АВТОМАШИНАНЫ БЕЛЕК КЫЛУУ КЕЛИШИМИ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата]
Биз, [Белек кылуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Белек кылуучунун аты-жөнү], [Белек кылуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Белек кылуучунун жашаган дареги], мындан ары “Белек кылуучу” деп аталып, бир тараптан,
жана [Белекке алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Белекке алуучунун аты-жөнү], [Белекке алуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Белекке алуучунун жашаган дареги], мындан ары “Белекке алуучу” деп аталып, экинчи тараптан, мындан ары биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Мен, Белек кылуучу, [Автомобилдин үлгүсү], [Автомобилдин чыгарылган жылы] жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № [Кыймылдаткычтын номери], чанак № [Чанак номери], [Автомобилдин түсү] түстүү, [Мамлекеттик номердик белги] мамлекеттик номердик белгидеги автомашинаны Белек алуучуга белекке бердим.
2. Ээликтен ажыратылып жаткан автомашина Белек кылуучуга таандык, менчикке болгон укук [Укукту белгилөөчү документ] [Укукту белгилөөчү документти берген органдын аталышы, номери, датасы] ылайык.
3. Мен, Белек алуучу аталган белекти кабыл алдым.
4. Азыркы мезгилге чейин ээликтен ажыратылып жаткан автомашина эч кимге сатылбагандыгы, күрөөгө коюлбагандыгы, талашта жана тыюу салуу (камак) алдында турбагандыгы жөнүндө маалыматты Тараптар кабыл алды.
5. Бул Келишим автоунааларды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
6. Келишим жана тариздөө чыгымдары Белек кылуучу тарабынан төлөнөт.
7. Бул келишимдин бир нускасы [Нотариалдык контордун аталышы] көктөмөсүндө сакталат, экинчиси - бирдиктүү каттоо органына жиберилет, үчүнчүсү - Белекке алуучунун колуна берилет.
Тараптардын маалым даректери жана колу:
Белек кылуучу:
|
| Белекке алуучу:
|
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык контордун аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.
[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________