ЗаконДействует

Закон КР от 20 января 2025 года № 14 «О бюджете Фонда обязательного медицинского страхования при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики на 2025 год и плановый период 2026-2027 годов»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 20-январы № 14

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) 2025-жылга бюджети кирешелер боюнча 8327858,8 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 8327858,8 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2-берене.

ММК фондунун 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3-берене.

ММК фондунун 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

4-берене.

ММК фондунун 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

5-берене.

ММК фондунун 2026-2027-жылдарга программалык негиздеги бюджетинин долбоору 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.

6-берене.

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:

1) 2025-жылга - 1028935,2 миң сом;

2) 2026-жылга план - 1028935,2 миң сом;

3) 2027-жылга план - 1028935,2 миң сом.

ММК фондуна берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыктары алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүлүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:

1) 2025-жылга - 5418568,8 миң сом;

2) 2026-жылга план - 5762114,8 миң сом;

3) 2027-жылга план - 6137190,1 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ММК фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды жыл ичинде өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.

7-берене.

1. ММК фондунун бюджетинин 2025-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 451577,4 миң сом суммасында белгиленсин.

2. Жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча жыл ичинде болгон табигый кырсыктарга, кыйроолорго, террористтик актыларга жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын финансылык камсыз кылуу менен оор кырдаалдар келип чыккан учурда ММК фондунун чыгашалар боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.

8-берене.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө укуктуу:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана (же) тескемелерине ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон, бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмдөрүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.

9-берене.

Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчиси 1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.

10-берене.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен ММК фондунун бюджетинин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.

11-берене.

Сот органдарынын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу баракчалары боюнча төлөмдөр тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

12-берене.

Бирдиктүү төлөөчү тутумунун саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эсептер үчүн колдонулуучу базалык ченемдер 2025-жылга 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

13-берене.

1. Келишимдик негиздеги кызмат көрсөтүүлөр үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча ыйгарым укуктар ММК фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.

2. ММК фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат.

3. ММК фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында жана толук акы төлөөнү жүзөгө ашырууга жоопкерчилик тартат.

4. ММК фондунун бюджетинин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

5. Саламаттык сактоо уюмдары жана ММК фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен пайдаланылган каражаттар алар берилген тиешелүү бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.

6. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына жылдын башына карата атайын эсептерде топтолуучу каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.

14-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 18-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата 1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга БЮДЖЕТИ

(миң сом)

Код

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

2025-жыл

 

Бардык ресурстар:

8327858,8

1

Кирешелер

7907362,9

12

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

630738,0

123

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери

630738,0

13

Алынган расмий трансферттер

6447504,0

1333

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар

1028935,2

1335

Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар

5418568,8

14

Салыктык эмес кирешелер

829120,9

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

829120,9

 

А.и. тең төлөө каражаттары

829120,9

 

Жыл башына карата калдык

420495,9

 

Бардык жалпы чыгашалар:

8327858,8

2

Чыгашалар

8327858,8

2111

Эмгек акы

179877,3

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

25068,9

2211

Кызматтык иш сапарларына чыгашалар

7824,7

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

1931,7

2213

Ижара акысы

12142,2

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

4372,9

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

7845,7

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

8078023,0

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2305,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

3646,8

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

206,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

1000,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1714,6

3112

Машиналар жана жабдуулар

1900,0

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата 2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2026-2027-жылдарга БОЛЖОЛУ

(миң сом)

Код

Кирешелердин аталышы

2026-жыл

2027-жыл

 

Бардык ресурстар:

8843107,1

9657551,7

1

Кирешелер

8391559,7

9177375,5

12

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

730650,0

1098650,0

1231

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери

730650,0

1098650,0

13

Алынган расмий трансферттер

6791050,0

7166125,3

133

Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери

6791050,0

7166125,3

1333

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар

1028935,2

1028935,2

1335

Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар

5762114,8

6137190,1

14

Салыктык эмес кирешелер

869859,7

912600,2

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

869859,7

912600,2

 

а.и. тең төлөө каражаттары

869859,7

912600,2

 

Жыл башына карата калдык

451547,4

480176,2

 

Бардык жалпы чыгашалар:

8843137,1

9657551,7

2

Чыгашалар

8843137,1

9657551,7

2111

Эмгек акы

225744,2

238904,6

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

31555,8

33395,4

2211

Кызматтык иш сапарларына чыгашалар

7824,7

7824,7

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

941,3

941,3

2213

Ижара акысы

12142,2

12142,2

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

4372,9

4372,9

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

3122,0

3122,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

8548489,5

9347904,1

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2146,0

2146,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

2977,9

2977,9

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн алуу

206,0

206,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1714,6

1714,6

3112

Машиналар жана жабдуулар

1900,0

1900,0

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата 3-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджети - Кирешелер

(миң сом)

Код

Кирешелердин аталышы

2025-жыл

 

Жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер

8327858,8

 

Жыл башына карата калдык

420495,9

1

Кирешелер

7907362,9

12

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

630738,0

1231

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери

630738,0

12311200

ММК полисин берүүдөн түшүүлөр

630738,0

13

Алынган расмий трансферттер

6447504,0

133

Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери

1028935,2

1333

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар

1028935,2

13332

Республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине алынган каражаттар

1028935,2

133322

Калктын жеңилдик берилген категорияларына камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

1028935,2

13332210

16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

774920,1

13332220

Пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

176311,5

13332230

Тубаса майыптарды жана социалдык жөлөкпул алган адамдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

26302,8

13332240

Баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин 21 жашка толгонго чейин милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

44778,6

13332250

Калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

4868,1

13332260

Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын, офицерлерди, прапорщиктерди, мөөнөттөн тышкары кызматтын аскер кызматчыларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

1754,1

1335

Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар

5418568,8

13351100

Социалдык фонддун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар

5418568,8

14

Салыктык эмес кирешелер

829120,9

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

829120,9

 

Анын ичинде тең төлөө каражаттары

829120,9

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата 4-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджети - Чыгашалар (чыгашалардын ведомстволук классификациясы жана экономикалык классификациясы боюнча)

(миң сом)

Код

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

2025-жыл

36

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

8327858,8

36110

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (аппарат)

76067,0

2111

Эмгек акы

53907,8

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

7493,4

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

1500,0

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

362,4

2213

Ижара акысы

7831,4

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

1466,8

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

705,2

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

100,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

800,0

3112

Машиналар жана жабдуулар

1900,0

 

Бардыгы:

76067,0

36121

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ведомстволук мекемелер)

166226,8

2111

Эмгек акы

125969,5

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

17575,5

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

6324,7

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

578,9

2213

Ижара акысы

4310,8

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

2906,1

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

2416,8

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2046,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

2177,9

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

206,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1714,6

 

Бардыгы:

166226,8

36141

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (саламаттык сактоонун ведомстволук мекемелери)

6858805,5

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

6858805,5

 

Бардыгы:

6858805,5

36210

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр)

617640,1

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

617640,1

 

Бардыгы:

617640,1

36220

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (техникалык жабдууларды жакшыртуу жана медицина жаатында жаңы технологияларды киргизүү)

150000,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

150000,0

 

Бардыгы:

150000,0

36230

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчүнүн системасын маалыматтык-коммуникациялык камсыздоо жана банктык тейлөө) (аппарат)

1792,0

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

590,4

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

573,7

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

59,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

568,9

 

Бардыгы:

1792,0

36230

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчү системасын маалыматтык-коммуникациялык камсыздоо жана банктык тейлөө) (ведомстволук мекемелер)

5600,0

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

400,0

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

4000,0

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

100,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

100,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

1000,0

 

Бардыгы:

5600,0

36240

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК полистерин даярдоо)

150,0

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

150,0

 

Бардыгы:

150,0

36310

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (камсыздандыруу запасы)

451547,4

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

451547,4

 

Бардыгы:

451547,4

 

Бардык чыгашалар:

8327858,8

2111

Эмгек акы

179877,3

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

25068,9

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

7824,7

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

1931,7

2213

Ижара акысы

12142,2

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

4372,9

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

7845,7

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

8078023,0

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2305,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

3646,8

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

206,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

1000,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1714,6

 

Бардык операциялык чыгашалар:

8325958,8

3112

Машиналар жана жабдуулар

1900,0

 

Бардык финансылык эмес активдер:

1900,0

 

Бардык чыгашалар:

8327858,8

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата 5-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджети - Чыгашалар (функциялык классификация боюнча)

(миң сом)

Код

Көрсөткүчтөрдүн аталышы (функциялар боюнча)

2025-жыл

36

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү

8327858,8

7071

Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура

617640,1

70711

Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура

617640,1

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

617640,1

 

Анын ичинде ММК дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо

617640,1

7072

Амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөр

3708432,9

70721

Жалпы профилдеги медициналык кызмат көрсөтүүлөр

3708432,9

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

3708432,9

7073

Ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

2850372,6

70731

Жалпы профилдеги ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

1855519,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

1855519,0

70732

Адистештирилген ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

458096,9

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

458096,9

70733

Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү

141790,8

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

141790,8

70735

Балдар үчүн калыбына келтирип дарылоо борборлорунун жана ооруканаларынын кызмат көрсөтүүлөрү

394965,9

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

394965,9

7075

Саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар

150000,0

70751

Саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар

150000,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

150000,0

7076

Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери

1001413,2

70761

Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери

1001413,2

2111

Эмгек акы

179877,3

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

25068,9

2211

Кызматтык иш сапарларына чыгашалар

7824,7

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

1931,7

2213

Ижара акысы

12142,2

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

4372,9

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

7845,7

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

751577,4

2221

Мүлктү учурдагы ондоого кеткен чыгымдар

2305,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу

3646,8

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

206,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

1000,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1714,6

3112

Машиналар жана жабдуулар

1900,0

 

Бардыгы:

8327858,8

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата 6-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-2027-жылдарга программалык негиздеги БЮДЖЕТИ

ПР коду

ЧАРА

Бюджеттик программалар/ Бюджеттик чаралар

 

Натыйжалуулук индикатору

Өлчөө бирдиги

2023

Базалык жыл

Максаттуу маанилери

2023-жыл

2024-жыл

2025-жыл

2026-жыл

2027-жыл

2024

2025

2026

2027

1

 

1-программа. Башкаруу жана тескөө

Программанын максаттары: Бирдиктүү төлөөчү катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (мындан ары - ММК фонду) институттук жактан күчтөндүрүү. Башка программаларды ишке ашырууга координациялык жана уюштуруучулук таасир этүү

Калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтуу

%

71,0%

71,0%

71,0%

72,0%

72,0%

1

1

Борбордук деңгээлде тармакты башкаруу жана тескөө

94004,6

141389,8

78009,0

93157,8

97624,6

ММК фондунун ар жылдык иш-чаралар планын аткаруу деңгээли

%

75,0%

95,0%

95,0%

95,0%

95,0%

1

2

Региондук деңгээлде тескөө

160080,9

208760,2

171826,8

208881,8

219415,0

Калктын ишеним индексинин орточо көрсөткүчү

%

22,0%

36%

36%

36%

36%

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин индикаторлорун аткаруунун деңгээли

%

75%

85,0%

85,0%

85,0%

85,0%

 

 

1-программа боюнча жыйынтык

254085,5

350150,0

249835,8

302039,6

317039,6

 

 

 

 

 

 

 

2

 

2-программа. Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын көрсөтүү

Программанын максаттары: баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ооруларды эрте аныктоо, диагностикалоо, медициналык жана профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу

Башка программалар боюнча жалпы чыгашаларда баштапкы медициналык-санитардык жардамга чыгашалардын үлүшү

%

40%

36,6%

36,6%

36,9%

36,9%

БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардамдын сапатынын бекитилген ченемдик документтерге ылайык келүү деңгээли

%

65%

65%

65%

65%

65%

Бейтаптардын канааттануу деңгээли (баалоо картасы боюнча)

%

82,0%

81,0%

82,0%

83,0%

84,0%

2

1

Республиканын калкына шашылыш (тез) медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

433834,3

842016,8

 

 

 

Иштеп жаткан тез жардам бригадаларынын санынын бекитилген санга дап келүү пайызы

%

100,0%

90,0%

 

 

 

2

2

Республиканын калкына баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

5235032,0

8351321,6

2422269,5

2428311,6

2615650,4

Темирдин жетишсиздигинен аз кандуулукка текшерилген 1 жашка чейинки балдардын үлүшү

%

88%

65%

65%

65%

65%

БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарында кош бойлуулуктун биринчи уч айлыгында акысыз өткөрүлгөн симптомсуз бактериурияга зааранын анализдеринин үлүшү (зааранын Грам боюнча боелушу, зааранын тунмасынын микроскопиясы, зааранын орточо порциясында бактериялардын жайылышы)

%

78%

70%

70%

70%

70%

 

 

 

 

 

 

 

БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарында акысыз жүргүзүлгөн кан анализдеринин үлүшү: кант диабети диагнозу коюлган бейтаптарга гликацияланган гемоглобинди аныктоого

%

84%

55%

55%

55%

55%

2

3

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) алкагында калкка стоматологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

257391,3

500899,7

 

 

 

Кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган кош бойлуу аялдарды стоматологдон профилактикалык кароодон өткөрүүнү камтуу

абс. с.

151591

72500

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Профилактикалык кароо учурунда аныкталгандардын ичинен кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган, санацияланган кош бойлуу аялдардын үлүшү

%

90,0%

100,0%

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Уюшкан топтун (мектептер, бала бакчалар) ичинен профилактикалык кароодон өткөн 10 жашка чейинки балдардын үлүшү

%

81,0%

80,0%

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Профилактикалык кароо учурунда аныкталгандардын ичинен ооз көңдөйүн санациялоодон өткөн 10 жашка чейинки балдардын үлүшү

%

62%

60%

 

 

 

2

4

Баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

10867,0

46073,1

 

 

 

Пилоттук баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарында амбулатордук деңгээлде дарылоону ийгиликтүү аяктаган кургак учук менен ооругандардын саны

бирд.

1531

1900

 

 

 

2

5

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоонун республиканын калкына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу (терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулүуларды; параноялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүү менен ооругандарды; ар түрдүү генездеги аффективдүү бузулууларды; талма; бронх астмасы менен ооругандарды)

40355,2

70000,0

 

 

 

Амбулатордук деңгээлде Мамлекеттик кепилдик программасынын рецепттери боюнча сатылган дары-дармектердин ордун толтуруу деңгээли

%

90%

90%

 

 

 

2

6

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоонун республиканын камсыздандырылган калкына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу

390026,1

536990,0

617640,1

712661,7

819560,9

Амбулатордук деңгээлде милдеттүү медициналык камсыздандыруу рецепттери боюнча сатылган дары-дармектердин ордун толтуруу деңгээли

%

60%

50%

50%

50%

50%

2

7

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн ашыкча калкка акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү

182710,0

147884,4

155278,8

162908,4

170912,9

Бекитилген план боюнча иш жүзүндө аткаруунун пайызы

%

109%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

2

8

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык эмес жана башка кызматтарды көрсөтүүсү

329879,3

265610,3

 

 

 

Бекитилген план боюнча иш жүзүндө аткаруунун пайызы

%

62%

95,0%

 

 

 

2

9

Иштөөнүн сапатынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна дем берүү жолу менен калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу (Натыйжага багытталган программанын (НБП) иш-чаралары)

38835,0

316750,0

 

199970,0

230000,0

Баалоо картасын пайдалануу менен сапатты баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарынын үлүшү

%

95%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

2

10

Эмгек акыны жогорулатуу жолу менен саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерине материалдык дем берүүнү камсыз кылуу

3742918,7

 

 

 

 

Каражаттарды өздөштүрүүнүн пайызы

%

100%

 

 

 

 

2

11

Баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү адистештирилген психиатриялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

5941,1

10020,0

 

 

 

Пилоттук баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарынын амбулатордук деңгээлде психикалык бузулуулардын башкарылуучу учурларынын саны

бирд.

694

714

 

 

 

 

 

2-программа боюнча жыйынтык

10667790,0

11087565,9

3195188,4

3503851,7

3836124,2

 

 

 

 

 

 

3

 

3-программа. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан стационардык деңгээлде кызматтарды көрсөтүү

Программанын максаты: Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык деңгээлде кепилденген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу

100 миң калкты ооруканага жаткыруу деңгээли

%

13,0%

13,4%

13,4%

13,2%

13,2%

Канааттануу деңгээли (баалоо картасы боюнча)

83,0%

82,0%

82,0%

83,0%

83,0%

3

1

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык жардамдын деңгээлинде республиканын калкына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

8137965,2

12478828,4

3463489,8

3762105,4

4285174,9

Социалдык жеңилдиктер боюнча дарыланган калктын үлүшү

%

45%

45,0%

45,0%

45,0%

45,0%

Кыска мөөнөттүү бөлүмдөрдө дарыланган балдардын жалпы профилдик стационарларда дарыланып чыккан балдардын жалпы санына карата үлүшү

%

10,0%

18,0%

18,0%

18,0%

18,0%

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

105,0%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

Медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдетилген дарылоодон өткөн калктын үлүшү

%

23,0%

29,0%

29,0%

29,0%

29,0%

3

2

Стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

659537,0

1028395,9

15466,6

17222,9

20167,7

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

3

3

Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

267727,6

522714,6

45427,1

59737,0

67233,2

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

100,0%

107,0%

107,0%

107,0%

107,0%

3

4

Адистештирилген кардиохирургиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

39677,5

76000,0

 

 

 

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

100%

100,0%

 

 

 

3

5

Адистештирилген психиатриялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

319784,0

458536,9

83061,6

35073,0

39352,7

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

95%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

3

6

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн ашыкча калкка акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү

454093,9

641104,0

673842,1

532901,3

431026,9

Бекитилген планга карата иш жүзүндө аткаруунун пайызы

%

93,0%

95,0%

95,0%

95,0%

95,0%

3

7

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык эмес жана башка кызматтарды көрсөтүү

336799,7

485416,9

 

 

 

Баалоо картасын пайдалануу менен сапатка баалоо жүргүзүлгөн стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын саны

абс с.

77

183

 

 

 

3

8

Эмгек акысын жогорулатуу жолу менен саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерине материалдык дем берүүнү камсыз кылуу

4913469,1

 

 

 

 

Максаттуу каражаттар боюнча бюджеттин аткарылышы

%

100%

 

 

 

 

3

9

"Ден соолук кербени" долбоору боюнча иш-чаралар

7886,0

 

 

 

 

Каражаттарды өздөштүрүү пайызы

%

100%

 

 

 

 

3

11

Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча иш-чаралар

11549,5

10000,0

 

 

 

Каражаттардын өздөштүрүү пайызы

%

55%

 

 

 

 

 

 

3-программа боюнча жыйынтык

15148489,5

15700996,7

4281287,2

4407039,6

4842955,4

 

4

 

4-программа. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн ашыкча калкка көрсөтүлүүчү медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

Программанын максаты: менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кеңири спектрдеги кызматтарды көрсөтүү аркылуу жарандардын канааттангандыгынын деңгээлин жогорулатуу

Жеңилдетилген гемодиализдик дарылоого камтылган терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптардын каттоодо турган бейтаптардын жалпы санына карата катышы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

4

1

Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорунун терминалдык стадиясындагы өтө муктаж бейтаптарга жеңилдетилген гемодиализдик дарылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

2237438,3

2230800,0

 

 

 

Жеке медициналык борборлордо акы төлөнүүчү дарылоону алып жаткан жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында толук бюджеттик гемодиализге которууну күтүп жаткан, ошондой эле гемодиализ кызматын алууда бейтаптардын чыгымдарын азайтуу максатында терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптардын саны

адам

2604

2274

 

 

 

4

2

Саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана талаптагыдай иштешин камсыз кылуу (камсыздандыруу запасын түзүү)

325842,9

391889,1

451547,4

480176,2

511432,5

Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык кызматтарды каржылоого багытталган каражаттардын жалпы көлөмүнөн кеминде бир айлык каржылоо көлөмүндө финансылык туруктуулукту камсыздоо үлүшү

%

0%

1,3%

1,4%

1,4%

1,4%

4

3

Саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу

44818,6

100000,0

150000,0

150000,0

150000,0

Саламаттык сактоо уюмдары үчүн саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган үлүшү

%

0,2%

0,3%

1,3%

1,00%

1,00%

4

5

4-программа боюнча жыйынтык

2608099,8

2722689,1

601547,4

630176,2

661432,5

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БАРДЫГЫ:

28678464,8

29861401,7

8327858,8

8843107,1

9657551,7

 

Кыскартуулардын тизмеси:

ПР коду - программанын коду

ЧАРА коду - чара коду

БМСЖ - баштапкы медициналык-санитардык жардам

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата 7-тиркеме

 

2025-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга акы төлөө боюнча эсептешүүлөр үчүн колдонулуучу БАЗАЛЫК ЧЕНЕМДЕР

(сом)

№

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

2025-жыл

1

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылууга жан башына карата ченеми

119,6

2

Камсыздандырылган жарандар үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун жан башына карата ченеми

440,0

3

Стационарлардын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн базалык ставкасы

4793,0