ПостановлениеДействует

Постановление Ошского городского кенеша от 17 сентября 2014 года № 216 «О внесении дополнения в расчеты по определению арендной платы за использование муниципальных земель (земельных наделов) в городе Ош указанных в приложении № 1 постановления Ошского городского кенеша депутатов № 85 от 14 февраля 2013 года»

Редакцияот 17.09.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XX СЕССИЯСЫ

 (III ЧАКЫРЫЛЫШ)

2014-жылдын 17-сентябры № 216

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 1 тиркемесиндеги Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы γчγн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептѳѳлѳргѳ толуктоо киргизγγ жѳнγндѳ

Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 22-августундагы чыгыш № 278/08-6-депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №85-токтомунун № 1-тиркемесиндеги Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы γчγн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептѳѳлѳргѳ толуктоо киргизип берγγ жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 23-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 1-тиркемесиндеги Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы γчγн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептѳѳлѳрдѳгγ К1-функционалдык багыттардын коэффициентинин 7-пункту «акча алмаштыруучу жайлар» деген сѳздѳрдѳн кийин «карусель» деген сѳз менен толукталып андан ары текст боюнча окулсун.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.

 

Ош шаардык

кеңешинин тѳрагасы:

 

У.Примов