Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-июнундагы № 444
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 246
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык
жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163,
176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке
ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Бажы союзунун Бажы кодексинин 304-беренесине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 148-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктунун экинчи абзацындагы "2017-жылдын 1-майына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |