоо системасынын нормада иштөө жөндөмүн социалдык-экономикалык, экологиялык жана демографиялык кырдаалдын стабилдүүлүгүн сактоо менен калкты коргоо максатына жетүүгө мүмкүндүк берет.
Эл аралык тажрыйбада өзгөчө кырдаалдар негизги үч параметрлер менен мүнөздөлөт: зыян келтирилиши; чыгымдардын жана жоготуулардын болушу (мисалы, өндүрүштүк кубаттуулуктун токтоп калуусунун кесепетинен); терс таасирлер (макро жана микро деңгээлдер).
Калктын коргонуу маселелерин чечүүдө, коркунучтарды жана тобокелдиктерди болжолдоонун негизинде, болжолдоо ыкмаларын жакшыртуу, кесепеттерин жоюу жана алдын алуунун комплекстүү ыкмалары керек.
Эң кооптуу коркунучтарды аныктоо жана мүмкүн боло турган жоготуулар жана зыян келтирүү болжолун иштеп чыгуу максатында (өсүү түйүндөр жана кластерлер үчүн) өнүгүү объектеринде жана аймактарында коркунучту баалоону ишке киргизүү боюнча чаралар каралышы керек
Жапа чеккендерге өз учурунда жардам көрсөтүү максатында болжолдоонун, алдын-алуунун жана эрте билдирүүнүн бирдиктүү башкаруучу системасын ишке киргизүү аркылуу башкаруу системасын өркүндөтүү, ыкчам чара көрүү кызматынын ишин өркүндөтүү, анын ичинде муниципалдык куткаруучу түзүлүштөрдү түзүү механизмдерин иштеп чыгуу керек.
8. Өз ара аракеттенүү процессинин катышуучулары
8.1. Мамлекеттик институттардын ролу
Региондордун өнүгүшүн жөнгө салуу жаатында алгачкы кадам катары кызыкдар тараптардын көп пландуулугун жана кеңири спектрин эске алуу менен Региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү сунушталууда жана анын милдети болуп региондук саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана алардын аткарылышын контролдоо болуп калат.
Регионду өнүктүрүү үчүн аймактардын социалдык-экономикалык потенциалынын өсүшүнө көмөкчү болгон, региондук демилгелерди каржылоо үчүн жооптуу, регионду өнүктүрүү фонду катары финансылык институтту түзүү талап кылынат.
Региондук мониторинг системасын түзүү талап кылынат, анын башкы милдети болуп аймактарга карата мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн ишенимдүү жана объективдүү негиздерди камсыз кылуу, артыкчылыктуу багыттар боюнча жыйнактуу чараларды өз убагында көрүү үчүн башкаруудагы региондордун келечеги боюнча кыска мөөнөттүү болжолдорду түзүү саналат.
Аталган Концепциядан улам, региондордун иштешин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны кайрадан карап чыгуу талап кылынат. Аймактарга карата негизги аспекттерди аныктоочу, текшерилген жана такталган, өз ара байланыштагы, бири-бирине карама-каршы келбеген мыйзамдык негизди даярдоо зарыл.
Концепцияны ишке ашырууда финансылык жана техникалык колдоону алуу максатында эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара көп аракеттенүү зарыл.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу элдин эркин түздөн-түз билдирген элдик бийликтин маанилүү формасы. Жергиликтүү бийлик калкка эң жакын болгондуктан ар бир адамдын кызыкчылыгын коргоп, алардын көпчүлүк көйгөйлөрүн чечет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык ролу, бир эле убакта жарандардын өзүн-өзү уюштуруу формасы болуп, өзүнүн аймагында татыктуу жашоо-турмуш шартын иштеп чыгууга жарандардын акыл-эстүү катышуусу жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдөгү алардын жоопкерчиликтүү мамилесин түзүүгө көмөктөшөт.
ЖӨБдүн башкаруучу ролу жөнүндө айтсак, мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү маселелеринин жөнгө салынбагандыгы сыяктуу мамлекеттик башкаруу системасынын көйгөйүн белгилеп кетүү керек. Жер-жерлердеги тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик бийлик системасынан жергиликтүү башкаруу органдарын чыгарып салуу региондук саясатты натыйжасыз жүргүзүүгө алып келген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын толук көз карандысыз болуу принциби объективдүү себептер боюнча (финансылык, кадрдык, административдик жана башка) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды гана эмес, жергиликтүү маанидеги маселелерди да чечүүгө кудурети жетпей калышына алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктары бөлүштүрүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо олуттуу көйгөй болуп келүүдө. Мамлекеттин ишинин натыйжалуулугу, анын башкаруу системасы бийликтин бардык деңгээлинин, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүүдөн түздөн-түз көз каранды, ошондуктан оптималдуу балансты издөө иштерин улантуу керек.
Калкка сапаттуу жана ыкчам муниципалдык жана өткөрүп берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жагынан алганда, ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө маселе актуалдуу бойдон калууда. Азыркы учурда ЖӨБ органдары өзүнүн аймагында экономикалык иштердин өсүшү үчүн шарттарды түзүүнүн ордуна, республикалык бюджеттен бюджеттик дотацияда жүргөнү пайдалуу болуп калган, бул өлкөнүн экономикасынын жалпы туруксуз абалына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну чыңдоо зарыл, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын – ЖӨБ башчыларынын жана жергиликтүү кеңештин иштери үчүн мамлекет жана коомчулук тарабынан контролдоо механизмдерисиз мүмкүн эмес.
8.3. Коомчулуктун башкарууга катышуусу
Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүн топтоо жана жергиликтүү деңгээлде жарандык коом институтун өнүктүрүү жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын канааттандыруунун кошумча ыкмалары катары жергиликтүү деңгээлде жарандык коомду өнүктүрүүгө шарттарды түзүүнү жана ар тараптан көмөк көрсөтүүнү болжолдойт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги максаты – калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана көлөмүн көбөйтүү.
Коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдарга бириккен жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланган калктын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына көзөмөл кылуусу керек. Ушуларга байланыштуу коомдук мониторингдин жана баалоонун максаттары менен милдеттерин аныктап, индикаторлорду иштеп чыгууну жана алган кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына калктын канааттануусуна системалуу түрдө талдоону жүргүзүү зарыл.
Мындай мамиле калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү иштерди жакшыртууга багытталган текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алдыңкы тажрыйбаларынын куралы болуп саналат. Ал көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатынын ар кандай аспектилерине тандалмалуу текшерүүнү жүргүзүү аркылуу толук маалымат алган жарандар менен кайра байланышууну түзүү үчүн колдонулат жана мамлекеттик ведомстволорго өз ишинин күчтүү жана чабал жактарын аныктоого мүмкүндүк берет.
Калыптануу этабындагы стратегиялык чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгы – жарандар алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отчёт берүүсүн камсыздоого негиз боло алат. Башкаруу документтеринин, анын ичинде бюджеттин долбоорлоруна көз карандысыз талдоо жүргүзүү менен көз карандысыз эксперттер жана жарандык коом тарабынан талкууланууга тийиши.
Региондордо чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусунун негизги формасы жайылтылышы керек: жергиликтүү кеңеште коомдук жана ачык угуулар; чечим кабыл алуучу атайын комиссияга коомчулуктун өкүлдөрүн жиберүү; жалпыга маалымдоо каражаттарында маанилүү маселелер боюнча, анын ичинде бюджеттик материалдарды жарыялоо жана башкалар.
Жалпысынан, булар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги кемчиликтерди жоюуга жана аныкталган көйгөйлөргө көңүл бурууга багытталган чаралардын жана реформа жүргүзүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардан тейлөөнүн сапаты жана шайкештигии жөнүндө маалымат алууну камсыз кылган кайра байланышуунун натыйжасында документтелген талдоо жүргүзүү жергиликтүү коомчулуктун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин түзөтүү үчүн ырасталган маалымат алуунун негизи жана булагы боло алат.
9. Ишке ашыруунун механизмдери
9.1. Стратегиялык пландоо
Региондорду туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн өнүктүрүүнүн стратегиясын жана программасын иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу жаатындагы башкаруу системасына өзгөртүү киргизүү зарыл. Мында бюджеттик пландоо, эгерде натыйжалуулугу каражаттардын минимумдук мүмкүн болгон көлөмүн пайдалануу менен коюлган жыйынтыктарга жетүүнү болжолдосо, башкаруунун жаңыланган системасынын негизги элементи болуп саналат.
Башкаруу процесси өз ара байланыштагы бир катар кадамдардан турат: так, даана максаттарды аныктоо, аларга жетүү үчүн аракеттердин реалдуу пландарын иштеп чыгуу, максаттарга жана арадагы натыйжаларга жетүүнү системалуу контролдоо жана өлчөө, пландалган натыйжаларды алуу үчүн зарыл болгон түзөтүү аракеттерин көрүү.
Мында башкаруу системасы максат коюучу стратегиялык документтерди, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн багытталган саясаттын негизги чараларын карашы керек. Стратегиялар жана программалар ЖӨБ органдарын, жеке бизнестин жана мамлекеттик ишканалардын, коомдук жана илимий-билим берүү уюмдарынын (ЖОЖдордун) өкүлдөрүнүн биргелешкен аракеттери менен иштелип чыгууга, пландалууга жана ишке ашырылууга тийиш.
Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп өнүктүрүүнүн максаттарын бириктирүүнү, каржылоонун көлөмүн жана булактарын, конкреттүү натыйжаларды камтыган бюджеттөө механизмдерин түзүү жана финансылык контролдоону камсыз кылуу саналат. Бюджеттик программаларды аткаруу үчүн ар кандай уюмдарды каржылоонун макулдашылган пландарын иштеп чыгуу механизмдери жайылтылышы керек. Милдеттердин – иш-чаралардын – зарыл болгон ресурстардын – бөлүнгөн каражаттардын – жетишилген натыйжалардын үзгүлтүксүз чынжырчалары камсыздалышы зарыл.
Өнүктүрүүнүн стратегияларын жана программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу, тиешелүү институционалдык, административдик жана адамдык потенциалдар талап кылынат. Мында муниципалдык институттардын функциялары, түзүмү стратегиялардын жана программалардын максаттарына жетүү боюнча көптөгөн милдеттерди чечиши керек.
Түрткү берүү механизмдерин ишке киргизүү зарыл. Адистер стратегиялардын милдеттерин чечүүгө кызыгдар болушу керек. Аларга өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле стратегиялардын жана программалардын милдеттерин чечүү боюнча натыйжалуу иштөө үчүн материалдык жана материалдык эмес өбөлгө берүүнүн ар кандай оптималдуу формаларын аныктоо зарыл.
Стратегиялардын/программалардын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында региондорду өнүктүрүүнүн стратегиясына, иш-аракеттер планына, каржылоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган процесстер жана факторлор ачылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу стратегиялык документтерге түзөтүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуучу өзгөртүүлөрү менен башкаруу системасын түзүү зарыл.
Азыркы учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгынан улам, бийлик деңгээлинин ортосундагы өз ара аракеттенүү маселеси артыкчылыктуу болууда. Мамлекеттик башкаруунун системалуулугу башкаруунун ар бир деңгээли үчүн так аныкталган функцияларын жана ыйгарым укуктарын эле эмес, ушул ыйгарым укуктарды финансылык ресурстар менен камсыздоону болжолдойт.
Региондорду өнүктүрүү саясатын жана бюджеттик саясатты түзүү процессине жарандардын катышуусу өтө маанилүү. Аймакты өнүктүрүү саясатын жана бюджеттик саясатты түзүү процессине жарандардын катышуусун камсыз кылуу үчүн өнүктүрүүнүн негизги жана максаттуу багыттарын аныктоодо жарандардын кеңири өкүлчүлүгүн жана катышуусун, ошондой эле тургандардын жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу тууралуу маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу керек.
Жыйынтыкка багытталган жана социалдык, экономикалык натыйжалуулукту камсыз кылган бюджеттөө дүйнөдө программалык негиздеги бюджет катары белгилүү. Программалык негиздеги бюджеттин чегинде финансылык ресурстар аймакты өнүктүрүү программасынын артыкчылыктарына ылайык, алдыдагы конкреттүү коомдук маанилүү максаттарга жараша жана аларды эске алуу менен бөлүштүрүлөт.
Бардык зарыл болгон атрибуттары менен бюджет түзүүнүн жаңы принциптерин ишке киргизүүнүн алгачкы этабында ЖӨБ деңгээлиндеги, ошондой эле улуттук деңгээлдеги ченемдик укуктук базага, жергиликтүү кеңештин ишинин регламентине, бюджеттик календарга, ошондой эле тиешелүү методологиялык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Тиешелүү түрдө стратегиялоо жана бюджеттөө процессинин бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрүнүн ролу жана принциптери аныкталат.
9.2. Максаттуу программалар
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында негиз түзүүчү идеянын бири салынган - инвестицияларды чаржайыт пайдалануудан аларды топтоого өтүү (улуттук долбоорлор). Бул багытты ишке ашыруу куралдарынын бири болуп максаттуу комплекстик программаларды иштеп чыгуу саналат.
Максаттуу программа - бул региондун учурдагы абалын жана көйгөйлөрү менен мүмкүнчүлүктөрүн талдоодон улам, регионду өнүктүрүү жолдорун сунуштаган документ.
Максаттуу программанын негизи болуп социалдык, өндүрүштүк, технологиялык, уюштуруучулук жана башка иштерди камтыган иш-чаралар, тапшырмалар системасы саналат. Иш-чаралар системасы программалык максаттарга жетүүгө багытталышы керек жана ресурстар, аткаруучулар жана мөөнөтү боюнча тең салмакта болууга тийиш. Программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн белгиленген иштердин ырааттуулугу, этап-этабы менен жана комплекстүү жүргүзүлгөндүгү маанилүү.
Максаттуу комплекстүү программалар улуттук долбоорлорду ишке ашырууга, максимумдук натыйжалуулугун кепилдеген финансылык каражаттарды максаттуу салууга багытталат. Улуттук долбоорлор биринчи кезекте экономиканын стратегиялык тармактарында жүзөгө ашырылышы керек.
Айыл чарбасында – сугат суунун жетишпеген проблемасын чечүү, сугат системаларын куруу жана реабилитациялоо, агроөнөр жай кластерлерин куруу, айыл чарба кооперацияларын, ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана башкалар.
Энергетикада – энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн чыңдоо жана энергетика тармагынын экспорттук потенциалын жогорулатуу, ГЭСтерди куруу, чакан энергетиканы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо.
Транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө – эл аралык транспорттук коридорлорду жана автомагистралдарды куруу жана реабилитациялоо, аба кыймылын уюштуруунун улуттук системасын модернизациялоо, темир жол инфратүзүмүн өнүктүрүү.
Билим берүү, саламаттык сактоо, балдарды коргоо, спорт тармагындагы социалдык блоктун программалары ишке ашырылат.
Ар бир аймакты өнүктүрүү үчүн региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн комплекстүү максаттуу программалары сунушталышы керек.
9.3. Аймактарды өнүктүрүүнү бизнес- моделдештирүү
Ушул Концепциянын алкагында тандап алынган шаарларды жана башка тандалган калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте стратегиялоо жана бизнес-пландоо куралдарын колдонуу сунушталууда. Мындай мамиле мурда комплекстүү колдонулган эмес, бирок ошондой болсо да, бизнесте өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.
Мамиленин маңызы өнүктүрүүнүн бизнес-моделдештирүүсүнүн айкалыштырылган куралдарын колдонууда жатат. Негизги пайдалануучуларды жана муниципалдык иштин продукттарынын керектөөчүлөрүн тандоо өтө маанилүү болуп саналат. Негизги маселелердин башка блогу продукттарды тандоого жана деталдаштырууга байланыштуу, алардын максаты болуп калктуу конуштардагы жашоочулардын күтүүлөрүн канааттандыруу саналат. Кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл инфратүзүмдөрдүн болушу жана ресурстук камсыз кылуу маселелери да милдеттүү түрдө чагылдырылат. Шаардын жана тандалган калктуу пункттардын ар бир бизнес-модели аймактын финансылык натыйжалуулук маселелерин камтыйт. Ар бир система сыяктуу эле, шаарлардын модели уюштуруу түзүмдөрүн жана негизги бизнес-процесстеринин түзүмдөрүн чагылдырат.
Процесстин башталышында салттуу стратегиялык тартиби (сереби, максаты, баалуулугу, багыттары) түзүлүүгө тийиш. Тандалып алынган шаарлардын жана айылдардын стратегиялык тартибинин жана бизнес-моделинин негизинде финансылык моделин, шаарлардын маркетингдик моделин, аракеттердин деталдаштырылган планын, тобокелдиктерди баалоо системасын камтыган деталдуу бизнес – планы даярдалышы керек. Тандалып алынган өнүктүрүү моделине жараша шаарлардын кыска жана орто мөөнөттүк бюджеттери милдеттүү элемент катары каралат.
Концепциянын алкагында тандалып алынган региондук өнүктүрүүнүн түйүндөрү үчүн 20 бизнес-план иштелип чыгат.
9.4. Концепцияны ишке ашыруунун тобокелдиктери
жана коркунучтары
Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүдөй тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолушу мүмкүн:
- экономиканын өсүү темпинин төмөндөшү;
- инвестициялык активдүүлүктүн деңгээлинин төмөндөшү;
- энергия алып жүрүүчүлөргө жана транспорттук ташууларга, күнүмдүк керектелүүчү товарларга баанын өзгөрүшү;
- коңшу мамлекеттердин экономикалык кризистери;
- милдеттердин ишке ашырылышына техникалык жана ченемдик-укуктук колдоонун жетишсиздиги;
- колдогу финансы ресурстарынын жетишсиздиги;
- региондук түзүмдөрдө иштегендердин квалификациясы жана компетенттүүлүгү төмөн.
Региондук кластерлердин өзөгүн түзө турган тармактарды тандоо өнөр жайды өнүктүрүүнүн өзгөчө региондук шарттары менен чектелген. Региондук кластерлерди өнүктүрүү процессинде тобокелдиктерди башкаруунун ыкмаларын аныктоо керек.
9.5. Мыйзамдык демилгелер
Ушул Концепциянын жоболорунан улам, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү максатка ылайыктуу болот.
Аталган мыйзамдар менен катар региондорду өз алдынча өнүктүрүүгө өбөлгө берүү, инвестицияларды тартуу жана калктын ишкердик активдүүлүгүн жогорулатуу, жалпы мамлекеттик салыктарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосуна кайрадан бөлүштүрүү, региондорго субвенцияларды, дотацияларды жана субсидияларды берүү, региондорго карата мультипликативдүү таасирге ээ болгон ири инвестициялык долбоорлорду каржылоо тартиби жана булагы өбөлгө берүү программаларына камтылууга тийиш, ошондой эле “көйгөйлүү”, колдоо саясатына муктаж болгон негизги шаарларды жана аймактарды тандоо тартиби жана механизмдери боюнча жаңы мамилелерди түзүүчү башка ченемдик укуктук актыларды демилгелөө зарыл. Бардык мыйзамдык демилгелерди жана ченемдик укуктук документтерди даярдоо региондук саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу бирдиктүү органдын базасында жана Улуттук кеңеш тарабынан аныкталган жана бекитилген методдордун алкагында ишке ашырылышы керек.
9.6. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында региондук социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторинг системасы иштелип чыгат. Өнүгүү программалары Концепцияны ишке ашыруунун негизги куралы болуп калат.
Мониторингдин жүрүшүндө жетишилген ийгиликтер бааланат жана ресурстарды оптималдуу пайдалануу жана кийинки кадамдар үчүн альтернативалуу мүмкүнчүлүктөрдү тандоо боюнча саясий чечимдер кабыл алынат.
Кыскартуулардын тизмеси:
ЕАЭБ - Евразия экономикалык бирлиги
МЖӨ - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
ИДП - Ички дүң продукт
ЖӨБ - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
ГЭС - Гидроэлектрстанциялары
Кластер - (М.Портердин аныктамасы боюнча) - бул продукциянын бир түрүн жеткирүүгө адистешкен, чектеш тармактарда иштеген уюмдарды, компанияларды тейлеген жана өнөр жайдын конкреттүү тармактарында аларга байланыштуу институттардын (мисалы, агенттиктердин жана соода бирикмелеринин стандарттарын белгилеген университеттер), өз ара атаандашкан, бирок андан тышкары кызматташкан, өз ара байланышкан ишканалардын, компаниялардын географиялык топтолушу.
Кластердик мамиле - кластерлерди түзүү аркылуу аймактарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу багыты.