ПереченьДействует

Перечень случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в Национальном статистическом комитете Кыргызской Республики (Далее- Нацстатком) (утвержден приказом Национального статистического комитета Кыргызской Республики от 16 июля 2026 года № 01-13/79)

Редакцияот 16.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын 16-июлундагы № 01-13/79 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде

(мындан ары - Улутстатком) коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси

 

№

мамлекеттик органдын

функциясы (ыйгарым укуктары) (*)

Коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар ( * * )

Коррупциялык тобокелдик категориялары: системалык (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли

(төмөн,

орто,

жогорку)

Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы

(борбордук аппаратынын,

аймактык же ведомствого караштуу бөлүмдар,

мекемелер) (***)

Коррупциялык тобокелдикке контуу болгон кызмат орундары контуу ( * * * * )

Башка мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү

Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу

1

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурс өткөрүү

- Талапкерлерге конкурска катышууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

- конкурстук тандоонун натыйжаларын баалоо;

- кызматка дайындоо боюнча рекомендацияларды түзүү;

- кызыкчылыктардын кагылышы;

- конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө укукка сыйбаган таасир көрсөтүү;

- айрым талапкерлердин конкурска катышуусун чектөө;

- айрым талапкерлер үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү;

 - конкурсту объективдүү өткөрүү үчүн мааниси бар маалыматтарды жашыруу же көрмөксөн болуу;

 - конкурстун этабын формалдуу өткөрүү

 

Системалык

Орто

Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы,

статистиканын аймактык органдары

Аппарат жетекчиси,

башкармалыктын начальниги, башкармалыктын башкы адиси, статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери,

конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

2

Кызмат орундарына тандоо, илгерилетүү жана дайындоо

- Персоналды дайындоодо, которууда, кызматка көтөрүүдө жана ротациялоодо белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын илгерилетүү;

- мамлекеттик (муниципалдык) кызматка ачыктык, объективдүүлүк, айкындуулук жана бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин бузуу менен кадрдык чечимдерди кабыл алуу

Системалык

Орто

Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы,

статистиканын аймактык органдары

Аппарат жетекчиси,

башкармалыктын начальниги, статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери,

конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

Функциянын түрү: расмий статистиканын өндүрүшүн камсыз кылуу

3

Статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу

Чарбалык субъекттер тарабынан расмий статистиканын жогорулатылган же төмөндөтүлгөн маалыматтары менен отчетторду берүү;

-статистикалык маалыматтарды жасалма өзгөртүү же оңдоо

Системалык

Төмөн

Статистиканын аймактык органдары,

экономикалык жана социалдык статистиканын маалыматтарды иштеп чыгуу башкармалыгы,

борбордук аппараттын тармактык башкармалыктары жана бөлүмдөрү,

экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы

Статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери, башкармалыктардын начальниктери жана бөлүмдөрдүн башчылары,

башкы адистер, жетектөөчү адистер жана

адистер

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

4

Иш багыты (тематика) боюнча чет өлкөлүк стажировкага, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберилүүчү кызматкерлерди тандоо

- Таламдардын кагылышуусунун, жеке пайданын же укукка сыйбаган таасирдин натыйжасында окууга, такшалууга, квалификациясын жогорулатууга, эл аралык билим берүү программаларына катышууга, чет өлкөлүк иш сапарларга жана кесиптик өнүгүүнүн башка иш-чараларына талапкерлерди тандоодо айрым кызматкерлерге негизсиз артыкчылыктарды берүү;

- айрым кызматкерлерди жасалма тандоону түзүү;

- кызматкерлерди

стажировкадан өтүүгө, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууга катышууга негизсиз чектөө;

- кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө объективдүүлүк, ачыктык жана бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин сактабастан чечимдерди кабыл алуу

Кырдаалдык

Орто

Эл аралык кызматташтык бөлүмү,

Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы

Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгынын башчысы

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

5

Кызматкерлерди сыйлоого жана кызыктырууга сунуштамаларды (материалдарды) кароо

- Субъективдүү мамиленин, кызыкчылыктардын кагылышуусунун жеке кызыкчылыгынын же талапкерлердин сыйлоонун белгиленген критерийлерине ылайык келишин талаптагыдай текшерүүнүн жоктугунан улам айрым адамдарды сыйлоого негизсиз сунуштоо; - кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгы болгон учурда сыйлоого көрсөтүүдөн баш тартуу

Кырдаалдык

Орто

Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы,

статистиканын аймактык органдары

Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы, статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери, сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

Функциянын түрү: мамлекеттик сатып алуулар

6

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү

-Товардык-материалдык баалуулуктарга жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыкты негизсиз жогорулатуу;

- конкреттүү жабдуучу үчүн сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды түзүү;

- сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленгендиги;

- келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде жетиштүү негиздерсиз кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен;

- жеткирүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелердин бузулушун жашыруу жана мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө.

Кырдаалдык

Орто

Бухгалтердик эсеп башкармалыгы,

мамлекеттик сатып алуулар сектору,

статистиканын аймактык органдары;

Интеллектуалдык маалыматтар борбору

Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы,

сектор башчысы, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

7

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу

- талаптарга жооп бербеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу

 Кырдаалдык

Орто

Бухгалтердик эсеп башкармалыгы,

мамлекеттик сатып алуулар сектору, административдик-чарбалык бөлүм,

Интеллектуалдык маалыматтар борбору

Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы,

сектор башчысы,

административдик-чарбалык бөлүмдүн башчысы, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери

Бул тобокелдик Улутстаткомдун ишине тиешелүү

Функциянын түрү: финансылык-чарбалык иш

8

Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык каражаттарды бөлүштүрүү

- Объективдүү критерийлер жок болгон учурда "эмгектин өзгөчө шарттары" үчүн үстөктөрдүн жана кошумча акылардын максималдуу коэффициенттерин белгилөө

Потенциалдуу

Төмөн

Бухгалтердик эсеп башкармалыгы

Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы,

башкы адис, жетектөөчү адис

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

9

Товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүштүрүүнү эсепке алуу жана контролдоо

- Товардык-материалдык баалуулуктарды айрым жактардын кызыкчылыктарында негизсиз эсептен чыгаруу, өткөрүп берүү же бөлүштүрүү

Системалык

Төмөн

Бухгалтердик эсеп башкармалыгы,

административдик-чарбалык бөлүм

Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы,

бөлүм башчысы.

Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

Функциянын түрү: мүлктү тескөө

10

Оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон мүлктү келишимдик негизде өткөрүп берүү, ижарага берүү

- Экономикалык максатка ылайыктуулугун негиздебестен мүлктү ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

 - расмий каттоосуз ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

- ижара акысын жасалма төмөндөтүү менен

 

Кырдаалдык

Орто

Ведомство караштуу жана статистиканын аймактык органдары

Ведомство караштуу жана статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери

Бул тобокелдиктер Улутстаткомдун жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишине, системасына тиешелүү болушу мүмкүн