[Каттын датасы]№ [Каттын чыгыш номери]
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти (мындан ары – Департамент) төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин [Президенттин Жарлыгынын жылы]-жылдын [Президенттин Жарлыгынын декабрдагы күнү]-декабрындагы №[Президенттин Жарлыгынын номери] “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде бириктирилген айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан айыл өкмөттөрүнүн жана айылдык кеңештеринин ишин оптималдаштыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын калкына мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз аткаруу максатында, Депратаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнө бириктирилген айыл аймактарындагы аскерге милдеттүү жарандар жаңы жашаган жери боюнча кайрылган учурларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн [Өкмөттүн токтомунун жылы]-жылдын [Өкмөттүн токтомунун декабрдагы күнү]-декабрындагы №[Өкмөттүн токтомунун номери] токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодон чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобого ылайык, ал жарандарды райондук жана шаардык аскер комиссариатына аскердик каттоого турууга жиберүү керектигин эскертебиз.
Жогоруда аталган тапшырмалардын толук жана туура аткарылышы Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнүн башчыларына жүктөлөт.
Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнүн башчылары бул кат менен кызматкерлерди тааныштырып, таанышуу барактарын электрондук документ жүргүзүү системасы аркылуу Департаменттин маалыматтык-маалымдама бөлүмүнө жөнөтүү зарыл.
[Кол койгондун кызмат орду](колу)[Кол койгондун аты-жөнү]
Атк. [Аткаруучунун аты-жөнү]
Тел.: [Аткаруучунун телефону]