Бишкек шаарынын
№ [Бала бакчанын номери] бала бакчасынын
директору
[Бала бакчанын директорунун аты-жөнү (барыш жөндөмөсүндө)]
№ [Жазма буйруктун номери]ЖАЗМА БУЙРУК
[Жазма буйруктун датасы]Бишкек ш.
№ [Чыгыш номери]
Өрт коопсуздугу боюнча бузууларды четтетүү жөнүндө
Бишкек шаарынын Өрт коопсуздугу боюнча кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин [Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин текшерүү жөнүндө буйругунун датасы] буйругунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын № [Бала бакчанын номери] бала бакчасында өрт коопсуздугун сактоо боюнча төмөнкү бузуулар аныкталгандыгын билдирет:
- Бишкек шаарынын № [Бала бакчанын номери] бала бакчасында өрт чыккан учурда өрттү өчүрүү үчүн керектүү жабдуулар жаңыртылган эмес, өрт чыгып кеткен учурда баштапкы өрттү токтотуу үчүн эски жабдуулар эч кандай жыйынтык бербей калышы мүмкүн;
- өрт чыккан учурда балдарды алып чыгуу үчүн кошумча эшик бүтөлгөн, бул “Өрт коопсуздугун сактоо жана балдарды коопсуз жайга чыгаруу” тартибинин талаптарын бузуу болуп саналат;
- өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү машиналар кире турган жолдо гүлзар отургузулган, бул дагы жогоруда аталган тартибин талабын бузуу болуп саналат.
Бишкек шаарынын Өрт коопсуздугу боюнча кызматы жогоруда аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн Бишкек шаарынын № [Бала бакчанын номери] бала бакчасына ушул жазма буйрукту берет:
- Бишкек шаарынын № [Бала бакчанын номери] бала бакчасынын өрттү өчүрүү үчүн керектүү жабдуулары жаңыртылсын;
- балдарды алып чыгуу үчүн кошумча эшик каралсын;
- өрт өчүрүүчү машиналар кире турган башкы жол ачык болсун.
Жазма буйрук кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 1 (бир) ай мөөнөт ичинде аткарылууга, Бишкек шаарынын Өрт коопсуздугу боюнча кызматына отчёт берилүүгө тийиш.
Өрт коопсуздугу боюнча кызматынын
төрагасы /колу/[Өрт коопсуздугу боюнча кызматынын төрагасынын аты-жөнү]