ПостановлениеДействует

Постановление Ошского городского Кенеша от 27 марта 2014 года № 168 (О внесении изменений в составы постоянных депутатских комиссий Ошского городского Кенеша депутатов)

Редакцияот 27.03.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  ХVI  СЕССИЯСЫ

 (III ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2014-жылы 27-марты № 168

 

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин

туруктуу депутаттык комиссияларынын

курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренесине жана  Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесине  ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ишматов Х. депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан,

Сабирова Н. жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан, Примов У. бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылсын.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңештин төрагасы:

 

У.Примов