Загрузка…
ТЕСКЕМЕ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
[Тескеменин датасы]Бишкек ш.
№ [Тескеменин номери]
II Элдик Курултайдын резолюциясын жана делегаттарынын кайрылууларын аткаруу боюнча иш-чаралар пландарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын [Конституциянын биринчи беренесинин номери], [Конституциянын экинчи беренесинин номери]-беренелерине ылайык:
1. II Элдик Курултайдын сунуштарынын, резолюциясынын жана делегаттарынын кайрылууларынын негизинде Элдик Курултайдын катчылыгы тарабынан иштелип чыккан тиркелген иш-чаралар пландары мамлекеттик тилде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткарууга алсын жана ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча иш-чаралардын аткарылышы боюнча маалыматты Элдик Курултайдын катчылыгына жиберип турсун.
3. Элдик Курултайдын катчылыгы ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча иш-чаралар пландарынын аткарылышын контролдоону, талдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын жана жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин.
4. Тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
[Кол койгондун кызмат орду]/колу/[Кол койгондун аты-жөнү]