Загрузка…
[Органдын аталышы]
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) 2023-жылы 17-июлда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органдар мамлекеттик тилди милдеттүү пайдалануу чөйрөсү экенин белгилеп, аталган Мыйзамды ишке ашыруу максатында Министрликтин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзсүн, ошондой эле ички кат алышуу, кызматтык каттар, коштомо каттар жана телефонограммалар мамлекеттик тилде даярдалсын.
Ошол эле учурда, ушул Мыйзамдын 10-беренисинин 8-пунктуна ылайык жарандардын кайрылууларына жооптор кайрылуу жазылган тилде берилерине көңүл бурулсун.
Министрликтин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын жетекчилери иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу, талапка ылайык даярдалышына контролду күчөтүп, жүргүзүлүшүнө тыкыр көзөмөлдү камсыз кылышсын.
[Кол койгон адамдын кызмат орду] (колу) [Кол койгон адамдын аты-жөнү]
Атк.: [Аткаруучунун аты-жөнү]: [Аткаруучунун телефону]