Загрузка…
[Аты-жөнү (атооч жөндөмөдө)]
Кыргыз адабиятынын залкар өкүлү [Аты-жөнү (атооч жөндөмөдө)] [Туулган жылы]-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Каптал-Арык айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал бир жашында тоголок жетим калып беш жашка чыкканда Токмок интернатына кабыл алынган. Ал жерде тогуз жыл тарбияланып, 1929-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумга өткөн.
Алыкул техникумда көркөм адабиятка дитин коюп, орус тилин үйрөнүп алгандыктан орус адабиятынын классиктери А. Пушкиндин, М. Лермонтовдун, Л. Толстойдун, А. Тургеневдин, Н. Некрасовдун, Н. Гоголдун ж.б. чыгармаларын окуган. Ал ар түрдүү ийримдерге жана кечелерге дыкаттык менен катышып, акырындап өзүн поэзияда сынай баштаган.
1932-жылы [Аты-жөнү (атооч жөндөмөдө)] залал ооруну жуктуруп алып, техникумдагы окуусун таштап, ар түрдүү редакцияларда адабий кызматкер болуп иштөөгө мажбур болгон. Бирок оорусуна байланыштуу ал редакцияларда дайыма иштөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес, ошондуктан, ал өмүрүнүн аягына чейин үйүндө чыгармачылык менен алектенген.
Ал ошол 1932-жылы эле ыр жазып баштаган. Анын китептери 1935-жылы – «Таңдагы ырлар», 1937-жылы – «Чолпонстан», «Жылдыздуу жаштык» биринин артынан бири чыга баштаган. 1939-жылы Шота Рутавелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын кыргыз тилине эркин которууну мыкты ишке ашырган.
1939-жылы Москвадагы кыргыз адабиятынын жана искусствосунун декадасына катышып «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.
А.Осмоновдун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жазган поэтикалык чыгармалары «Махабат» аттуу китебине чогултулган. Акындын «Новые стихи» (1946-ж.), «Моя земля – земля песен» (1947-ж.), «Новые стихи» (1949-ж.) чыгармалары орус тилинде жарык көргөн.
[Аты-жөнү (атооч жөндөмөдө)] поэтикалык котормонун чебери. Анын кыргызчага которгон А. Пушкиндин, У. Шекспирдин, М. Лермонтовдун, И.А. Крыловдун, С. Маршактын чыгармалары адабий котормонун үлгүсү болуп калды.
Таланттуу акын 1950-жылы 12-декабрда чыгармачылыгы гүлдөп турган чакта айыкпас оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.