Калыпты жүктөө

[Кат жөнөтүлүүчү органдын аталышы]

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрин Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү сунуштайт.

Долбоор менен учурдагы “А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин функциялары “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралган эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн [Уставды бекиткен токтомдун датасынын жылы]-жылдын [Уставды бекиткен токтомдун датасынын күнү]-январындагы № [Өкмөттүн токтомунун номери] токтому менен бекитилген “Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы” мамлекеттик мекемесинин Уставына ылайык Филармониянын чыгармачылык, уюштуруучулук-экономикалык жана өндүрүштүк ишинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

• кыргыздын фольклордук-этнографиялык музыкасын жана дүйнөлүк музыкалык маданиятты таратуу;

• маданияттын жалпы адамзаттык маанисин жана улануучулугун музыка искусствосунда ишке ашыруу;

• жалпы элди дүйнөлүк жана улуттук музыка маданиятын таанып билүүгө тартуу;

• музыкалык искусствонун каражаттары аркылуу калкты маданий, эстетикалык жана интернационалдык тарбиялоого көмөктөшүү;

• улуттук искусствонун көп түрдүү формаларын жана жанрларын өнүктүрүү жана пропагандалоо;

• шыктуу жаштарга чыгармачылык жактан өсүш үчүн ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүү;

• эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө, аткаруучуларды жана чыгармачыл жамааттарды алмашууга катышуу.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган оркестрди “Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы” мамлекеттик мекемесинин карамагында калтырууну максатка ылайык деп эсептеп, бул токтом долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.

 

[Кол коюучунун кызмат орду] (колу) [Кол коюучунун аты-жөнү]

 

 

 

Атк. [Аткаруучунун аты-жөнү]

    тел. [Аткаруучунун телефону]