Сравнение редакций…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 750, 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызжылуулукэнерго") Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп саналат.
2. Кыргызжылуулукэнерго өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик-укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Кыргызжылуулукэнергонун бирдиктүү системасын анын борбордук аппараты, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү түзөт.
4. Кыргызжылуулукэнергонун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызтеплоэнерго" при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики".
5. Кыргызжылуулукэнергонун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызжылуулукэнерго" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызтеплоэнерго".
6. Кыргызжылуулукэнергонун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч., 88.
7. Кыргызжылуулукэнергонун ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2. Укуктук жоболору
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызжылуулукэнергонун уюштуруучусу болуп саналат. Кыргызжылуулукэнерго тейлөөчү мамлекеттик органдын түздөн-түз баш ийүүсүндө турат.
9. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргызжылуулукэнергонун ишин тейлөөчү, жалпы жетекчилик кылуучу жана координациялоочу мамлекеттик орган болуп саналат.
10. Кыргызжылуулукэнерго өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча өзүнчө мүлкү бар жана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкана болуп саналат.
11. Кыргызжылуулукэнерго юридикалык жак болуп саналат, финансылык-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
12. Кыргызжылуулукэнергонун мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
13. Кыргызжылуулукэнергонун ишинин негизги түрлөрү болуп жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө сатуу, электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 750 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргызжылуулукэнерго өзүнүн башкаруу формасын аныктоодо, зарыл болгон түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырууда, чарбалык чечимдерди кабыл алууда, эмгек акы төлөө (эмгек акынын өлчөмүн жана системасын аныктоо) жана жумушчуларды материалдык жактан стимулдоо маселелеринде толук чарбалык өз алдынчалыкка ээ.
15. Кыргызжылуулукэнерго сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыга алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык укуктук ченемдерде каралган ыкмалар аркылуу өз укуктары менен кызыкчылыктарын коргой алат.
16. Кыргызжылуулукэнерго мамлекеттин милдеттери боюнча жооп бербейт, ушул сыяктуу эле мамлекет Кыргызжылуулукэнергонун милдеттери боюнча мыйзамдарда каралган айрым учурларды эске албаганда, жооп бербейт.
17. Кыргызжылуулукэнерго мыйзамдарга ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарды сатып алууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза чарасы колдонулуусу мүмкүн болгон өзүнө таандык мүлктүн чегинде өзүнүн милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
18. Кыргызжылуулукэнерго уставдык максаттарын иш жүзүнө ашыруу үчүн тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча түзүлүшү жана ачылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлө турган филиалдарды түзө алат жана өкүлчүлүктөрдү ача алат. Филиалдарды түзүү жана өкүлчүлүктөрдү ачуу жөнүндө чечимди Кыргызжылуулукэнергонун башкы директору кабыл алат.
19. Кыргызжылуулукэнерго өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде өзүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү аркылуу жүзөгө ашырат.
20. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр юридикалык жак болуп саналбайт жана алар жөнүндө Кыргызжылуулукэнерго тарабынан бекитилген жоболорго ылайык иш алып барышат. Кыргызжылуулукэнерго жана филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн ортосундагы өз ара мамилелер административдик баш ийүүнүн негизинде түзүлөт.
21. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин Кыргызжылуулукэнергонун башкы директору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу эмгек мыйзамдарына ылайык иш -жүзүнө ашырылат.
22. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери ыйгарым укуктарга ээ болуу менен Кыргызжылуулукэнергонун башкы директору берген ишеним каттын негизинде иш алып барышат, ошондой берилген маалыматтын толуктугуна, ырастыгына жана туура болушуна, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн финансылык, чарбалык ишинин натыйжалуулугуна жеке жооптуу болушат. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери менен түзүлгөн эмгек келишими аяктаган учурда ишеним кат жокко чыгарылышы керек.
23. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штамптарга, бланктарга, финансылык-кредиттик мекемелердеги алыш-бериш жана башка эсептерге ээ. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр өз алдынча баланска бөлүнүп чыгарылат, алар Кыргызжылуулукэнергонун балансынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Филиалдарга жана өкүлчүлүктөргө, аларды түзгөн юридикалык жак тарабынан зарыл болгон мүлк бөлүнүп берилет.
24. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр өзүнүн ишин Кыргызжылуулукэнергонун атынан жүргүзүшөт, Кыргызжылуулукэнерго алардын иш тартибин аныктайт жана аларга жооптуу болот. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн укуктук иш-аракеттери Кыргызжылуулукэнерго үчүн укуктарды жана милдеттерди жаратат.
25. Кыргызжылуулукэнергонун курамына төмөнкүлөр кирет:
- "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы" филиалы, Кара-Балта шаары, өнөр-жай зонасы;
- "Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Токмок шаары, Шамси көч., 59а;
- "Караколдогу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Каракол шаары, Люксембург көч., 66;
- "Беловодскоедеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы" филиалы, Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылы, Ломоносов көч., 1а;
- "Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы" филиалы, Орловка шаары, Кирпичная көч., 25;
- "Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалы, Нарын шаары, Чаначев көч., 22;
- "Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалы, Жалал-Абад шаары, Сузак көч., 26;
- "Канттагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Кант шаары, Токтогул көч., 60;
- "Караколдогу "Жылуулук" ишканасы" филиалы, Каракол шаары. Фучик көч., 24а;
- "Чолпон-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Чолпон-Ата шаары, 3-кичи району, н/ж;
- "Бостеридеги жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылы, Бостери көч., 18;
- "Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Балыкчы шаары, Озерный көч., 212;
- "Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы" филиалы, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылы, Ленин көч.,101;
- "Таластагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Талас шаары, Почтовая көч., 4а;
- "Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалы, Ош шаары, Голубев көч., 3;
- "Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Майлуу-Суу шаары, Верхняя көч., 2;
- "Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Таш-Көмүр шаары, Чыныбаев көч., 111;
- "Кочкор-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Кочкор-Ата шаары, Пионер көч., 32;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "Кетмен-Төбөдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө шаарчасынын Шамшыкал көч., н-ж;
- "Транспорттук участок" филиалы, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылы, Набережная көч" 18;
- "Миң-Куштагы тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалы, Миң-Куш айылы, 17-площадка көч.;

- "Чүйдөгү адистештирилген көчмө механикалык колонна" филиалы, Бишкек шаары, Багыжский чолок көч., 78;
- "Республикалык адистештирилген комбинат" филиалы, Бишкек шаары, Фучик көч., 7а;
- "Чүйдөгү "Кристалл" ишканасы" филиалы, Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылынын, Ибраимов көч., 86.

26. Ушул Устав аркылуу жөнгө салынбай калган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3. Негизги максаттары жана милдеттери
27. Кыргызжылуулукэнергонун ишинин негизги максаттары болуп жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жылуулук жана суу менен камсыздоо жаатындагы стратегиялык демилгелерин илгерилетүү жана аткаруу саналат.
28. Кыргызжылуулукэнергонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- керектөөчүлөрдү жылуулук, электр энергиясы, ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо;
- откана жабдууларынын талаптагыдай абалын жана коопсуздугун, жылуулук тармактарын жана объектилерин белгиленген стандарттарга жана эрежелерге ылайык камсыздоо, өз убагында жана сапаттуу оңдоо иштерин жүргүзүү, техникалык жактан кайра жабдуу жана объекттерди реконструкциялоо;
- откана жабдууларынын энергияны үнөмдөөчү режимде иштөөсүн уюштуруу, жылуулук энергиясын түзүлгөн келишимдерге ылайык режимде берүүнү камсыз кылуу;
- жылуулук, электр жана суу менен жабдуу тармагындагы бирдиктүү техникалык, экономикалык жана ченемдик-укуктук саясатты иш жүзүнө ашырууга катышуу;
- республиканын экономикасы үчүн маанилүү стратегиялык маанидеги мамлекеттик программаларды иш жүзүнө ашырууга катышуу;
- техникалык өнүгүүгө жана жылуулук энергиясынын керектөөчүлөрүн тейлөө сапатын жакшыртууга багытталган чараларды көрүү;
- жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттеринин ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана экологиялуулугун камсыздоочу жаңы техника менен технологияларды өздөштүрүү;
- жылуулук, электр жана суу менен жабдуу тармактары менен булактарын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
- республиканын экономика тармактарынын жана калкынын жылуулук, электр жана суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын чыгымдарды азыраак кетирүү менен канааттандыруу.
4. Негизги функциялары
29. Кыргызжылуулукэнерго өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат;
- чарба жүргүзүү укугундагы бардык объекттер, курулмалар жана коммуникациялары менен от казандардын жана отканалардын жабдууларынын ишин камсыздайт;
- откананы жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык тейлөөнү, оңдоону, техникалык эксплуатациялоону жана өнүктүрүүнү камсыздайт;
- жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, от казандар менен откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоочу-калыбына келтирүүчү иштерди аткарат;
- откана чарбасы жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жылуулук, электр жана суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
- бир түзүлүштүн - когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына кайра айландырат (когенерация);
- жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
- ишканаларды жана уюмдарды жаңы технологиялар жана стандарттык эмес жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өркүндөтөт;
- зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) камдайт;
- жылуулук, электр энергиясы менен ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
- отунду, сарпталуучу материалдарды, отказандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле күйүүчү отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
- бухгалтердик эсеп жана отчёттукту жүргүзүү, аталган маселелер боюнча белгиленген тартипте сунуштарды даярдоо боюнча методикалык жетекчиликти жүргүзөт;
- жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин иштетүүнүн заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун азыркы формаларын, отканаларды отундун альтернативалуу түрүнө которууну ишке киргизет;
- негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын бардык объекттери жана инженердик курулмалары менен бирге отказандардын, откана жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
- негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча оперативдүү ишти уюштурат;
- жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгек жана коопсуздук техникасын сактоого даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- радиоактивдүү заттарды (товарларды, мүлктөрдү жана транспорт каражаттарын) ташуу, көмүү, утилизациялоо жана дезактивациялоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
- жылуулук, электр жана суу менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөрдөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгат жана иш жүзүнө ашырат.
5. Укуктары жана милдеттери
30. Кыргызжылуулукэнерго өз функцияларын иш жүзүнө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлк жана автотранспорттук каражаттарды сатып алууга;
- жараксыз болуп калган жабдуулар менен башка мүлктөрдү мыйзамга ылайык баланстан чыгарууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан Кыргызжылуулукэнергонун ишине таандык маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
- белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргызжылуулукэнергонун кызматкерлерин окутуу, консультациялоо үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
- Кыргызжылуулукэнергонун кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө жөнөтүүгө;
- жарандарды эмгек келишимдеринин жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштерди аткаруу үчүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык дем алыш жана иштебей турган майрам күндөрүн, ошондой эле эмгек өргүүлөрүн берүүнүн тартибин белгилөөгө;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишин жүргүзүүгө жана өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;
- тейлөөчү мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциация (союз) формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналган бирикмелерге катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды түзүүгө жана өкүлчүлүктөрдү ачууга;
- белгиленген тартипте ведомстволук грамоталарды, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга;
- Кыргызжылуулукэнергонун ишин жүргүзүүгө олуттуу жардам көрсөткөн, Кыргызжылуулукэнерго системасынын кызматчысы болбогон адамдарды сыйлоонун белгиленген түрлөрүн колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө.
Кыргызжылуулукэнерго тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
31. Кыргызжылуулукэнерго төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жумушчуларды эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Кыргызжылуулукэнергонун жумушчуларын социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
- өз мүлкүнө инвентаризация өткөрүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын белгилүү бир мөөнөттө жана тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
- тиешелүү органдарга өз убагында отчёт берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жана көлөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
6. Түзүмү жана башкаруу органдары
32. Кыргызжылуулукэнергонун ишин башкы директор жетектейт, аны тейлөөчү мамлекеттик органдын сунуштарынын негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
33. Башкы директор кызматына эки жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ болуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат, ошондой эле ушул Уставдын жана тейлөөчү мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
34. Кыргызжылуулукэнергодо башкы директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
35. Башкы директордун орун басарлары тейлөөчү мамлекеттик органдын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
36. Кыргызжылуулукэнергонун башкы директору:
- Кыргызжылуулукэнергонун ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кыргызжылуулукэнергого жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жекече жоопкерчилик тартат;
- милдеттерди аткаруу үчүн ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
- өз ишинде түздөн-түз тейлөөчү мамлекеттик органдын жетекчисине баш ийет;
- Кыргызжылуулукэнергонун атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишкана жана мекемелер менен болгон мамилелерде Кыргызжылуулукэнергонун атынан иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана тейлөөчү мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргызжылуулукэнергонун финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргызжылуулукэнергонун системасында эмгектенген кызматкерлер тарабынан сөзсүз аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде эрежелерди, жоболорду, регламентти, нускаманы, тартипти жана методикалар менен бирге Кыргызжылуулукэнерго системасындагы эмгектенген бардык жумушчулар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү ички документтерди бекитет;
- тейлөөчү мамлекеттик органдын макулдугу менен Кыргызжылуулукэнергонун борбордук аппаратынын уюштуруу түзүмүн, штаттык ырааттамасын, кирешелер жана чыгашалар сметасын, ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн жана системасын бекитет, Мында башкы директорду алмаштырууда аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
- филиалдарды түзүү жана өкүлчүлүктөрдү ачуу же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
- белгиленген ченемдердин чегинде филиалдын жана өкүлчүлүктүн директорунун сунушу боюнча Кыргызжылуулукэнергонун филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн уюштуруу түзүмүн, штаттык ырааттамасын, кирешелер жана чыгашалардын сметасын, ошондой эле эмгек акысынын өлчөмүн жана системасын бекитет;
- башкы директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, Кыргызжылуулукэнергонун кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
- туруктуу жана убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндөгү жобону бекитет;
- Кыргызжылуулукэнергонун филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнө карата өндүрүштүк-техникалык жана финансылык-чарбалык жетекчиликти жүзөгө ашырат, алардын ишин, эсепке алууну жана отчётторун контролдоону уюштурат;
- Кыргызжылуулукэнергонун экономикалык жана социалдык өнүгүүсү боюнча стратегиялык иш планды иштеп чыгып, тейлөөчү мамлекеттик органдын бекитүүсүнө киргизет;
- келерки финансылык жылга Кыргызжылуулукэнергонун бюджетин иштеп чыгат жана тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашат жана аны мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
- Кыргызжылуулукэнергонун бюджетин аткаруу жана финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчётту тейлөөчү мамлекеттик органга, мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча мамлекеттик органга берет;
- экономикалык жана социалдык өнүгүү боюнча иштин стратегиялык планын жана Кыргызжылуулукэнергонун филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн иши жөнүндө отчётту бекитет;
- откана чарбасынын объекттеринин, инженердик инфраструктуранын натыйжалуу пайдалануусун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
- Кыргызжылуулукэнергонун финансылык абалына, акча каражаттарын, мүлктү жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштөгү техникалык коопсуздуктун сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматтык нускамаларды, кызматка квалификациялык талаптарды, Кыргызжылуулукэнергонун борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргызжылуулукэнергонун жумушчуларынын өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- кызматтык маяналарга карата жекече үстөк акыларды белгилейт, ошондой эле Кыргызжылуулукэнергонун кызматкерлерин акчалай сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
- Кыргызжылуулукэнергонун иш режимин жана кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- белгиленген тартипте Кыргызжылуулукэнергонун атынан ишеним каттарды берет;
- Кыргызжылуулукэнергонун борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартипке чакыруу чараларын колдонот;
- өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды көрөт;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
- тейлөөчү мамлекеттик органдын коллегиясынын жыйынында өзүнүн иши жана Кыргызжылуулукэнергонун иши тууралуу отчет берет;
- мыйзамдарга ылайык тейлөөчү мамлекеттик органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, Кыргызжылуулукэнергонун милдеттерин аткаруу үчүн керектүү башка аракеттерди жасайт.
37. Башкы директор жок болгон учурда Кыргызжылуулукэнергонун ишин башкы директордун буйругу менен аныкталган башкы директордун орун басары жетектейт.
38. Башкы директордун орун басарлары өз карамагына тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат, өздөрү тейлеген багыттар боюнча ишти уюштурушат.
7. Мүлкү жана финансылары
39. Кыргызжылуулукэнерго толук чарбалык эсеп жүргүзүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принциптеринин негизинде иш алып барат, өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ.
40. Борбордук аппаратты, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо, өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган Кыргызжылуулукэнергонун өздүк акча каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.

41. Кыргызжылуулукэнергонун мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунун негизинде таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
42. Кыргызжылуулукэнерго чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбакер коомдор менен жамааттардын уставдык капиталына салууга же башкача ыкмаларды колдонуу аркылуу аталган мүлктү башкарууга укугу жок.
43. Кыргызжылуулукэнергонун төмөнкүдөй чыгымдары республикалык бюджеттин эсебинен компенсацияланат:
- калктын жылуулукка жана ысык сууга болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында түзүлгөн;
- "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалын кармоого.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Продукциянын (жылуулук энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүүнү отун-энергетикалык комплекстин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир филиал үчүн, алардын экономикасын эске алуу менен өз алдынча жүргүзөт.
45. Кыргызжылуулукэнерго жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен тейлөөчү мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
46. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө Кыргызжылуулукэнергого берилиши мүмкүн.
47. Кыргызжылуулукэнергонун мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- пайдалануу жана башкаруу иштери мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген мүлк;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактар менен, анын ичинде чет элдик жактар менен түзүлгөн келишимдин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшкөн кирешелер;
- банктардын кредиттери жана ссудалары;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын ыктыярдуу салымдары, гранттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
48. Кыргызжылуулукэнерго тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда Кыргызжылуулукэнергого бекитилет. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр чарбалык ишинин натыйжасында алынган өздөрүнүн акча каражаттарын, кирешелерин жана пайдасын өз алдынча башкарат. Борбордук аппарат контролдук функцияларды аткарат.
49. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бөлүгү республикалык бюджетке которулууга тийиш. Республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон пайданын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.
50. Кыргызжылуулукэнергонун чарбачылык ишин жүргүзүүнүн натыйжасында келип түшкөн пайда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктар, чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар төлөнгөндөн кийин Кыргызжылуулукэнергонун башкаруусунда калат.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
51. Кыргызжылуулукэнергону кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
52. Жоюлган учурда Кыргызжылуулукэнергонун иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сакталат.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ