[Кайрылган адамдын кызмат орду]
[Кайрылган адамдын аты-жөнү]
Урматтуу [Кайрылган адамдын аты жана атасынын аты],
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сизге кайрылган Кара-Балта медициналык колледжинин айлык маянасы боюнча жана контракттык негизде окуган студенттердин контрагын көтөрүү боюнча маселелерди карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында 2022-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары көбөйтүлгөн, бардык үстөктөр жана кошумча төлөөлөр (айыл жери, бийик тоолуу, илимий даражасы, иштеген жылдары, категориялары ж.б.) сакталган жана кызматтык маянага чегерилет.
Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин тарифтик ставкаларынын (айлык акыларынын) өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 4-тиркемеси менен бекитилген, алар (тарифтик ставкалардын өлчөмдөрү) билим деңгээлине жараша болот.
Кесиптик орто билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн билим берүүнүн төмөнкү деңгээлдери белгиленген:
– –орто кесиптик билим;
– бакалавр квалификациясы ыйгарылган жогорку билим;
– адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билим. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору даярдалып, анда билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат, анын ичинде орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына максималдуу жүктү жылына 1440 саатка чейин колдонуудагы 1080 саатка каршы белгилөө каралган.
Белгилей кетчү нерсе Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төмөнкү токтом долбоору кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде 2021-2022-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер кийинки үч окуу жылында Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген студенттер үчүн көбөйүү жагына өзгөрбөөгө тийиш.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин 2021-жылдын 27-декабрындагы №2191/1 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №557 ПЖ “Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар жонүндө” буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын жараны болгон студенттер үчүн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифтери 2024-2025-окуу жылдарына чейин өзгөрбөөгө тийиш экенин маалымдайбыз.
Урматтоо менен,
[Кол койгон адамдын кызмат орду] (колу)[Кол койгон адамдын аты-жөнү]
Атк. [Аткаруучунун аты-жөнү]
тел. [Аткаруучунун телефону]