Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүүдө документтерди кабыл алуу
тартиби
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 1.ЖААК АМСке ЭКТ ачкычы аркылуу кирет (логин жана паролду киргизет). | |
Арыз ээси | 2. Бул Тартиптеги тизмеге ылайык документтерди берет. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 3. Арыз ээси берген документтерди кабыл алат. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 4.«Издөө» функционалы аркылуу ЖААК АМСте ата-энесинин туура эмес же кош ИЖН болушу текшерилет. Туура эмес же кош ИЖН аныкталса туура эмес же кош ИЖНди оңдоо боюнча РАБга суроо-талап жөнөтүлөт жана ал факты боюнча арыз ээсине түшүндүрмө берилет. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 5. Берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери арыз ээсин РАБ башчысына кайрылуу керектигин билдирүүгө милдеттүү. Мында үч нускада акты түзүлөт, анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде РАБга жиберилет, экинчиси – фронт-кеңседе калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет.
| |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 6. Берилген документтер талапка ылайык болгон учурда документтерди кабыл алып, электрондук арыз таризделет (ЖААК АМСте арыздын талаачалары толтурулат (аты-жөнү, ИЖН, үй-бүлөлүк абалы ж.б.). | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 7. ЖААК АМСтен арыздын формасы бастырылып чыгарылат, текшерилет жана арыз ээсине кол койдуруу үчүн сунушталат. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 8.ЖААК АМСте туулгандыгы тууралуу электрондук актылык жазуу таризделет (арыздын талаачалары толтурулат). | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 9.Арыз ээсине туулгандыгы тууралуу электрондук актылык жазуу киргизилген маалыматтарды текшерүүнү сунуштайт. | |
Арыз ээси | 10. Арыз ээси электрондук туулгандыгы тууралуу актылык жазуу киргизилген маалыматтарды текшерет. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 11.Арыз ээсине туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуунун мөөнөтүн түшүндүрөт. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүүнүн жалпы мөөнөтү 10 жумуш күнүн түзөт.
| |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 12.ЖААК АМСте арыз ээси берген документтер КМБРде жок болсо аларды сканерден өткөрөт. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 13. Баланын туулгандыгы жөнүндөгү медициналык мекеме же жеке практикадагы врач берген документтерден башка документтерди арыз ээсине кайтарып берет. | |
РАБнүн кызматкери | 14. Туулгандыгы тууралуу актынын толтурулушун текшерет жана бул Тартипке ылайык, сканерленген документтердин тизмеге толуктугун текшерет. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 15. Баланын туулгандыгы жөнүндөгү медициналык мекеме же жеке практикадагы врач берген документтердин түп нускасы же туулгандыгы жөнүндө фактыны бекиткен соттун чечими 3 жумуш күнү ичинде РАБга курьер аркылуу жөнөтүлөт. | |
РАБ кызматкери | 16. Кабыл алынган жана сканерленген документтердин толуктугун кошумча текшерет. | |
РАБ кызматкери | 17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери толтурулган туулгандыгы тууралуу актылык жазууну текшерет, керек болгон учурда редакциялайт, туулгандыгы тууралуу актыны каттоого алат жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү басып чыгарат. | |
РАБ кызматкери | 18. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү конвертке салып курьерге берет. | |
Курьер | 19. Документтерди кабыл алат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерине жеткирет. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 20. Курьерден документтерди кабыл алат жана алардын толуктугун текшерет. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 21. Документтерди кабыл алгандыгын тастыктап, курьердин журналына кол коёт. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 22. Туулгандыгы тууралуу актыны басып чыгарып арыз ээсине кол койдурат. | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери | 23. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү арыз ээсине кол койдуруп берет. | |
Курьер | 24. Документтердин түп нускаларын (баланын туулгандыгы жөнүндөгү медициналык мекеме же жеке практикадагы врач берген маалым кат ж.б.), туулгандыгы тууралуу актылык жазууну, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алгандыгы тууралуу арыз ээсинин маалым катын РАБга жеткирет. Документтерди жоготсо/жараксыз абалга келтирсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат. | |
Баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеси
Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкү документтер керек:
- төрөт болгон саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалым кат же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалым кат;
- баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) инсандыгын ырастаган документтери (же “Түндүк” мобилдик тиркеме аркылуу санарип форматындагы документтер), никелешүү тууралуу күбөлүгү (КМБР жок болсо) же болбосо жакын тууганынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмдүн кызматкеринин инсандыгын ырастаган документтер;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-эненин (же ата-энесинин биринин) балдарынын чет мамлекетте төрөлгөн фактысын тастыктоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк, реестрден көчүрмө, туулгандыгы жөнүндө сертификат жана башка);
- баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгондо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, баланы ушул аял төрөгөн фактысы аныкталгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.