Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген |
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо тутумуна принциптерди, талаптарды белгилейт жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негизделет.
1. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
адекваттуу финансылык башкаруу жана контролдоо - бюджеттик мекемелердин тобокелчиликтери натыйжалуу башкарылып, бюджеттик мекемелердин максаттары жана милдеттери натыйжалуу, үнөмдүү ыкма менен жетишилерине жөндүү кепилдикти берген процесстерди пландоо жана уюштуруу;
аудитордук иликтөө - толук документтөөнү жана суммаланган деталдардан айрым деталдарга чейинки операцияларды изилдөө мүмкүнчүлүгү менен операцияларды жүргүзүүнүн бардык этаптарын аныктоону камсыздаган жазууларды жүргүзүү;
мамлекеттик каражаттар - бюджеттик каражат бөлүүлөрдү, атайын каражаттарды, насыяларды, чыгашаларды жана субсидияларды кошуу менен бюджеттик мекемелер тарабынан чогултулган, алынган, эсепке алынган, бөлүнгөн жана пайдаланылган бардык каражаттар;
тийиштүү финансылык башкаруу - үнөмдүүлүк, натыйжалуулук жана майнаптуулук принциптерине ылайык мамлекеттик каражаттарды башкаруу;
жөндүү кепилдик - бул чыгымдарды, пайдаларды жана тобокелчиликтерди эсепке алуу менен кандайдыр бир маселеде ишенимдүүлүктүн канааттандыраарлык деңгээли;
натыйжалуулук - иштин максаттарына жетүү деңгээли, башкача айтканда пландалган жана иш жүзүндөгү максаттардын ортосундагы шайкештик;
тобокелчилик - бюджеттик мекемелердин максаттарына жетишүүсүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон кандайдыр бир окуянын болуу мүмкүндүгү. Тобокелчилик окуянын кесепеттерин жана болуу ыктымалдыгын баалоо аркылуу өлчөнөт;
үнөмдүүлүк - каралган иштин натыйжалуулугуна жетишүү үчүн пайдаланылган ресурстардын чыгымдарын минималдаштыруу, мындай натыйжалардын тийиштүү сапатын кепилдөөнү кошкондо;
майнаптуулук - салымга карата иштин натыйжаларын максималдаштыруу.
2. Финансылык башкаруу жана контролдоо бюджеттик мекемелердин ишине киргизилген, бардыгын кучагына алган, алардын жетекчилери жана кызматчылары ишке ашыруучу процессти билдирет.
3. Финансылык башкаруу жана контролдоо мекемелердин алдында турган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө жөндүү кепилдиктерди берүү максатында бюджеттик мекемелер тарабынан иштелип чыккан эрежелер, жол-жоболор жана иш-чаралардын тутуму аркылуу төмөндөгү жолдор менен ишке ашырылат:
- мыйзамдарды, ички актыларды сактоо;
- финансылык жана операциялык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү;
- операциялардын натыйжалуулугу жана майнаптуулугу;
- финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча активдерди жана маалыматтарды сактоо.
4. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери мамлекеттик каражаттарды мыйзамдуу, үнөмдүү, майнаптуу жана натыйжалуу жол менен башкарууга тийиш жана бюджеттик мекемелердин максаттарына жетүүсү үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Башкаруучулук отчеттуулук ички контролдоо тутумун талдоонун жыйынтыктарынын жана ишенимдүү маалыматтарынын негизинде түзүлгөн тийиштүү финансылык башкаруу талаптарын сактоо жөнүндө маалыматты төмөнкү деңгээлдеги бюджеттик мекемелердин жетекчисинин жогору турган органдарга тапшыруу милдетин билдирет.
6. Башкаруучулук жоопкерчилик мамлекеттик каражаттарды тескөөдө жана алар менен байланыштуу бардык башка ишти ишке ашырууда тийиштүү финансылык башкаруу жана мыйзамдуулук принциптерин сактоо жана колдонууда бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин билдирет.
7. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери мыйзамдуулук, тийиштүү финансылык башкаруу жана ачык-айкындуулук принциптерине негизделүү менен адекваттуу финансылык башкарууну жана контролдоону уюштурат жана ишке ашырат.
8. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери төмөндөгүлөргө жооптуу:
- алар жетектеген бюджеттик мекемелердин максатын аныктоо, коюлган максаттарга жетишүү үчүн стратегиялык пландарды, иш пландарын жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бюджеттик мекемелердин максатына жетишүүсүнө коркунуч туудурган тобокелчиликтерди аныктоо, баалоо жана башкаруу;
- бюджеттик мекемелердин максатына жетүүсү үчүн мамлекеттик каражаттарды пландоо, башкаруу жана эсепке алуу;
- мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулук, тийиштүү финансылык башкаруу жана ачык-айкындуулук принциптерин сактоо;
- персоналды натыйжалуу башкаруу жана анын компетенттүүлүк деңгээлин колдоо;
- активдерди жана финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча маалыматты коргоо, жоготуудан, санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн жана кыянаттыктан сактоо;
- өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн тиешелүү уюштуруу түзүмүн түзүү;
- бардык финансылык операцияларды толук, туура, так жана ыкчам эсепке алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудиттин иштөөсүн камсыздоо;
- финансылык башкаруу жана контролдоо тутумуна мониторинг жүргүзүү жана жаңылоо, ички аудиттин сунуштамасынын негизинде финансылык башкаруу жана контролдоо тутумун жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
- бардык операциялык процесстерди документтештирүү жана бюджеттик мекемелердин ички процесстерин иликтөөнү камсыздоо;
- коррупцияга каршы жол-жоболорду жүргүзүү;
- отчеттуулукту жана финансылык башкаруу жана контролдоо тутумунун абалын документтик чагылдырууну камсыздоо.
9. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана мамлекеттик башка органдар финансылык башкаруу жана контролдоо тутумунун иштеши, адекваттуулугу, натыйжалуулугу жана майнаптуулугу жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту тапшырышат.
10. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана мамлекеттик башка органдар тапшыруучу финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчеттун мөөнөтү жана формасы Финансы министрлиги тарабынан бекитилет.
Жыл сайын, отчеттук жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Финансы министрлиги тарабынан жылдык отчетту тапшыруу мөөнөтүнүн графиги түзүлөт жана министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго жана мамлекеттик башка органдарга жеткирилет.
11. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери финансылык башкарууну жана контролдоону төмөнкү өз ара байланышкан компоненттер аркылуу ишке ашырышат:
- контролдук чөйрө;
- тобокелчиликтерди башкаруу;
- контролдук иш-чаралар;
- маалымат жана коммуникация;
- мониторинг.
12. Контролдук чөйрө өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин жана персоналынын кесиптик этикасын;
- бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин башкаруучулук стилин;
- милдеттерди бөлүштүрүүнү камсыздоочу уюштуруу түзүмүн, иерархияны жана так эрежелерди, укуктарды, милдеттенмелерди жана отчеттуулук деңгээлдерин;
- персоналды башкаруу эрежелерин жана практикасын;
- персоналдын компетенттүүлүгүн.
13. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери тобокелчиликтерди башкарууну ишке ашырат, ал өзүнө бюджеттик мекемелердин максаттарга жетишүүсүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон потенциалдуу окуяларды же кырдаалдарды аныктоону, баалоону жана контролдоону камтыйт жана максаттарга жетүүнүн жөндүү кепилдигин берүүгө багытталат.
14. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери тобокелчиликтерди башкаруунун программасын түзүшөт жана бекитишет, ал ар бир үч жылда жаңыланат.
15. Тобокелчиликтерди азайтууга багытталган контролдук чаралар жыл сайын талданууга тийиш.
16. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери тобокелчиликтерди башкаруу процессинде аныкталган тобокелчиликтердин чектелгендигинин жөндүү кепилдиктерин алгылыктуу чектерде берүү үчүн түзүлгөн жазуу жүзүндөгү эрежелерди жана жол-жоболорду кошкондо, контролдук иш-чараларды аныктайт жана ишке ашырат.
17. Контролдук иш-чаралар адекваттуу болууга тийиш жана аларды ишке ашырууга кеткен чыгымдар күтүлүүчү пайдадан ашпоого жана финансылык операциялардын тобокелчилигинин мүнөзүнө шайкеш келүүгө тийиш.
18. Контролдук иш-чаралар төмөнкү формаларда көрсөтүлөт:
- катачылыктарды, маанилүү бурмалоолорду, ошондой эле натыйжасыз же шайкеш эмес ишти алдын алуу максатында ички контролдоо жол-жоболору аркылуу операция башталганга чейин ишке ашырылуучу алдын ала контролдоо;
- катачылыктарды же маанилүү бурмалоолорду аныктоо жана болтурбоо үчүн операция учурунда ишке ашырылуучу учурдагы контролдоо;
- операция аяктагандан кийин ишке ашырылуучу андан кийинки контролдоо.
19. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери контролдук иш-чараларды түзөт жана ишке ашырат, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- уруксаттарды берүү жана жактыруу жол-жоболорун;
- отчетту бекитүүгө, аткарууга, берүүгө жана контролдоого бир эле кызматчы бир эле учурда жооп бербегендей кылып милдеттерди бөлүштүрүүнү;
- эки кол коюу системасын, мында бюджеттик мекеменин жетекчисинин жана башкы бухгалтердин же бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү башка адамдын кол коюусуз эч кандай финансылык милдеттенме кабыл алынбайт, эч кандай төлөм жүргүзүлбөйт;
- активдерге жана финансылык башкаруу, контролдоо боюнча маалыматка жеткиликтүүлүк эрежелерин;
- бардык финансылык операциялардын толук, ишенимдүү, так жана аны өз убагында эсепке алуу жол-жоболорун;
- операциялардын майнаптуулугу жана натыйжалуулугу тууралуу отчетторду текшерүүнү жана берүүнү;
- финансылык башкарууга жана контролдоого мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун;
- персоналды башкаруу жол-жоболорун;
- бюджеттик мекемелердин иши менен байланышкан бардык операцияларды жана иш-аракеттерди документтештирүү эрежелерин.
20. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери ишенимдүү маалыматтык жана коммуникациялык тутумдардын иштешин камсыз кылат, алар төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- конкреттүү кызмат адамына өзүнө белгилүү бир жоопкерчиликти алуусуна мүмкүндүк берүүчү ишенимдүү жана так маалыматты тийиштүү формада жана мөөнөттө идентификациялоону, жыйноону жана жайылтууну;
- бюджеттик мекемелердин бардык иерархиялык деңгээлдеринде горизонталдуу да, вертикалдуу да натыйжалуу коммуникацияны;
- персоналды, бөлүнүштөрдү алардын финансылык башкарууга жана контролдоого карата ролу, милдеттери, жоопкерчиликтери тууралуу тийиштүү нускамалар жана колдонмолор менен камсыздоого багытталган бюджеттик мекемени башкаруу үчүн тийиштүү маалыматтык тутумду түзүүнү жана өнүктүрүүнү;
- документтерди даярдоо, аткаруу, жүгүртүү, колдонуу жана архивдештирүү эрежелерин камтыган документтештирүү жана документ жүгүртүү тутумун колдонуу;
- иликтөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн адекваттуу аудитордук иликтөөнү камсыздоо үчүн иштин бардык процесстерин жана операцияларын документтештирүү;
- отчетторду даярдоо деңгээлдерин жана мөөнөттөрүн; жетекчиликке берилүүчү отчеттордун түрлөрүн, каталар, бузуулар, кыянат кылуулар, алдамчылык жана максатсыз пайдалануулар аныкталган учурдагы - отчеттуулук формаларын кошкондо отчеттуулуктун натыйжалуу, өз убагындагы жана ишенимдүү тутумун түзүү.
21. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери финансылык башкарууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо тутумун шарттар өзгөрүлгөн учурда анын иштешинин адекваттуулугун баалоо жана башкаруу тутумунун өз убагында жаңыланышын камсыз кылуу үчүн иштеп чыгышат.
22. Бюджеттик мекемелердеги мониторинг учурдагы мониторинг, жетекчинин өзүнө баа берүүсү жана ички аудиттер аркылуу ишке ашырылат.
23. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери финансылык башкаруу жана контролдоо компоненттерин түзүүнү, өнүктүрүүнү жана анын иштешин бюджеттик мекемелердин өзгөчөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыздайт.
24. Финансы министрлиги финансылык башкарууну жана ички контролдоону шайкештөө жана координациялоо максатында төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- ички контролдоонун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
- финансылык башкаруу жана контролдоо чөйрөсүндөгү бюджеттик мекемелердин адистерин кайра даярдоону координациялоону жана уюштурууну;
- бюджеттик мекемелерден алынган маалыматтардын жана ички аудиттин отчетторунун негизинде бюджеттик мекемелердеги финансылык башкарууга жана контролдоого мониторинг жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кийинки отчеттук жылдын 1-майынан кечиктирбестен бюджеттик мекемелердеги финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту берет.
25. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери Финансы министрлигине финансылык башкарууга жана контролдоого мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды берүүгө милдеттүү.