Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 88
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын балансындагы мамлекеттик менчик объекттерин Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чуй районундагы Искра айыл ѳкмѳтүнүн жана Сокулук районундагы Крупская атындагы айыл өкмѳтүнүн муниципалдык менчигине ѳткөрүп берүү жѳнүндѳ
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын балансындагы объекттерди белгиленген тартипте тѳмѳнкүлѳргѳ ѳткѳрүп берсин:
- Токмок станциясынын Балласт карьеринде жайгашкан насостук станцияны - Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Чуй районундагы Искра айыл ѳкмѳтяүнүн муниципалдык менчигине;
- 3751 км жол айрылышында жайгашкан насостук станцияны -Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районундагы Крупская атындагы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине.
2. Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Чуй районундагы Искра айыл ѳкмѳтүнѳ жана Сокулук районундагы Крупская атындагы айыл ѳкмѳтүнѳ белгиленген тартипте төмѳнкүлѳр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- аталган объекттердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды ээликтен ажыратпастан жана менчиктештирбестен максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
- жогоруда аталган объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлѳѳнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерге мекчик укугун белгиленген тартипте каттасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктѳлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыялааган күндѳн тартьп он күн ѳткөндѳн кийин күчүнѳ кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |