КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 260
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы "жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- автотранспорт отунун чыгымдоо төмөнкүдөн ашпоого тийиш:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасына жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына бекитип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литрден;
калктуу конуштары алыс жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына бекитип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 550 литрден;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 840 литрден;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратына бекитип берилген нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 480 литрден;
мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитип берилген кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга бекитип берилген нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 240 литрден;";
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;";
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
аталышы "Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды" деген сөздөргө чейин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарын," деген сөздөр менен толукталсын;
таблицадагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары", "Облустук мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан кошумча чыгымдарды жабууга каражаттарды белгиленген тартипте издеп тапсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |