БУЙРУК
ПРИКАЗ
[Буйруктун датасы]№[Буйруктун номери]Бишкек ш.
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу маселелери менен кайрылган жарандардын документтерин кароо мөөнөттөрүнүн сакталуусун инвентаризациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин [Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө буйруктун датасы] №[Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө буйруктун номери] буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын кызматтык иликтөөсүнүн корутундусундагы чечимдерди аткаруу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине
караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) жарандык бөлүмү Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу маселелери менен кайрылган жарандардын документтерин кароо мөөнөттөрүнүн сакталуусун инвентаризациядан өткөрүү иштерин жүргүзсүн.
2. Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрү [Региондор аралык бөлүмдөр жыйынды таблицаны берүү мөөнөтү (кайсы датага чейин)] чейин [Текшерилүүчү мезгилдин баштапкы жылы]-жылдан [Текшерилүүчү мезгилдин акыркы жылы]-жылга чейинки документтердин инвентаризациясынын жыйынды таблицасын тиркемеге ылайык түзүп чыксын жана Департаменттин дарегине жөнөтсүн.
3. Департаменттин жарандык бөлүмү [Жарандык бөлүм жалпы корутунду чыгаруу мөөнөтү (кайсы датага чейин)] чейин маалыматтардын жалпы корутундусун чыгарып, Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрү менен биргеликте кароо мөөнөттөрү бузулган ар бир документке карата тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тиркеме 1 б.
[Буйрукка кол коюучу жетекчинин кызмат орду] (колу) [Жетекчинин аты-жөнү]