Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 276
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн келишимдердин, актылардын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболоруна шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускамада:
- 28-пунктунун алтынчы абзацындагы "бажы союзунун" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36-пунктундагы "бажы режимине" деген сөздөр "бажы жол-жобосуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 162, 174, 175-пункттарындагы жана 171-пунктунун экинчи абзацындагы "Бажы союзунун" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 163-пунктундагы "Бажы союзунун аймагынан" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
- 16-пунктундагы "2007-жылдын 10-октябрындагы № 459" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын 1-февралындагы № 43" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Атайын бажы жол-жобосуна жайгаштыруу максаттары үчүн ушул" деген сөздөр "Ушул" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 89-пунктунун алтынчы абзацындагы "жүз миң" деген сөздөр "бир миллион" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |