Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 282
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Бажы союзунун Бажы кодексинин 304-беренесине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 148-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускамада:
- 170-пункттун төртүнчү абзацынын үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- 170-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайларында акыркы беш календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматтарды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген режимдеги видеобайкоолордун болушу. Чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөр болгон шаарларда акыркы отуз календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматтарды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген режимдеги видеобайкоолордун болушу.";
- 178-пункту "АКШ долларында жана/же евро менен" деген сөздөрдөн кийин "жана башка чет элдик валютада" деген сөздөр менен толукталсын;
- 179-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"179. Товардын сатылган фактысын ырастоочу документ болуп фискалдык эс тутуму жана фискалдык маалыматтарды онлайн режиминде кагаз тасмасында берүү функциясы бар эсептешүү операциясын жүргүзүүдө накталай акча менен эсептешүүнү жана/же төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүнүн катталышын ырастаган контролдук-кассалык машинада басылган контролдук-кассалык чек (кассалык чек) эсептелет.
Кассалык чекте чек арадан авиакаттам менен өткөн аламдын аты-жөнү, атасынын аты (чет өлкөлүк паспорт көрсөтүлгөн учурда атасынын аты көрсөтүлбөйт), ошондой эле рейсинин номери көрсөтүлөт, же чек арадан автожол транспорту менен өткөн адамдар үчүн чет жакка чыгып жаткан сатып алуучунун паспортунун номери көрсөтүлөт.
Кассалык чек сатып алуучуга берилет, ал эми сатып алуучу жана сатылган товар жөнүндө маалыматтар алымсыз соода дүкөндөрүндө сакталууга тиешелүү болгон сатылгандарды эсепке алуу журналына киргизилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |