Загрузка…
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
Кайрылуучу тарап:
[Кайрылуучу тараптын аталышы же аты-жөнү] Дареги: [Кайрылуучунун дареги] Телефон: [Кайрылуучунун телефону]
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2021-жылдын 28-октябрындагы № 127), Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (1998-жылдын 5-январындагы № 1), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (2021-жылдын 28-октябрындагы № 129) аталыштары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 2-бөлүгүнө, 98-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет жана конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ
Ѳ Т Ү Н Ү Ч
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна бул өтүнүч менен кайрылуунун негизи болуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2021-жылдын 28-октябры № 127), Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (1998-жылдын 5-январы N 1), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (2021-жылдын 28-октябры № 129) аталыштарынын ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелет.
Кайрылуунун предмети болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2021-жылдын 28-октябры № 127), Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (1998-жылдын 5-январы № 1), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (2021-жылдын 28-октябры № 129) аталыштары саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 1-бөлүгүндө кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат деп турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 2-бөлүгүндө сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана мыйзамда каралган башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат деп турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-беренесинин 2-бөлүгүндө Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот процессинин катышуучуларынын кайрылуулары боюнча мыйзамда аныкталган тартипте сот чечимдерин кайра кароону жүзөгө ашырат деп дагы кайталанып турат.
Бирок ага карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынын катарында улуктугу жогорку катарды ээлеп турган кодексттердин аталыштары негедир Баш мыйзам эч кандай шайкештиги жок. “Жарандык” дегендин ордуна “граждандык”, “жазыктык” же “жазык” дегендин ордуна “кылмыш-жаза” деп Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси 1998-жылдын 5-январында № 1 номур менен катталып кабыл алынган, андан кийин 2021-жылдын 28-октябры № 127 жана № 129 номурлары алдында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси катталып кабыл алынган.
Мисал катары Россия Федерациясынын Конституциясынын сот бийлиги тармактары кандай белгиленип, биздин кодекстер сыяктуу аталыштарын байкап көрөлү:
“Часть 2 статьи 118 Конституции РФ гласит, что судебная власть осуществляется посредством конституционного, гражданского, арбитражного, административного и уголовного судопроизводства*.”.
Ага ылайык: Гражданский кодекс РФ (30 ноября 1994 года № 51-ФЗ), Уголовный кодекс РФ (13.06.1996 № 63-ФЗ), Уголовно-исполнительный кодекс РФ (08.01.1997 № 1-ФЗ).
Арыз берүүчүнүн талабы [Арыз берүүчүнүн талабы].
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 3-бөлүгү, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун, 21- беренесин жетекчиликке алып,
Ѳ Т Ү Н Ѳ М:
[Өтүнүчтүн өтүнүч бөлүгү]
Тиркеме:
1. 2 нускада баракта өтүнүч;
2. толугу менен же айрым бөлүгү талашылып жаткан ченемдик
укуктук актынын текстинин көчүрмөсү;
3. ѳкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ
(Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда кызыкчылыгын
коргоону милдеттүү көрсөтүү менен);
4. тарап келтирген фактыларды ырастаган тиешелүү документтер жана
материалдар;
5. зарыл болгон учурда Конституциялык соттун отурумунда
чакырылуучу адамдардын тизмеси, даректи көрсөтүү менен.
Күнү [Күнү]
Арыз берүүчү
(Ишеним кат боюнча өкүл) колу [Кол койгондун аты-жөнү (арыз берүүчү же ишеним кат боюнча өкүл)]