ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 3 апреля 2018 года № 181 «О приостановлении действия постановления Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Временного положения о порядке определения и оформления границ земельного участка при многоквартирном жилом доме» от 15 февраля 2011 года № 50»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 66 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 3-апрели № 181

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө

 

Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушу 2020-жылдын 31-декабрына чейин токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына шаарлардын жана калктуу конуштардын шаар куруу документтерин (башкы план, деталдуу пландоо долбоору, курулуштун долбоору) белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрүү сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков