Бланк
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары Министрлик) төмөнкүлөрдү билдирет.
Бүгүнкү күндө Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин республика боюнча Ош, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар иштеп жатат. Бажы чек арасында жана бажы аймагында ЕАЭБ талаптарына ылайык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган жол картанын талаптарынын негизинде, республиканын бардык облустарында фитосанитардык лабораториялар болушу керектиги белгиленген.
Ошол себептен Жалал-Абад облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория куруу үчүн [Жер тилкеси бөлүнүп берилген жыл]-жылы [Жер тилкесинин жайгашкан жери (район, айыл аймагы, көчө)] [Жер тилкесинин аянты, га] га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине [Кат жиберген райондук мамлекеттик администрация] тарабынан аталган лабораторияны куруу иш-чаралары башталбаса, бөлүнүп берилген жер тилкени алып коюу боюнча кат келип түшкөн.
Бүгүнкү күндө Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан аталган лабораториянын курулушу боюнча долбоорлук сметалык документтер даярдалып иштелип чыкты.
[Кол койгондун кызмат орду](колу)[Кол койгондун аты-жөнү]
Атк: [Аткаруучунун аты-жөнү]
Тел: [Аткаруучунун телефону]