ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 30 декабря 2019 года № 728 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об условиях оплаты труда работников, не относящихся к категории государственных служащих и занятых в государственных учреждениях, включая учреждения, подведомственные государственным органам исполнительной власти«от 6 апреля 2015 года № 197»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-декабры № 728

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик мекемелеринде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 233-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын;

2) 244-тиркеменин аталышындагы "түштүк борборунун" деген сөздөр "түндүк жана түштүк борборлорунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү жылга жана келерки жылдарга каралган, бекитилген штаттык бирдиктердин жана каражаттардын чегинде ишке ашырылат.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-январындагы № 6(3078) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абылгазиев

 

 

Тиркеме

"233-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк жана түштүк борборлорунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү

№

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Директор

19000

2

Директордун орун басары

18000

3

Башкы инженер;

башкы бухгалтер;

кадрлар бөлүмүнүн начальниги

17000

4

Прораб

16500

5

Башкы механик, бухгалтер

16000

6

Мастер

14500

7

Адис, юрист

14000

8

Гараж жана кампа башчысы

14000

9

Диспетчер, ыкчам кезметчи

11000

10

Айдоочулар:

- КАМАЗ автомашинасын;

- отургучтуу сүйрөгүчтү;

- тралды;

- автожүктөгүчтү

19000

11

Автокранщик-айдоочу;

экскаватор-айдоочу;

бульдозер машинисти

19000

12

Айдоочулар:

- самосвалды;

- борттуу автомашинаны;

- грейдерди;

- виброкатокту

17000

13

Мотор оңдоочу, газэлектр ширетүүчү

17000

14

Көтөрүлүүчү жүктөрдү байлагыч, токарь

10000