Загрузка…
[Кайрылган адресаттын кызматы]
[Адресаттын аты-жөнү (барыш жөндөмөсүндө)]
Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө
СУНУШТАМА
Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын тургуну
[Арыз ээсинин аты-жөнү (илик жөндөмөсүндө)] арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын жер маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталган.
Текшерүү көрсөткөндөй, 2010-жылдын 1-октябрында Ош шаарынын Ысак көчөсүнүн номери жок дарегинде жайгашкан жалпы аянты 4602 чарчы метрди түзгөн жер участогу “Ош курулуш” акционердик коому менен “Аман” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда сатуу-сатып алуу келишими түзүлүп, андан соң 2013-жылдын 14-майында “Аман” жоопкерчилиги чектелген коому менен А.Ташматовдун ортосунда сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн. А.Ташматов жогоруда аталган жер участогун 800 000 сомго сатып алгандыгын билдирип, аталган келишимди мыйзамдуу деп табуу жөнүндө Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Ош шаардык сотунун 2013-жылдын 14-майындагы чечими менен арызы канааттандырылган. Анын негизинде жер ресурстары кызматынын Ош филиалы тарабынан 2013-жылдын 7-августунда А.Ташматовдун наамына Ош шаарынын Ысак көчөсүндөгү номери жок 4602 чарчы метрди түзгөн жер участогуна карата [2013-жылы жер участогуна ыйгарылган номер] номери ыйгарылып, [Мамлекеттик актынын сериясы (2013-ж.)] сериясындагы жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген. Ош шаардык сотунун жогорудагы чечими мыйзамсыз кабыл алынгандыгы аныкталып, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош облустук граждандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына аппеляциялык тартипте даттанылган. Ош облустук граждандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан 2022-жылдын 21-сентябрындагы аныктамасы менен апелляциялык даттануунун мөөнөтү калыбына келтирилип, жогоруда аталган жер участогу мурда “Ош курулуш” акционердик коомуна же “Аман” жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу болгондугу боюнча иштин материалында эч кандай далилдер жоктугу белгиленип, Ош шаардык сотуна кайрадан кароого жөнөтүлгөн. Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 9-июнундагы аныктамасы менен А.Ташматовдун арызы кароосуз калтырылып, аныктама мыйзамдуу күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине ылайык мүлккө муниципалдык менчик укугу менчик укугунан ажыратуу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы милдеттенмелери боюнча менчигин башкача түрдө мажбурлап же соттун чечими менен башкача ыкмада алып коюу аркылуу келип чыгат деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесинде Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш экендиги белгиленген. Мындан сырткары, А.Ташматов Ош шаардык сотуна «Аман» ЖЧК жана «Ош курулуш» ААК 2009-жылдын 1-сентябрында Ош шаарынын Ысак көчөсү 27 дарегиндеги жалпы аянты 1,86 га жер участок имараттары менен сатуу-сатып алуу келишимин жарактуу деп табуу жөнүндө доо арыз менен кайрылган. Ош шаардык сотунун 2012-жылдын 26-июнундагы чечими менен А.Ташматовдун доо арызы канааттандырылган. Анын негизинде аталган жер участогуна карата Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынан 2012-жылдын 22-августунда [2012-жылы жер участогуна ыйгарылган номер] номер ыйгарылып, 18 000 чарчы метр жер участогуна карата [Мамлекеттик актынын сериясы (2012-ж.)] сериясындагы жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алып, аталган жер участогун жеке жактарга А.Ташматов сатып жиберген. Текшерүүдө А.Ташматовго соттун чечими менен берилген жер участогу Ош шаардык көп тармактуу бейтапкананын жер участогуна кирип калгандыгы аныкталган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин андан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 1-беренесине ылайык, социалдык инфраструктура объекттери мамлекеттик жана менчикке өткөн ишканалардын балансында болсо, же менчиктештирүү процессинде пайдалануунун учурдагы тартибин сактоонун шарттарында аларга акысыз өткөрүлүп берилсе, алардын уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштөрүнүн өлчөмдөрүнө карабастан, сатууга болбойт деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 229-беренесине ылайык “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” КР Мыйзамында каралган учурларда жана тартипте аны менчиктештирүү аркылуу жеке менчикке өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Андыктан, Ош шаардык сотунун 2023-жылдын
9-июнундагы аныктамасы мыйзамдуу күчүнө киргендиктен, А.Ташматов тарабынан [2013-жылы жер участогуна ыйгарылган номер] номериндеги 4602 чарчы метр жер участогу 9 участокко бөлүнүп сатылып кеткендиктен, аны жана Ош шаардык сотунун 2012-жылдын
26-июнундагы чечимине карата тийиштүү тартипте даттануу менен Ош шаардык көп тармактуу бейтапкананын жер участогу муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш. Жогорудагылардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесин жетекчиликке алып,
С У Н У Ш К Ы Л А М:
1. Бул сунуштаманы мэриянын жалпы чогулушунда карап, жогорудагы даректеги жер участогуна карата соттук актыларды жана сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу үчүн тийиштүү ыйгарым укуктарынын алкагында сотко доо арыздарды берүү боюнча иш-чараларды көрүү менен мыйзам бузууларды жоюуну;
2. Сунуштаманы кароонун жыйынтыгы жана кабыл алынган чаралар тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөн убакытта шаардык прокуратурага билдирүүнү .
Сунуштаманы кароо күнү жана убактысы жөнүндө күн мурун шаардык прокуратурага катышуу үчүн маалымдоону.
[Кол койгон адамдын кызматы]
(колу) [Кол койгон адамдын аты-жөнү]