Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 259
“Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 172 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 172 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |