Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 289
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежеде:
13-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Монополияга каршы органдын чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жөнүндө материалды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алган чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган административдик (сотко чейинки) тартипте кызыгдар тараптар даттанышы мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |