Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-апрели № 210
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Мектеп-интернат куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы 13-8/100 буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын аймагында жайгашкан (535-контурда) мамлекеттик менчикте турган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 2,0 га аянтындагы кайрак айдоо жер участогу мектеп-интернат куруу учун "'Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасын төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар куруу докуменггерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |