КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 244
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |