Кыргыз Республикасынын
Президентинин
Администрациясы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын [Президенттин Администрациясынын тапшырмасынын датасы] № [Тапшырманын номери]тапшырмасын карап чыгып, төмөнкүнү билдирет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын автордук укуктарынын мамлекеттик реестринде [Автордун аты-жөнү]те төмөнкү чыгармалар катталган жана күбөлүктөр берилген:
• “[Биринчи чыгарманын аталышы]” ([Биринчи чыгарманын түрү]), күбөлүк № [Биринчи чыгарма боюнча күбөлүктүн номери]
- “[Экинчи чыгарманын аталышы]” ([Экинчи чыгарманын түрү]), күбөлүк № [Экинчи чыгарма боюнча күбөлүктүн номери];
Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамынын (мындан ары – “Автордук укук жөнүндө” Мыйзам) 6-беренесинин 5-пунктуна ылайык илим, адабият жана искусство чыгармаларына автордук укук аны жаратуу фактысынан кийин келип чыгат. Автордук укуктун келип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр бир башка формалдуулуктарды сактоо талап кылынбайт.
Ошондой эле “Автордук укук жөнүндө” Мыйзамдын 9-беренесинин 1-пунктуна ылайык өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан жаран чыгарманын автору деп таанылат.
Мындан тышкары, “Автордук укук жөнүндө” Мыйзамдын 16-беренесинин 1-пункту менен авторго анын чыгармасына карата чыгарманы каалагандай формада жана каалагандай ыкмада пайдаланууга өзгөчө укуктар таандык.
Ошондой эле, “Автордук укук жөнүндө” Мыйзамдын 33-беренесине ылайык буюртма келишими боюнча жаратылган чыгармага карата жекече мүлктүк эмес укуктар авторго таандык, буюртмалык чыгарманы пайдаланууга карата өзгөчө укуктар буюртманын автордук келишиминде көрсөтүлгөн тарапка таандык. Буюртманын автордук келишими боюнча автор чыгарманы келишимдин шарттарына ылайык жаратууга жана аны буюртмачыга берүүгө милдеттенет.
Ошону менен, автордук укук бузулган учурда, “Автордук укук жөнүндө” Мыйзамдын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык автор өзүнүн укугун коргоо үчүн белгиленген тартипте сотко же тиешелүү укук коргоо органдарына кайрыла алат. Арызда көрсөтүлгөндөй, автор буга чейин сот органдарына, ошондой эле башка мамлекеттик органдарга кайрылган.
Автордун укуктарын коргоо жөнүндө маселе мамлекеттик орган тарабынан чечилген. Автордун чыгармаларын басып чыгаруу жана маданият ишмерлерине колдоо көрсөтүү жөнүндө башка маселелер көтөрүлгөн. Бул маселелер Кыргызпатенттин компетенциясына кирбейт, ушуга байланыштуу бул арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүнү өтүнөбүз.
[Кол койгондун кызмат орду](колу)[Кол койгондун аты-жөнү]
Атк.:[Аткаруучунун аты-жөнү]
тел. [Аткаруучунун телефону]