Редакцияот 21.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 24-апрели № 239

Дем алыш күнүн которуу жөнүндө

2017-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 13-майындагы жумуш эмес күнү 2017-жылдын 8-майындагы жумуш күнүнө которулсун.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков