Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 84
"Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмѳктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна ѳзгөртүүлѳрдү ккргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдьн долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
"Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна (Эркин-Тоо гезити, 2015-жылдын 21-августу, № 80) тѳмөнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1. 2-беренесинин 6-нункту тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
"6) иш менен камсыз кылууга кѳмѳктѳшүүнун активдүү чаралары - Кыргыз Республикасьньн Ѳкмѳтү бекиткен тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жумушсуз жана жумуш издеген калктын арасьнда ишке ашырьлуучу Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик колдоо чаралары;".
2. 6-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пункту "мыйзамдарына ылайык" деген сѳздѳрдѳн кийин "курагы боюнча" деген сѳздѳр менен толукталсьн.
3. 8-беренесинин 1-бѳлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү тастыктаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмѳ берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылуунун алдында акыркы 3 жьлдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жаранга жумушсуздук боюнча жѳлѳкпул төлѳнѳт.".
4. 10-беренеси тѳмѳнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсьн:
"5. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган аялдар кош бойлуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жѳлѳкпул алууга укуктуу.".
5. 16-беренеслнин 9-бѳлүгүнүн экинчи абзацы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсьн:
"Акы тѳлѳнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуздарга эмгек акы тѳлѳѳнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабьнан белгиленет.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн ѳткөндөн кийин күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү үч айлык мѳѳнѳттѳ өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти