Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 19 января 2023 года № 15-р «Об одобрении проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Российской Федерации об условиях строительства, создания и функционирования в Кыргызской Республике совместных общеобразовательных организаций, осуществляющих обучение на русском языке»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 19-январы № 15-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып,
2012-жылдын 5-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболорун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасында орус тилин билүүнүн жакшыртылышы өнөктөштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишенүү менен билим берүү жаатындагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, долбоордук кубаттуулугу 1224 окуучулук орунга чейинки тогуз биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары жалпы билим берүү уюмдары) имараттары менен курулмаларын этап-этабы менен курууну жана колдонууга киргизүүнү, түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылуу максатында Тараптар жалпы билим берүү уюмдарын жайгаштыруу үчүн имараттар менен курулуштарды (мындан ары - Объекттер) куруу, материалдык-техникалык жабдуу жана колдонууга киргизүү, тиешелүү иштерди жүргүзүүнү координациялоо, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарын түзүү жана алардын билим берүү ишин жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат.
2-берене
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасы Тараптан - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
Россиялык Тараптан - Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги, Россия Федерациясынын Финансы министрлиги, Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык башкы подрядчынын (генералдык подрядчылардын) (мындан ары - подрядчы (подрядчылар), консультант-инженердин мындан ары - техникалык заказчы) ушул Макулдашууну ишке ашыруу алкагында россиялык жана кыргыз субподряддык уюмдардын (мындан ары - аткаруучу уюмдар) ортосундагы координациялоого жана өз ара аракеттенүүгө, ушул Макулдашууну натыйжалуу ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
3-берене
1. Ушул Макулдашуунун алкагында жалпы билим берүү уюмдарын жайгаштыруу үчүн Объекттерди куруу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Тараптар ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык түзүлгөн атайын эки тараптуу комиссия тарабынан бекитилген жер участокторундагы Объекттерди этап-этабы менен курууну, материалдык-техникалык жактан жабдууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылат.
3. Жалпы билим берүү уюмдарын жайгаштыруу үчүн Объекттерди куруу жана алардын базасында кийинчерээк жалпы билим берүү уюмдарын түзүү Тараптар тарабынан ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасында Объекттерди куруу, материалдык-техникалык жактан жабдуу жана ишке киргизүү боюнча иш-чаралардын тизмесине (ушул Макулдашуунун № 1 тиркемеси) жана Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу боюнча чаралардын тизмесине (ушул Макулдашуунун № 2 тиркемеси) ылайык жүзөгө ашырылат.
4-берене
1. Ушул Макулдашуунун билим берүү мекемелерин куруу, материалдык-техникалык жактан жабдуу жана Объекттерди ишке киргизүү боюнча максаттарына жетүү үчүн Тараптар:
а) 1999-жылдын 13-январында Саратов шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттер үчүн өз ара кызыкчылык туудурган курулуш долбоорлорунун мамлекеттер аралык экспертизасы жөнүндө макулдашууга ылайык мамлекеттер аралык экспертизанын оң бүтүмүн алган Объекттердин сметалык наркынын аныктыгы тууралуу корутунду менен кошо инженердик изилдөөлөрдүн, долбоордук документтердин натыйжаларына мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылат. Сметалык нарктын аныктыгы бөлүгүндөгү долбоордук документтерди текшерүү Россия Федерациясынын шаар куруу кодексине ылайык Россия Федерациясынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу мамлекеттик (бюджеттик же автономдуу) мекеме тарабынан жүргүзүлөт;
б) ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында келип чыккан тоскоолдуктар тууралуу бири-бирине өз убагында маалымдайт;
в) ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында иштерди аткаруучу жана кызмат көрсөтүүчү россиялык жана кыргызстандык аткаруучу уюмдарга, подрядчыга (подрядчыларга), техникалык заказчыга ар тараптуу көмөк көрсөтүү үчүн күч-аракеттерин жумшайт;
г) Россияда жасалган эмеректерди жана жабдууларды сатып алуунун жана пайдалануунун артыкчылыгын эске алат;
д) Тараптардын мамлекеттеринин жөнгө салуучу органдары тарабынан курулушка өз убагында уруксат берүү үчүн, Объекттерди Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык инженердик-техникалык тармактарга кошууга техникалык шарттарды берүү үчүн, Объекттерди курууда, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда жана ишке киргизүүдө керектелүүчү материалдар менен жабдууларды, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо жана импорттоо үчүн шарттарды түзөт;
е) Объекттерди долбоорлоого тапшырманы биргелешип даярдайт.
2. Россиялык Тарап Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун тартуу аркылуу:
а) долбоордук-чалгындоо иштерин, долбоордук документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адаптациялоо боюнча иштерди, Объекттерди курууну, Объекттерди окутуу жана тарбиялоо каражаттары, медициналык буюмдар, башка жабдуулар менен жабдууну (сатып алуу, жеткирүү, монтаждоо) каржылоону федералдык бюджеттин эсебинен акысыз жүзөгө ашырат, анын ичинде:
Россия Федерациясы менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бюросунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө мектеп медицинасы тармагын өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгесин ишке ашыруунун алкагында колдонулуучу стандарттарга жана талаптарга ылайык медициналык кабинеттерди жабдуу;
окуучуларга ысык тамак берүүнүн жана нан азыктарын бышыруунун толук циклин уюштуруу үчүн Объекттердин курамында жайларды долбоорлоо;
жалпы билим берүү уюмдарын БУУнун Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Россия Федерациясынын долбоорун ишке ашыруунун алкагында колдонулуучу стандарттарга жана талаптарга ылайык заманбап технологиялык жабдуулар, эмеректер жана керектүү шаймандар менен жабдууну федералдык бюджеттин эсебинен акысыз жүзөгө ашыруу;
б) подрядчыны (подрядчыларды) жана техникалык заказчыны алар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде тартуу аркылуу, Объекттерди туруктуу үзгүлтүксүз жабдуу схемасы боюнча туташтыруу үчүн инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары Кыргыз Тараптан көрсөтүлгөн жер участокторунун чегине чейин жеткирилгенден кийин биринчи этапта Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашкан жер участокторундагы бассейндери менен Объекттерди курууну аткаруу аркылуу Объекттерди алардын материалдык-техникалык жабдуулары менен кошо долбоорлоо жана куруу боюнча комплекстүү иштерди этап-этабы менен аткарат;
экинчи жана үчүнчү этаптардагы бассейндери бар Объекттерге карата иштердин башталышы ушул Макулдашуунун талаптарына толук ылайык келген жер участоктору эки тараптуу атайын комиссия тарабынан бекитилгенден кийин, ошондой эле Объекттерди туруктуу үзгүлтүксүз жабдуу схемасы боюнча туташтыруу үчүн инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары Кыргыз Тараптан көрсөтүлгөн жер участокторунун чегине чейин жеткирилгенден кийин жүргүзүлөт;
в) ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү, башка зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүгө башка контракттарды түзөт;
г) камсыз кылат:
Россия Федерациясында учурда колдонулган, ага ылайык Объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу негизги ченемдик документтерди Кыргыз Тарапка өткөрүп берүүнү;
Объекттерди куруунун жана пайдаланууга берүүнүн бардык стадияларында автордук байкоону жана контролдоону жүргүзүүнү;
Кыргыз Республикасына жабдууларды жана материалдарды долбоордук документтерде каралган көлөмдөрдө жана Объекттерди пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон мөөнөттөрдө макулдашылган көлөмгө жана спецификацияларга ылайык жеткирүүнү, ошондой эле зарыл болгон учурда аларды техникалык регламенттерде каралган шарттарга ылайык сактоону камсыз кылат;
д) Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык Объекттердин эксплуатациялык чыгымдарын эсептөө үчүн зарыл болгон техникалык документтерди, анын ичинде инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагындагы (электр жана суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу тармактары, желдетүү жана кондиционерлештирүү системалары, жылытуу системалары жана башкалар) техникалык документтерди Кыргыз Тарапка макулдашылган көлөмдө берет;
е) Объекттерде өндүрүлгөн системалар менен жабдууларды сыноо этабында Объекттерди пайдалануу, инженердик системалар менен жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн Кыргыз Тарап сунуш кылган техникалык адистерге (эксплуатациялоочу персоналга) нускама берет (билимдерин текшерүү менен бирге).
3. Кыргыз Тарап:
а) камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Объекттерди куруу үчүн жер участокторунун чектерин көрсөтүү менен жер участокторун бөлүп берүүнү;
бөлүнгөн жер участокторун ал жерде болгон чектөөлөрдөн жана түйшүктөрдөн, анын ичинде жер участокторун дарак-бадал өсүмдүктөрүнөн, имараттардан жана курулмалардан бошотуу, учурдагы инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын жер участокторунун чегинен алып чыгууну;
Объекттерди куруу мезгилинен баштап, алардын өлчөмдөрүн, чектерин жана даректерин көрсөтүү менен Кыргыз Тарапка өткөрүп бергенге чейин Россиялык Тарап аныктаган адамга кандайдыр бир чектөөлөрү жана түйшүктөрү жок бош жер участокторун акысыз пайдаланууга берүүнү;
ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында россиялык жана кыргыз аткаруу уюмдары, подрядчы (подрядчылар), техникалык заказчы тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына кошулган салыктан бошотуу боюнча зарыл болгон ченемдик актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алууну, ошондой эле Объекттерди куруу жана материалдык-техникалык жактан жабдуу максатында келтирилген материалдардын, жабдуулардын жана башка товарлардын наркына кошулган салыктан бошотууну;
ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында подрядчы (подрядчылар), техникалык заказчы, аткаруучу уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген, ошондой эле ушул Макулдашуунун 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларды (материалдарды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди) бажы алымдарынан, салыктардан жана жыйымдардан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди даярдоону жана иш-аракеттерди жасоону;
берилген жер участокторуна карата жүргүзүлгөн инженердик изилдөөлөрдүн (инженердик-геологиялык, инженердик-геодезиялык, инженердик-экологиялык) жеткиликтүү натыйжаларын подрядчыга (подрядчыларга), техникалык заказчыга берүүнү;
Объекттерди курулуш учурунда, ошондой эле курулуш аяктагандан кийин бекитилген курулуш графигине жана Объекттердин ар бири үчүн белгиленген ченемдер боюнча сандык керектөөлөргө ылайык туруктуу үзгүлтүксүз жабдуу схемасы боюнча инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына туташтырууну;
Объекттерди пайдалануу маселелери, инженердик системалар менен жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо маселелери боюнча көрсөтмө берүү үчүн жалпы билим берүү уюмдарына Объекттер пайдаланууга берилгенге чейин 3 (үч) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө техникалык адистерди (эксплуатациялоочу персоналды) жиберүүнү;
б) Объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошуу максатында курулуш үчүн бөлүнгөн жер участокторунун, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарынын (электр жана суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу, жылытуу, кирүү жолдорунун, байланыштын була-оптикалык линияларынын тармактары) чек араларына чейин долбоорлоону жана курууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетиндеги каражаттардын эсебинен туура каржылоону жүзөгө ашырат;
в) камсыз кылат:
инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагына даярдоого жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү;
Кыргыз Республикасында мамлекеттик экспертизага инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагындагы долбоордук документтерди көрсөтүүнү жана зарыл корутундуларды алууну;
Кыргыз Тарабынан курулуш үчүн бөлүнгөн жер участокторунун чек араларына чейин инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын куруу жана пайдаланууга берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын зарыл уруксаттарды алууну;
подрядчы (подрядчылар) менен макулдашылган көлөмдө жана мөөнөттө долбоордук документтерди иштеп чыгууну, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын курууга техникалык көзөмөл жүргүзүүнү, аларды коопсуз пайдалануу үчүн талаптарды иштеп чыгууну, техникалык документтерди иштеп чыгууну, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын подрядчы жана техникалык заказчы менен макулдашылган көлөмдө, номенклатурада жана мөөнөттөрдө зарыл болгон жабдууларды кошо орнотууну жана ишке киргизүүнү;
г) Объекттерди долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү жана андан ары иштетүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана Кыргыз Тараптын ченемдик актыларынын көчүрмөлөрүн Россия Тарап менен макулдашылган көлөмдө жана мөөнөттө өткөрүп берет;
д) подрядчыга (подрядчыларга), техникалык заказчыга жана Макулдашууну ишке ашырууга катышкан аткаруучу уюмдарга Объекттерди куруу жана пайдаланууга берүү менен байланышкан келишимдер (контракттар) боюнча товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында талап кылынуучу атайын уруксаттарды алууга көмөк көрсөтөт;
е) подрядчынын (подрядчылардын), техникалык заказчынын жана россиялык аткаруучу уюмдардын иш сапарына жиберилген кызматкерлерине (анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, алар Кыргыз Республикасынын аймагына 1 жылдан ашык мөөнөткө иш сапарына жиберилген учурда) турак жайларды жана медициналык тейлөө мекемелеринен офистерди алууда акы төлөнүүчү негизде көмөк көрсөтөт;
ж) россиялык подрядчылардын, техникалык заказчылардын жана россиялык аткаруучу уюмдардын эл аралык телефон байланышынын жана "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануусуна акы төлөнүүчү негизде көмөк көрсөтөт;
з) Объекттерди куруу аянтчаларында иштөө үчүн тиешелүү квалификациядагы адистерди тартуу зарыл болгон учурда подрядчыга (подрядчыларга) көмөк көрсөтөт;
и) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, тизмеси, даярдоо жана жеткирүү шарттары Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан макулдашыла турган материалдар менен жабдууларды жеткирүү жана өндүрүштү локализациялоого карата иштерди координациялайт;
к) Кыргыз Республикасында курулуш үчүн керектүү материалдарды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди ташып келүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле товарларды бажылык тариздөөгө берүүгө уруксат документтерин алууну камсыз кылат;
л) ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык түзүлүүчү атайын эки тараптуу комиссияга зарыл маалыматты өз убагында берүүнү жана анын өкүлдөрүнүн Объекттердин курулуш аянтчаларына кирүүсүн камсыз кылат.
5-берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Россия Федерациясына товарларды (материалдарды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди) ташып келүү жана Россия Федерациясынан ташып чыгуу биринчи кезекте көрсөтүлгөн товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы жыйымдарын, бажы алымдарын жана салыктарды колдонбостон жүзөгө ашырылат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында товарларды (материалдарды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди) Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу биринчи кезекте көрсөтүлгөн товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы жыйымдарын, бажы алымдарын жана салыктарды колдонбостон жүзөгө ашырылат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында товарларды ташып келүү жана ташып чыгуу подрядчы (подрядчылар), техникалык заказчы жана аткаруучу уюмдар тарабынан ишке ашырылат.
6-берене
Ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык курулган объекттер курулушу аяктагандан жана мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын актысына кол коюлгандан кийин кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары боюнча Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилет. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып тиешелүү Объект Кыргыз Республикасынын менчиги болуп калат.
7-берене
1. Жалпы билим берүү уюмдарынын Уюштуруучулары (мындан ары - Уюштуруучулар) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги болушат. Жалпы билим берүү уюмдары мекеме түрүндө түзүлөт.
2. Жалпы билим берүү уюмдары Уюштуруучулар тарабынан бекитилген уставдардын негизинде иштешет. Уставдардан тышкары жалпы билим берүүчү уюмдар өз ишинде Тараптардын ар бир мамлекетинин ушул Макулдашууга карама-каршы келбеген бөлүгүндөгү мыйзамдарын, ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун локалдуу ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилерин дайындоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Россия Федерациясынын жарандарынын ичинен Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары жалпы билим берүүчү уюмдарды мамлекеттик каттоо Объекттердин курулушун аяктоо пландалган датасына чейин 6 (алты) айдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
5. Жалпы билим берүү уюмдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мамлекеттик кабыл алуу комиссиялары тарабынан Объекттерди алардын курулушу бүткөндөн кийин кабыл алууда катышат.
6. Кыргыз Тарап жаңы курулган Объекттерди жалпы билим берүү уюмдарына аларды жайгаштыруу жана билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми жер участокторун туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу укугунда берет.
7. Жалпы билим берүү уюмдарында иш кагаздарын жүргүзүү орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.
8. Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Жалпы билим берүүчү уюмдардын билим берүү ишин лицензиялоо жана мамлекеттик аккредитациялоо Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Билим берүү чөйрөсүндө федералдык мамлекеттик контроль (көзөмөл), балдардын ден соолугуна жана (же) өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан балдарды коргоо жөнүндө Россия Федерациясынын мыйзамдарынын сакталышына, Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылуучу жалпы билим берүү уюмдарынын ишине федералдык мамлекеттик контроль (көзөмөл) Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылуучу жалпы билим берүү уюмдарынын ишине билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль (көзөмөл) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
Пландык текшерүүлөр аталган контролдун (көзөмөлдүн) түрлөрүнүн алкагында Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызмат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген ар жылдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр аталган контролдун (көзөмөлдүн) түрлөрүнүн алкагында Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызмат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.
11. Жалпы билим берүү уюмдары башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин милдеттүү катары Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана тиешелүү федералдык негизги жалпы билим берүү программаларына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жүзөгө ашырат.
Жалпы билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз тилин окутуу менен орус тилинде жүргүзүлөт.
12. Окуучуларды кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Уюштуруучулар жыл сайын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын санын Россия Федерациясынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген билим берүү ишин жүзөгө ашыруунун санитардык ченемдерине ылайык аныкташат.
13. Жалпы билим берүү уюмдарына акысыз негизде окутуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Россия Федерациясынын жарандарынын балдары кабыл алынат.
Бош орундар болгон учурда жалпы билим берүү уюмдары окутуу үчүн, анын ичинде келишимдик негизде башка мамлекеттердин жарандарынын балдарын кабыл алууга укуктуу.
14. Жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүрүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү билим берүү программалары боюнча окугандарга милдеттүү түрдө мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүү менен аяктайт.
Жалпы билим берүү уюмдарында билим алган жана негизги жалпы билим берүүнүн же орто жалпы билим берүүнүн программаларын өздөштүрүүнү аяктаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн адамдарга Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган тартипте билими жөнүндө документтер берилет.
Жалпы билим берүү уюмдарында билим алган жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык орто жалпы билим берүүнүн программаларын өздөштүрүүнү аяктаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн жана окуу планына ылайык окутулган бардык окуу предметтери боюнча "эң жакшы" деген жыйынтыктоочу бааларды алган адамдарга билими жөнүндө тиешелүү документти берүү менен бирге билим берүү уюму Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган тартипте "Окуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн" медалын тапшырат.
Жалпы билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык негизги жалпы же орто жалпы билим берүүнүн программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте билими жөнүндө документ берилет.
15. Россиялык Тарап жалпы билим берүү уюмдарына федералдык бюджеттин каражаттарын берүү жолу менен жалпы билим берүү уюмдарынын ишин, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын жана квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарын Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн окуу адабияттары жана окуу-методикалык комплекттер менен камсыз кылуучу, көмөкчү функцияларды аткарган инженердик-техникалык, административдик, өндүрүштүк, окуу-көмөкчү жана башка кызматкерлердин эмгек акысын финансылык жактан камсыз кылат.
Россиялык Тарап төмөнкүдөй чыгымдарды тартат:
Объекттерди, анын ичинде бассейндик комплекстерди учурдагы жана капиталдык оңдоону ишке ашырууга байланышкан;
бассейндик комплекстердин жабдууларын жана инженердик системаларды эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча чыгымдарды кошпогондо, эксплуатациялык, анын ичинде жабдууларды жана инженердик системаларды техникалык тейлөө;
- жалпы билим берүү уюмдарына туруктуу (мөөнөтсүз) пайдаланууга берилген жер участокторун көрктөндүрүү менен байланышкан;
Россия Федерациясынын жарандары болгон жана Россия Федерациясынан жалпы билим берүү уюмдарында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн кетип жаткан жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жашоосу менен байланышкан. алардын иш жүзүндө жашаган жеринен жумуш аткарган жерине чейин жана кайра кайтып келүү боюнча транспорттук чыгымдары;
- кенже класстардын окуучулары үчүн акысыз ысык тамактанууга.
16. Кыргыз Тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программалары боюнча эмгектенген жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү, квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону жана башка чыгымдарды камсыз кылат.
Кыргыз Тарап Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программалары боюнча эмгектенген жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана тиешелүү федералдык негизги жалпы билим берүү программаларына ылайык билим берүү программалары боюнча эмгектенген педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы менен бирдей акы төлөөнү камсыз кылууга милдеттенет.
17. Кыргыз Тарап Россиялык Тарап менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн окуу адабияттары жана окуу-методикалык комплекттер менен камсыз кылат.
18. Кыргыз Тарап республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жалпы билим берүү уюмдарынын коопсуздугуна багытталган чыгымдарды каржылоону камсыз кылат, коммуналдык чыгымдарды (электр менен жабдуу, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу, байланыш кызматтарына жана "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү боюнча кызматтарга акы төлөө, жылуулук менен жабдуу, анын ичинде көмүр сатып алуу жана техникалык персоналдын эмгегине акы төлөө), ошондой эле бассейндик комплекстердин жабдууларынын жана инженердик системаларынын эксплуатациялык жана техникалык тейлөө чыгымдарын төлөйт.
19. Кыргыз Тарап билим берүү уюмдарында окугандарга медициналык тейлөөнү уюштуруу боюнча биргелешкен иш жөнүндө келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жалпы билим берүү уюмдарында бекитиле турган медициналык кызматкерлерди тартуу менен жалпы билим берүү уюмдарына медициналык тейлөөнү камсыз кылат.
20. Жалпы билим берүү уюмдары учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жүзөгө ашыруу максатында демөөрчүлөрдүн каражаттарын тартууга укуктуу.
21. Кыргыз Тарап жалпы билим берүү уюмдарынын аймагында укуктук тартипти сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрөт.
22. Жалпы билим берүү уюмдарынын бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын бюджеттик эсепке алуу эсептеринин планы боюнча жүзөгө ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмдарына материалдык жоопкерчилик менен байланышкан кызмат орундарына Россия Федерациясынын жарандары гана кабыл алынат.
Россия Федерациясынан жиберилүүчү жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөө Тараптардын мамлекеттеринин улуттук валюталарында жүргүзүлөт.
8-берене
Ушул Макулдашуунун алкагында иштерди аткаруунун жана кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө подрядчы (подрядчылар), техникалык заказчы, аткаруучу уюмдар тарабынан берилүүчү же түзүлүүчү интеллектуалдык менчикке укукту укуктук коргоо жана бөлүштүрүү маселелери Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен жөнгө салынат. Эгерде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык тиешелүү россия жана кыргыз аткаруучу уюмдары тарабынан подрядчы (подрядчылар), техникалык заказчы менен түзүлгөн келишимдерде (контракттарда) башкача каралбаса, ушул Макулдашуунун алкагында техникалык чечимдер жана интеллектуалдык менчик объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди өткөрүп берүү мындай чечимдерге жана интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды өткөрүп берүүгө (ээликтен ажыратууга) алып келбейт.
Тараптардын ушул Макулдашуунун алкагында биргелешип түзүлгөн интеллектуалдык иштин кандай гана болбосун натыйжаларын жана аларга болгон укуктарды пайдалануунун (тескөөнүн) шарттарын аныктоо тартиби Тараптардын ортосунда жазуу жүзүндөгү макулдашуунун предмети болууга тийиш. Мындай макулдашууларга жеткенге чейин ушул Макулдашуунун алкагында биргелешип түзүлгөн интеллектуалдык иштин натыйжалары ушул Макулдашуунун максаттарында гана пайдаланылат жана Тараптардын бири да аларды өз алдынча тескөөгө укугу жок.
Ушул Макулдашуунун алкагында аткарылган биргелешкен иштеп чыгуулар жөнүндө ар кандай маалымат үчүнчү жакка берилбеши керек.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө кайсы Тараптын болбосун өз алдынча түзгөн интеллектуалдык ишинин натыйжаларына болгон укуктары ошол Тарапка таандык.
9-берене
1. Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар эки тараптуу атайын комиссия түзүшөт.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери менен бекитилген атайын эки тараптуу комиссиянын курамына ар бир Тараптын мамлекеттеринин аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү кирет.
2. Атайын эки тараптуу комиссия төмөнкү милдеттерди аткарат:
а) Объекттерди куруу үчүн жер участокторун бекитет;
б) Кыргыз Республикасынын аймагындагы бийлик органдары менен өз ара аракеттенет;
в) Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашкан жер участокторунда жалпы билим берүү уюмдарын жайгаштыруу үчүн Объекттердин биринчи этаптагы курулушун эске алуу менен курулуш этаптарынын кезектүүлүгүн бекитет;
г) типтүү долбоордук документтерди бекитет;
д) ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Тараптарды маалымдайт;
е) ушул Макулдашууну ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштамаларын карайт;
ж) Кыргыз Республикасында Объекттерди куруу, материалдык-техникалык жабдуу жана ишке киргизүү боюнча иш-чаралардын тизмесине жана Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу боюнча чаралардын тизмесине (ушул Макулдашуунун № 2 тиркемеси) киргизилген иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн бекитет;
з) ушул Макулдашууну ишке ашырууга тиешелүү башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
Аталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн атайын эки тараптуу комиссия ушул Макулдашууну убактылуу колдонуу башталган күндөн тартып 3 айда бир жолудан кем эмес жолугушат.
10-берене
Ушул Макулдашууну колдонуу жана (же) чечмелөө боюнча Тараптардын ортосундагы талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.
12-берене
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 15 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири кийинки мөөнөт аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки 5 жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында келип чыккан бардык мүлктүк жана билим берүү мамилелерин жөнгө салуу үчүн чараларды көрөт.
___________________ шаарында, 20___-жылдын "___"____________, эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде аткарылды, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууга № 1 тиркеме |
Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жалпы билим берүү уюмдарын жайгаштыруу үчүн имараттарды жана курулмаларды куруу, материалдык-техникалык жабдуу жана ишке киргизүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ТИЗМЕСИ
№ | Иш-чаранын аталышы | Функция | Натыйжа | Жооптуу аткаруучу |
1 | Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жалпы билим берүү уюмдарын (мындан ары - Объекттер) жайгаштыруу үчүн имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо жана аларды материалдык-техникалык жабдуу (анын ичинде окутуу технологиясы жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык окуу куралдарынын тизмеси) | Техникалык тапшырманы даярдоо жана КР БИМ менен макулдашуу | Техникалык тапшырма Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна (мындан ары Фонд) жиберилди | РФ Агартуу министрлиги |
2 | Подрядчыга (подрядчыларга). техникалык заказчыга, аткаруучу уюмдарга салык салуу, бажы алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемдик актыларды даярдоо жана макулдашуу | Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | КР БИМ; КР ЭКМ |
3 | Каражаттарды бөлүү жана кайрымдуулукту Фонддун эсебине жиберүү | Объекттерди куруунун 1-этабын каржылоо үчүн кайрымдуулук өлчөмүн Фонд менен макулдашуу. РФ Өкмөтүнүн тескемесин даярдоо жана чыгаруу | Фонддун эсебиндеги каражаттар | РФ ФМ |
4 | Техникалык заказчынын функцияларын аткарууга. анын ичинде долбоорлоо-изилдөө иштерин аткарууга, эскиздик долбоорду иштел чыгууга, мектептердин имараттарын куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга, даярдоо иштерин аткарууга, курулушка уруксат алууга жана башка иш-чараларга контракт түзүү | Фонддун ченемдик документтерине ылайык конкурстук жол-жоболорду өткөрүү, конкурстук документтерди жана негизги шарттарды РФ ФМ менен макулдашуу | Контрактка кол коюлду | РФ ФМ |
5 | Долбоорлоо-изилдөө иштерин аткаруу (3 этап) |
| Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы | Фонд; техникалык заказчы |
6 | Кыргыз Республикасынын эксперттик органында инженердик изилдөөлөрдүн натыйжаларын мамлекеттик экспертизадан өткөрүү (3 этап |
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик экспертизасынын оң корутундусу | Фонд; техникалык заказчы; КР БИМ; КРМК АКТКЧМА |
7 | Эскиздик долбоорду иштеп чыгуу жана бекитүү | Фонд тарабынан эскиздик долбоорду иштеп чыгуу, КР БИМ менен эскиздик долбоорду макулдашуу, РФ Агартуу министрлиги менен эскиздик долбоорду бекитүү | Эскиздик долбоор иштелип чыкты, макулдашылды жана бекитилди | Фонд; РФ Агартуу министрлиги; КР БИМ |
8 | Объекттерди куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди, анын ичинде окутуунун технологиясын жана окутуу каражаттарынын тизмесин иштеп чыгуу (3 этап) |
| Долбоордук-сметалык документтердин комплекти | Фонд; техникалык заказчы |
9 | Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эксперттик органдарында долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттер аралык экспертизадан өткөрүү, анын ичинде сметалык нарктын экспертизасы (3 этап) |
| Мамлекеттер аралык экспертизанын оң корутундусу | Фонд; техникалык заказчы |
10 | Объекттерди куруунун жана материалдык-техникалык жабдуунун наркын аныктоо, анын ичинде окутуу технологиясы жана мектеп имараттарын курууга подряд келишиминин наркын аныктоо максаттары үчүн окутуу каражаттарынын тизмеси (3 этап) |
|
| Фонд; РФ ФМ; РФ КТКЧМ; РФ Агартуу министрлиги |
11 | Объекттерди куруу үчүн акча каражаттарын бөлүү | Каражат бөлүү жана Фонддун эсебине кайрымдуулук каражаттарын жиберүү жөнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн тескемесин чыгаруу | Фонддун эсебиндеги каражаттар | РФ ФМ |
12 | Жер участокторунун чектериндеги кошуу чекиттерине чейин инженердик-техникалык камсыздоонун тышкы тармактарын курууга долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу (зарылдыгына жараша) |
|
| Жергиликтүү бийлик органдары; КРМК АКТКЧМА; КР БИМ |
13 | Кыргыз Республикасынын эксперттик органында инженердик-техникалык камсыздоонун тышкы тармактарын куруунун долбоордук-сметалык документтерин экспертизадан өткөрүү (тармакка долбоордук-сметалык документтер иштелип чыккан учурда) |
|
| КРМК АКТКЧМА; КР БИМ |
14 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулушка уруксат алуу |
| Уруксат алынды | Фонд; техникалык заказчы; КРМК АКТКЧМА; КР БИМ |
15 | Объекттерди курууга жана материалдык-техникалык жабдууга подрядчы (подрядчылар) менен контрактты (контракттарды) түзүү, анын ичинде окутуу технологиясы жана окутуу каражаттарынын тизмеси | Фонддун ченемдик документтерине ылайык конкурстук жол-жоболорду өткөрүү, конкурстук документтерди жана негизги шарттарды РФ ФМ менен макулдашуу | Контрактка кол коюлду | Фонд; техникалык заказчы; подрядчы (подрядчылар); РФ ФМ |
16 | Объект терди куруу жана материалдык-техникалык жабдуу боюнча иштерди аткаруу (биринчи этап: Бишкек, Баткен, Каракол шаарларында; экинчи жана үчүнчү этап Атайын эки тараптуу комиссия тарабынан бекитилет) |
| Жумушчу комиссиянын актысы | Фонд; техникалык заказчы; подрядчы (подрядчылар); жергиликтүү бийлик органдары; КРМК АКТКЧМА; КРБИМ |
17 | Жер участокторунун чектериндеги кошуу чекиттерине чейин инженердик-техникалык камсыздоонун тышкы тармактарын куруу боюнча иштерди аткаруу |
| Жумушчу комиссиянын актысы | Жергиликтүү бийлик органдары; КРМК АКТКЧМА; КР БИМ |
18 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы тармактарды ишке киргизүү |
| Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын актысы | Жергиликтүү бийлик органдары; КРМК АКТКЧМА; КР БИМ |
19 | Объекттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга берүү |
| Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын актысы | Фонд; техникалык заказчы; подрядчы (подрядчылар); жергиликтүү бийлик органдары; КРМК АКТКЧМА; КР БИМ |
20 | Объекттерди, анын ичинде алардын материалдык-техникалык жабдуулары менен Кыргыз Тарапка өткөрүп берүү (Фонддун жол-жоболоруна ылайык) |
| Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы | Фонд; КР БИМ |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууга № 2 тиркеме |
Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ТИЗМЕСИ
№ | Иш-чаранын аталышы | Функция | Натыйжа | Жооптуу аткаруучу |
1 | Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары жалпы билим берүү уюмдары) уюштуруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Уюштуруу документтерин иштеп чыгуу жана аларды бекитүү | Уюштуруу документтери бекитилди | РФ Агартуу министрлиги; КР БИМ |
2 | Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин талапкерлерине талаптарды даярдоо жапа макулдашуу | Талапкерлерди тандоо критерийлерин иштеп чыгуу | Талапкерлерди тандоо критерийлери макулдашылды | РФ Агартуу министрлиги; КР БИМ |
3 | Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин талапкерлерин тандоо жана бекитүү | Директорлордун талапкерлерин тандоо жана бекитүү | Талапкерлер тандалды жана бекитилди | РФ Агартуу министрлиги; КР БИМ |
4 | Директорлорду дайындоо менен жалпы билим берүү уюмдарын мамлекеттик каттоо | Жалпы билим берүү уюмдарын мамлекеттик каттоо боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу | Билим берүү уюмдары катталды | РФ Агартуу министрлиги; КР БИМ |
5 | Жалпы билим берүү уюмдарын лицензиялоо, аккредитациялоо | Жалпы билим берүү уюмдарын лицензиялоону, аккредитациялоону жүзөгө ашыруу | Аккредитация өткөрүлдү, лицензиялар алынды | Жалпы билим берүү уюмдары; ББИТКФК; КР БИМ |
6 | Жалпы билим берүү уюмдарынын, анын ичинде педагогикалык жана техникалык персоналдын штаттык расписаниесин иштеп чыгуу жана бекитүү | Штаттык расписаниени иштеп чыгуу жана бекитүү | Штаттык расписание иштелип чыкты жана бекитилди | Жалпы билим берүү уюмдары; РФ Агартуу министрлиги; КР БИМ |
7 | Техникалык адистерди ишке кабыл алуу (жалпы билим берүү уюмдарын жайгаштыруу үчүн зарыл болгон имараттарды жана курулмаларды кабыл алууга катышуу үчүн (мындан ары - Объекттер) | Техникалык адистер менен эмгек келишимдерин түзүү | Эмгек келишимдери түзүлдү, техникалык адистер жумушка кабыл алынды | Мектеп директорлору; КР БИМ |
8 | Объекттерди жалпы билим берүү уюмдарына оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүп берүү (аларды пайдаланууга бергенден жана Кыргыз Тарапка өткөрүп бергенден кийин) | Жалпы билим берүү уюмдарына оперативдүү башкаруу укугунда мектептердин имараттарын берүү жөнүндө укуктук актыларды кабыл алуу | Укуктук актылар кабыл алынды | КР БИМ |
9 | Жер участокторун жалпы билим берүү уюмдарына (Объекттердин алдындагы) туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу укугуна берүү | Жалпы билим берүү уюмдарына жер участокторун туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу укугунда берүү жөнүндө укуктук актыларды кабыл алуу | Укуктук актылар кабыл алынды | КР БИМ |
10 | Окуу адабияттарын, окуу куралдарын алуу | Окуу адабияттарын, куралдарын алуу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу | Окуу адабияттары, куралдары алынды | Жалпы билим берүү уюмдары |
КЫСКАРТУУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ
КРМК АКТКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
КР БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
РФ КТКЧМ | - | Россия Федерациясынын Курулуш, турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
РФ Агартуу министрлиги | - | Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги |
КР ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
РФ ФМ | - | Россия Федерациясынын Финансы министрлиги |
КР ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жан коммерция министрлиги |
ББИТКФК | - | Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат |