Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 421 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-апрели № 214
Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, калыбына келтирүү, алардын санын сактоо жана көбөйтүү максатында, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү аймактарына аркар-кулжаны, тоо эчкисин, эликти, каманды жана уларды атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү:
- Талас жана Жалал-Абад облустарында, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Жайыл жана Кемин райондорунда - 2017-жылдын 1-июлунан тартып 2020-жылдын 1-июлуна чейин;
- Ош жана Баткен облустарында, Чүй облусунун Чүй, Ысык-Ата, Москва жана Панфилов райондорунда - 2020-жылдын 1-июлунан тартып 2023-жылдын 1-июлуна чейин;
- Ысык-Көл жана Нарын облустарында - 2023-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө калкты маалымдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |