Б У Й Р У К
П Р И К А З
[Буйруктун күнү] №[Буйруктун номери]Бишкек ш.
Кыргыз Республикасындагы үрөнчүлүк чарбаларды кайрадан
аттестациядан өткөрүү жөнүндө
Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификатталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен арзан баада камсыз кылуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү, ошондой эле жергиликтүү үрөн өндүрүү чарбасын өнүктүрүү максатында буйрук кылам:
1. [Аттестация өткөрүүнүн мөөнөтү (мезгили)] үрөн чарбаларын мамлекеттик аттестациядан өткөрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн.
2. Үрөн чарбаларын аттестациядан өткөрүү үчүн төмөнкү курамдан турган аттестациялык комиссия түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) [Комиссиянын төрагасынын кызмат орду жана бөлүмү (министрликтин аталышысыз)] [Комиссиянын төрагасынын аты-жөнү], комиссиянын төрагасы;
- [Комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат орду жана мекемеси] [Комиссиянын төрагасынын орун басарынын аты-жөнү], комиссиянын төрагасынын орун басары;
- [Комиссиянын биринчи мүчөсүнүн кызмат орду жана уюму] [Комиссиянын биринчи мүчөсүнүн аты-жөнү] (макулдашуу боюнча);
- [Комиссиянын экинчи мүчөсүнүн кызмат орду жана уюму] [Комиссиянын экинчи мүчөсүнүн аты-жөнү] (макулдашуу боюнча);
- [Комиссиянын үчүнчү мүчөсүнүн кызмат орду жана уюму] [Комиссиянын үчүнчү мүчөсүнүн аты-жөнү] (макулдашуу боюнча);
- [Комиссиянын төртүнчү мүчөсүнүн кызмат орду жана уюму] [Комиссиянын төртүнчү мүчөсүнүн аты-жөнү] (макулдашуу боюнча).
3. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү республиканын үрөн чарбаларын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) менен биргеликте иш алып баруу менен аттестациядан өткөрсүн;
4. Буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
[Буйрукка кол коюучу жетекчинин кызмат орду] (колу) [Буйрукка кол коюучу жетекчинин аты-жөнү]
Макулдашылды:
[Макулдашуучу биринчи адамдын кызмат орду](колу)[Макулдашуучу биринчи адамдын аты-жөнү]
[Макулдашуучу экинчи адамдын кызмат орду] (колу) [Макулдашуучу экинчи адамдын аты-жөнү]