РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Правительства КР от 25 апреля 2008 года №168 (Об образовании координационного совета по реализации Национальной стратегии «Децентрализация государственного управления»и развитие местного самоуправления в КР до 2010 года)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 25-апрели № 168-б

 (КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 15-январындагы № 11-б, 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б

 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын андан ары ишке ашыруу максатында:

1. "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча ушул буйрукка тиркемеге ылайык курамда Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлсүн.

2. Координациялык кеңеш "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 2008-2010-жылдарга Иш-чаралардын планынын жана Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун долбоорлорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Координациялык кеңештин иш-аракетин уюштуруучулук жана методикалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 12-августундагы

№ 439-б буйругуна

тиркеме

 

"Кыргыз Реепубликасында 2010-жылга чейин

мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана

жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү"

Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча

Координациялык кеңештин

КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 12-августундагы № 439-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

 

Айтмурзаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасы,

Бакиров Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;

Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);

Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Бейшенкулов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;

Ералиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;

Карашев А.А. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары;

Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Олейниченко А.П. - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун башчысы (макулдашуу боюнча);

Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;

Есеналиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы, Координациялык кеңештин жоопту катчысы (макулдашуу боюнча).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр                                                                                                                      Н.Айтмурзаев