Редакцияот 17.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-марты № 169

Кыймылсыз мүлктөрдү (8 батирди) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Бишкек шаары, Москва көчөсү 191 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөгү төмөнкү 8 (сегиз) батирден турган кыймылсыз мүлктү Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине андан ары арналышы боюнча гана пайдаланууга өткөрүп берсин:

- 137-батир, аянты 113,4 кв.м., идентификациялык коду:1-01-13-0013-0628-01-137;

- 149-батир, аянты 112,3 кв.м., идентификациялык коду: 1-01-13-0013-0628-01-149;

- 141-батир, аянты 112,3 кв.м., идентификациялык коду: 1-01-13-0013-0628-01-141;

- 153-батир, аянты 111,4 кв.м., идентификациялык коду: 1-01-13-0013-0628-01-153;

- 161-батир, аянты 114,5 кв.м., идентификациялык коду: 1-01-13-0013-0628-01-161;

- 165-батир, аянты 114,6 кв.м, идентификациялык коду: 1-01-13-0013-0628-01-165;

- 145-батир, аянты 111,7 кв.м., идентификациялык коду:1-01-13-0013-0628-01-145;

- 157-батир, аянты 113,8 кв.м., идентификациялык коду: 1-01-13-0013-0628-01-157.

2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- аталган объекттердин сакталышын камсыз кылуу жана аларды максаттуу арналышы боюнча пайдалануу;

- жогоруда аталган объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектилерди мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков