ПостановлениеДействует

Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 113 «Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2016-жылга аткарылышы жана 2017- жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү боюнча» токтому

Редакцияот 15.02.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

 

2017-жылдын 15-февралы № 113

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2016-жылга аткарылышы жана 2017- жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчетун, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2016-жылга (атайын каражаттарды, трансферттерди кошкондо) 39 894,5 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджет 29934,6 миң сом, атайын каражат 9275,1 миң сом, республикалык бюджеттен трансферт 684,8 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү жалпы 40 922,1 миң сом, анын ичинен атайын каражат 9857,8 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин (1, 2, 3 Тиркемелер).

2. 2017-жылга Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 37527,9 миң сомго 3,4,5 Тиркемелерге ылайык бекитилсин.

Анын ичинен төмөндөгүлөр эске алынсын:

Атайын каражат – 8547,5 миң сом;

Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар – 28980,4 миң сом;

3. 01.01.2017-жылга карата кредитордук карыздар (Таблица 1) жана кайрылууларды кароонун жыйынтыгында бөлүнгөн акча каражаты (Таблица 2) ушул токтомдун 2 пункту менен бекитилген акча каражатынын эсебинен 5 Тиркемеге ылайык чыгымдалып, жумшалсын.

4. 2017-жылдын 1-апрелинен баштап чарбалык эсептеги “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы түзүлүп жаткандыгына байланыштуу 5 238,4 миң сом 2511 статьясы боюнча чыгымдалсын.

5. 2017-жыл үчүн Токтогул шаардык мэриясынын 1% резервдик фондунун жалпы көлөмү 285,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. 2017-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейин төмөндөгү кызматкерлерге, жумушчуларга тарификациядагы эмгек акыларына ай сайын үстөк акы кошумча төлөнүп берүү каралгандыгы эске алынсын (3 Тиркеме) :

-Токтогул шаардык мэриясынын 3 кенже тейлөө кызматкерине 2200 сомдон, 2 аппарат кызматкерине 3500 сомдон, 1 аппарат кызматкерине 2200 сомдон:

2111 – 189,6 миң сом айлык акыга;

2121 – 32,7 миң сом соц.фондго чегерүү;

Жалпы: 222,3 миң сом.

-Токтогул шаардык кеңешинин кенже тейлөө кызматкерлерине 2200 сомдон;

2111 – 52,8 миң сом айлык акыга;

2121 – 9,1 миң сом соц.фондго чегерүү;

Жалпы: 61,9 миң сом

-“Ынгайлуу шарт” комбинатындагы кызматкер жана жумушчулардын 1 квартал үчун айлык акысына:

2111 – 619,2 миң сом айлык акыга;

2121- 106,8 миң сом соц фондго чегерүү;

Жалпы: 726,0 миң сом

- “Эс алуу” багынын жумушчуларына 1 квартал үчүн айлык акысына:

2111 – 94,8 миң сом айлык акыга;

2121- 16,4 миң сом фондго чегерүү;

Жалпы: 111,2 миң сом

7. Бул токтомду аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше булагын түзүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын топтолушун катуу көзөмөлгө алуу, ошондой эле ушул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын аргументтелген документтерге таянып, максаттуу пайдалануу түздөн-түз шаар мэринин (М.Калмурзаев) жана ФЭБ башчысынын (Н.Кулузакова) жоопкерчилигинде экендиги баса белгиленсин.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.

9. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

10. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

11. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Дербишев

 

 

Тиркеме№1

 

Токтогул шаардык мэриясынын киреше бөлүгүнүн аткарылышынын

Анализи 2016-жылдын 12 айына (миң сом)

№

Киреше булактары

2016-жылга бекитилген план

2016-жылдын 12 айына такталган план

Фактичес.аткарыл. (мин сом)

12 ай

Айырма (+.-)

такталган планга салыштырма %

1.     

Салык агенттеринен алынуучу киреше салыгы.

15947,0

12947,0

12590,5

-356,5

97,2

2.     

Патенттин негизинде алынуучу милдеттүү салык

415,0

415,0

437,2

22,2

105,3

3.     

Патенттин негизинде алынуучу ыктыярдуу салык

5800,0

5800,0

6002,9

202,9

103,5

4.     

Бирдиктуу салык (чакан ишкерлер)

20,4

20,4

69,6

49,2

341,2

5.     

Кыймылсыз мүлк салыгы

162,0

122,0

123,0

1,0

100,8

6.     

Жеке тараптардан алынуучу короожай жана жер үчүн алынуучу салык

620,8

620,8

790,9

170,1

127,4

7.     

Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы

1100,0

1000,0

1028,8

28,8

102,9

8.     

Айыл чарбасына багытталган

 

 

-6,2

 

 

9.     

Мамлекеттик жыйым

832,0

832,0

344,3

-487,7

41,4

10.  

Сатуудан алынуучу салык

7100,0

6100,0

6049,2

-50,8

99,2

11.  

Кыймылдуу мүлк салыгы.

1372,0

1372,0

1788,9

416,9

130,4

12.  

Штраф жана конфискациялар

100,0

100,0

270,0

170,0

270,0

13.  

Таштанды чыгаруу алынуучу жыйым

350,0

350,0

389,6

39,6

111,3

14.  

Аренда акы

 

 

55,9

 

 

15.  

Бардык жергиликтуу салык жыйымдар:

33819,2

29679,2

29934,6

306,0

101,4

16.  

Атайын каражаттар

8547,5

9375,0

9275,1

-99,9

98,9

17.  

Жалпы:

42366,7

39054,2

39209,7

155,5

100,4

 

 

Тиркеме№2

 

№

статьялардын аталышы

статьялар

Аппарат мэрия

Аппрат Кеңеш

ЖКХ

эс алуу багы

Таза суу

мектептер

бала- бакчалар

ДЮСШ

ДДТ

соц.коргоо

Бардыгы

1

Айлык акы

2111

4023,8

1135,7

2858,1

608,9

 

 

 

 

 

 

8626,5

2

Соц. Фондко чегеруу

2121

575,9

170,1

445,7

98,3

 

 

 

 

 

 

1290

3

Сапар чыгымдары

2211

222,6

27,3

23

0

 

 

 

275,8

 

 

548,7

4

Байланыш чыгымы

2212

31,1

15

 

 

 

15

5

0

 

 

66,1

5.

Аренда плата

2213

40

 

 

 

 

 

 

 

 

 

40

6

Унаа тейлоо  чыгымы

2214

107,5

94,9

946,9

0

 

 

 

 

 

 

1149,3

7

Башка тейлоо кызматтарына толоого байланышкан чыгымдар

2215

729,6

25,2

243,9

0

225

9,1

20,9

0

1,2

 

1284,9

8

Тамак –аш чыгымы

2218

 

 

 

 

 

 

1047,4

 

 

 

1047,4

9

Имараттарды жана курулмаларды учурдагы  ондоо

2221

0

 

817,4

 

66

254,1

260,9

32

40

 

1470,4

10

Учурдагы чарбалык чыгымдар

2222

20,1

14,2

993,2

138,1

200

352,8

200,7

88

27

 

2034,1

11

Кийим мулкун жана башка форма сатып алуу

2223

 

 

63,7

 

0

 

 

0

 

 

63,7

12.

Таш көмүр сатып алуу

2224

 

 

 

 

 

 

12

 

 

 

12

13

Сууга толоолор

22311

4,8

 

 

 

 

180,6

222,5

13,2

 

 

421,1

14

Электро-энергияга толоолор

22312

1297

 

526,7

 

 

1574,7

1088,5

82,8

17,5

 

3419,9

15

Элге жеңилдиктер

2721

558,6

 

 

 

 

 

 

 

 

231,3

789,9

16

Резервный фонд

2824

335

 

 

 

 

 

 

 

 

 

335

17

Имараттар,курулмалар

3111

875,3

 

5547,1

0

 

506,1

803,5

0

 

 

7732

18

Жабдууларды алуу

3112

263,9

0

259,5

 

 

0

200

 

10

 

733,4

19.

Башка негизги фонддор

3113

0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

0

 

Бардыгы:

 

7917,9

1482,4

12725,2

845,3

491

2922,4

3861,4

491,8

95,7

231,2

31064,3

 

Атайын каражаттар:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.

Сапар чыгымдары

2211

8,4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

Башка тейлөө чыгымдары

2215

373,1

 

20,1

 

 

 

0

 

 

 

393,2

2

Тамак –аш чыгымы

2218

 

 

 

 

 

 

6478,2

 

 

 

6478,2

3

Имараттарды  учурдагы  ондоо

2221

 

 

46,2

 

 

 

55,1

 

 

 

101,3

4

Чарбалык чыгымдар

2222

196,4

 

83,4

 

 

 

428

 

 

 

707,8

5

Соттун чечимин аткаруу

2823

400

 

427,5

 

 

 

 

 

 

 

827,5

6

Имараттар жана курулмалар

3111

200

 

63,2

 

 

 

64

 

 

 

327,2

7

Машиналар жана жабдуулар

3112

62

 

826

 

 

 

126,2

 

 

 

1014,2

 

Баардыгы:

 

1239,9

 

1466,4

 

 

 

7151,5

 

 

 

9857,8

 

 

Тиркеме№3

 

Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2017-жылга түзүлүшүнүн долбоору

 

 

Кирешелердин аталышы

2017-жылга долбоор

 

1.     

Салык агентигинен алынган киреше салыгы

14001,0

 

2.     

Чакан ишкер.суб.бирдиктуу салык

23,6

 

3.     

Патенттин негизинде алынуучу милдеттүү  салык

415,0

 

4.     

Патенттин негизинде алынуучу ыктыярдуу  салык

6408,0

 

5.     

Кыймылсиз мулк салыгы

162,0

 

6.     

Кыймылдуу мулк салыгы

1600,0

 

7.     

Мамлекеттик пошлина

0,0

 

8.     

Сатуудан алын.салык

3500,0

 

9.     

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

800,0

 

10.  

Таштандыларды чыгаруудан алынуучу жыйым

350,0

 

11.  

Жеке кожолуктардан алынуучу жер салыгы

620,8

 

12.  

Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы

1100,0

 

13.  

Атайын каражаттар

8547,5

 

14.  

Бардыгы жерг.бюджет

37527,9

 

15.  

Атайын каражатты кошпогондо

28980,4