ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 11 августа 2026 года № 540 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О мерах по реализации Указа Президента Кыргызской Республики «О введении временного запрета (моратория) на проведение проверок субъектов предпринимательства» от 14 марта 2026 года № 113» от 23 апреля 2026 года № 276»

Редакцияот 11.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 11-августундагы № 540

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

«10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы маселелери боюнча.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев