КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 243
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 476 "5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 476 "5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер министр | С.Жээнбеков |