Распоряжение Кабинета Министров КР от 27 августа 2026 года № 657-т (О согласии с проектом Протокола о фитосанитарных требованиях при экспорте свежих ягод из Кыргызской Республики в Китайскую Народную Республику между Министерством водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики и Главным таможенным управлением Китайской Народной Республики)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-августу № 657-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы жер жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы жер жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы жер жемиштерди коопсуз экспорттоону камсыз кылуу максатында, фитосанитардык тобокелдикти талдоонун натыйжаларынын негизинде мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Министрлик) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - КЭР БББ) достук консультациялардын натыйжасында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жаңы жер жемиштерге дан куурай (Rubus idaeus), кара карагат (Ribes nigrum) жана бүлдүркөн (Rubus fruticosus) (мындан ары - жер жемиштер) кирет.
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жаңы жер жемиштер Кытай Эл Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы колдонулуучу мыйзамдарына жана ченемдик талаптарына, санитардык талаптарга жана коопсуздук талаптарына, ошондой эле ушул Протоколдун талаптарына шайкеш келүүгө тийиш жана Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан зыяндуу организмдерден (тиркеме), бутактардан, жалбырактардан жана топурактан таза болууга тийиш.
Ушул Протокол фитосанитардык талаптарды гана жөнгө салат. Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жер жемиштерге адамдын ден соолугун коргоого тиешелүү башка мыйзамдар, ченемдик актылар, стандарттар жана талаптар, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдары жана тиешелүү улуттук стандарттары да колдонулат.
2-берене. Каттоо
Кытай Эл Республикасына экспорттоого жер жемиштерди өндүрүү жана таңгактоо үчүн арналган өндүрүү жерлери жана таңгактоо ишканалары Министрлик тарабынан катталууга жана КЭР БББ тарабынан жактырылууга тийиш.
Каттоо маалыматтары экспорттолуучу продукциянын ушул Протоколдун талаптарына шайкеш эместиги аныкталган учурда анын так байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган өндүрүү жеринин же таңгактоо ишканасынын аталышын, дарегин жана каттоо кодун камтууга тийиш.
Ар бир экспорттук сезон башталганга чейин Министрлик КЭР БББга катталган өндүрүү жерлеринин жана таңгактоо ишканаларынын актуалдаштырылган тизмегин берет. КЭР БББ тарабынан каралып жана жактырылгандан кийин тиешелүү тизмек расмий веб-сайтта жарыяланат.
3-берене. Өндүрүү жерлерин башкаруу
Кытай Эл Республикасына жер жемиштерди экспорттоо үчүн катталган бардык өндүрүү жерлери Министрликтин көзөмөлү астында талаптагыдай айыл чарба практикасын (GAP) колдонууга, анын ичинде өндүрүү жерлеринин талаптагыдай санитардык абалын сактоого, жерге түшкөн мөмөлөрдү өз убагында алып салууга жана башка зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.
Өндүрүү жерлеринде зыяндуу организмдерди текшерүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү, химиялык же биологиялык күрөшүү методдорун, ошондой эле жер жемиштерде Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан карантиндик зыяндуу организмдердин пайда болуу тобокелдигин алдын алууга же мүмкүн болушунча азайтууга багытталган өсүмдүктөрдү коргоо боюнча башка иш-чараларды камтыган өсүмдүктөрдү интеграцияланган коргоо (IPM) программалары да колдонулууга тийиш.
Фитосанитардык чаралар боюнча № 6 эл аралык стандартка (ISPM 6) ылайык Министрлик өндүрүү жерлеринде Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан карантиндик зыяндуу организмдерге карата мониторинг жүргүзүү системасынын иштешин камсыз кылууга тийиш. Мындай зыяндуу организмдер аныкталган учурда тиешелүү контролдоо чаралары токтоосуз көрүлүүгө тийиш.
Зыяндуу организмдерге мониторинг жүргүзүү жана аларга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо жаатында квалификациялуу адистердин жетекчилиги астында жүргүзүлүүгө тийиш. Аталган адистер Министрлик же ал ыйгарым укук берген уюмдар тарабынан уюштурулган тиешелүү окутуудан өтүүгө тийиш.
Кытай Эл Республикасына жер жемиштерди экспорттоо үчүн катталган өндүрүү жерлери зыяндуу организмдерге мониторинг жүргүзүү жана аларга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жазууларды жүргүзүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн жазуулар эки жылдан кем эмес сакталууга жана суроо-талап боюнча КЭР БББга берилүүгө тийиш.
Мониторинг жүргүзүүнүн жазуулары мониторинг жүргүзүү мөөнөттөрү, аныкталган зыяндуу организмдердин илимий аталыштары жана аларга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонуу жөнүндө жазуулар препараттын аталышын, таасир этүүчү затты, дозасын жана колдонуу датасын камтууга тийиш.
4-берене. Карантиндик зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү чаралары
1. Byturus tomentosus
Byturus tomentosus карата өндүрүү жерлеринде мониторинг бүчүр байлоо фазасынан тартып түшүм жыйноого чейин ар бир эки жумада бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.
Текшерүүдө аталган зыяндуу организмдин бар же жок экендигин аныктоо үчүн топуракка, сабактарга, жалбырактарга, гүлдөргө жана мөмөлөргө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Зыянкеч табылган учурда тиешелүү биологиялык же химиялык күрөшүү чаралары токтоосуз көрүлүүгө тийиш.
2. Podosphaera mors-uvae, Erwinia amylovora, Tobacco Ringspot Virus жана Verticillium dahliae
Аталган козгогучтарды контролдоо максатында өндүрүү жерлери жабыркаган бутактардан, жалбырактардан жана тамырлардан үзгүлтүксүз тазаланып турууга тийиш. Топурактын үстүндөгү өсүмдүк калдыктары өрттөө, терең көмүү жолу менен же башка натыйжалуу ыкма менен жок кылынууга тийиш.
Бүчүр байлоо фазасынан тартып түшүм жыйноого чейин мониторинг ар бир эки жумада бир жолу шектүү белгилердин бар же жок экендигин аныктоо үчүн бутактарды, жалбырактарды, бүчүрлөрдү, сабактарды жана мөмөлөрдү текшерүүгө өзгөчө көңүл буруу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Шектүү белгилер табылган учурда лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынууга тийиш.
Аталган козгогучтардын бар экендиги ырасталган учурда тиешелүү биологиялык же химиялык күрөшүү чаралары колдонулууга тийиш.
5-берене. Иштетүү жана таңгактоо
Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн арналган жер жемиштерди таңгактоо, сактоо жана ташуу Министрликтин кызмат адамдарынын же Министрлик тарабынан ыйгарым укук берилген уюмдардын көзөмөлү астында жүргүзүлүүгө тийиш.
Таңгактоо ишканалары таза жана санитардык абалда кармалууга тийиш, полдун катуу каптамасы болууга жана продукциянын зыяндуу организмдерден кайрадан жабыркоосун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, анын ичинде москиттен коргоочу торлорду колдонууга тийиш.
Таңгактоо процессинде сапатсыз жер жемиштерди алып салуу жана курт-кумурскалардын, кенелердин, чириген мөмөлөрдүн, бутактардын, жалбырактардын, тамырлардын жана топурактын болбошун камсыз кылуу максатында жер жемиштер жараксыздарын бөлүп алуу, тандоо жана сорттоо процессинен өтүүгө тийиш.
Таңгактоо материалдары таза, мурда колдонулбаган жана Кытай Эл Республикасынын фитосанитардык жана санитардык талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Жыгач таңгактоо материалдары колдонулган учурда алар Фитосанитардык чаралар боюнча № 15 эл аралык стандартка (ISPM 15) шайкеш келүүгө тийиш.
Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн арналган жер жемиштер башка рынокторго жеткирүү үчүн арналган жер жемиштерден өзүнчө таңгакталууга жана сакталууга тийиш.
Ар бир таңгактоо кутусунда кытай же англис тилинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- продукциянын аталышы;
- экспорттоочу өлкө;
- өндүрүү жери (облус/регион, шаар);
- өндүрүү жеринин аталышы же каттоо коду;
- таңгактоо ишканасынын аталышы же каттоо коду.
Ар бир таңгактоо кутусунда жана поддондо кытай же англис тилинде төмөнкүдөй жазуу түшүрүлүүгө тийиш:
"Exported to the People’s Republic of China" (输往中华人民共和国). ("Кытай Эл Республикасына экспорттолот").
Кытай Эл Республикасына жер жемиштерди ташуу үчүн колдонулуучу контейнерлер жүктөөгө чейин белгиленген санитардык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. Жүктөө учурунда курт-кумурскалардын кирип кетүүсүнө жол бербөө боюнча зарыл чаралар көрүлүүгө тийиш.
Катталган таңгактоо ишканалары Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жер жемиштердин ар бир партиясынын келип чыгышын анын катталган өндүрүү жерине чейин аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу байкоо жүргүзүү системасын түзүшү керек.
Байкоо жүргүзүү системасы иштеп чыгуу жана таңгактоо датасы, продукцияны берүүчү өндүрүү жеринин аталышы же каттоо номери, продукциянын саны, экспорттун датасы жана көлөмү, бара турган өлкөнүн аталышы, контейнердин номери жөнүндө маалыматты жана башка тиешелүү маалыматтарды камтууга тийиш.
6-берене. Экспорт алдындагы фитосанитардык контролдоо
Министрликтин кызмат адамдары же Министрлик тарабынан ыйгарым укук берилген уюмдар Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жер жемиштердин ар бир партиясынан 2% өлчөмүндө үлгүлөрдү алуу менен ар бир партияга фитосанитардык текшерип кароо жүргүзүүгө тийиш.
Эгерде эки жылдын ичинде фитосанитардык көйгөйлөр аныкталбаса, үлгүлөрдү алуунун өлчөмү 1%га чейин азайтылышы мүмкүн.
Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан кандайдыр бир тирүү карантиндик зыяндуу организм, ошондой эле бутактар, жалбырактар же топурак аныкталган учурда бүтүндөй партияны Кытай Эл Республикасына экспорттоого жол берилбейт.
Министрлик шайкеш эместиктердин себептерин аныктоого жана зарыл болгон түзөтүү чараларын көрүүгө тийиш. Аныкталган шайкеш эместиктер жөнүндө жазуулар сакталууга жана КЭР БББнын суроо-талабы боюнча берилүүгө тийиш.
Карап текшерүү аяктагандан кийин белгиленген фитосанитардык талаптарга шайкеш келет деп таанылган партияга Министрлик Фитосанитардык чаралар боюнча № 12 эл аралык стандартка (ISPM 12) ылайык фитосанитардык сертификат берет.
Фитосанитардык сертификатта өндүрүү жеринин жана таңгактоо ишканасынын каттоо коддору, ошондой эле контейнердин номери көрсөтүлүүгө тийиш.
"Кошумча декларация" графасында төмөнкүдөй формулировка көрсөтүлүүгө тийиш:
"This consignment complies with the requirements specified in the Protocol of Phytosanitary Requirements for Export of Fresh Berries from the Kyrgyz Republic to China, and is free from any quarantine pests of concern to China".
Котормосу:
"Бул партия Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы жер жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдо белгиленген талаптарга шайкеш келет жана Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан карантиндик зыяндуу организмдерден таза".
Экспорттук берүүлөр башталганга чейин Министрлик КЭР БББга каттоо жана маалымдама материал катары пайдалануу үчүн фитосанитардык сертификаттын үлгүсүн берет.
7-берене. Ташып кирүү учурунда фитосанитардык контролдоо
Кыргыз Республикасынан жер жемиштер КЭР БББ тарабынан мөмө-жемиштерди ташып кирүү үчүн уруксат берилген Кытай Эл Республикасынын өткөрүү пункттары аркылуу ташып киргизилүүгө тийиш.
Жер жемиштер ташып кирүү пунктуна келгенден кийин Кытай Эл Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары фитосанитардык сертификатты жана башка коштоочу документтерди текшерет жана Кытай Эл Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик актыларына жана улуттук стандарттарына, ошондой эле ушул Протоколдун талаптарына ылайык инспекциялык жана карантиндик текшерүү жүргүзөт.
Катталбаган өндүрүү жеринен же таңгактоо ишканаларынан келип түшкөн жер жемиштердин партияларын импорттоого жол берилбейт.
Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан тирүү карантиндик зыяндуу организмдер, Кыргыз Республикасынын аймагында жаңыдан аныкталган башка карантиндик зыяндуу организмдер, ошондой эле топурак же өсүмдүк калдыктары табылган учурда партия кайтарылууга, жок кылынууга же зыянсыздандырылууга тийиш.
Эгерде партия Кытай Эл Республикасынын тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарына, ченемдик актыларына же улуттук стандарттарына шайкеш келбесе, ал кайтарылууга же жок кылынууга тийиш.
Көрсөтүлгөн шайкеш эместиктер аныкталган учурда КЭР БББ Министрликке токтоосуз кабарлайт жана тиешелүү өндүрүү жерлеринен же таңгактоо ишканаларынан жер жемиштерди импорттоону учурдагы экспорттук сезон аяктаганга чейин токтото турат.
Министрлик шайкеш эместиктин себептерин иликтейт жана мындай учурлардын кайталанышын алдын алуу максатында тиешелүү түзөтүү чараларын көрөт.
Министрлик тарабынан көрүлгөн түзөтүү чараларын баалоонун натыйжасы боюнча КЭР БББ токтотуп турууну алып салуу же күчүндө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
8-берене. Шайкештигин текшерүү
Кытай Эл Республикасына жер жемиштерди экспорттоо башталганга чейин КЭР БББ Министрликтин көмөгү менен ушул Протоколдун талаптарынын аткарылышын ырастоо максатында Кыргыз Республикасында өндүрүү жерлерине барып текшерүү же аралыктан видеоинспекция жүргүзүү жолу менен шайкештигин баалоо жүргүзө алат.
Жерине барып инспекция жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдарды, анын ичинде эл аралык транспорттук чыгымдарды жана жашоого чыгымдарды кыргыз тарап тартат.
9-берене. Кийинки баалоо жана кайра карап чыгуу
Кытай Эл Республикасына жер жемиштерди экспорттоонун жүрүшүндө КЭР БББ Кыргыз Республикасынын аймагында зыяндуу организмдердин жайылышын жана Кытай Эл Республикасына продукцияны ташып кирүүдө алардын аныкталган учурларын эске алуу менен фитосанитардык тобокелдикке кошумча талдоо жүргүзүшү мүмкүн.
Министрлик менен макулдашуу боюнча карантиндик зыяндуу организмдердин тизмегине жана тиешелүү фитосанитардык чараларга түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Зарыл болгон учурда КЭР БББ кийинки баалоону, анын ичинде жеринде текшерүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына эксперттерди жөнөтүшү мүмкүн.
Мындай баалоонун натыйжасы боюнча жана Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Протоколго тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
10-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү, күчүнө кириши жана колдонулушун токтотуу
Ушул Протокол кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана үч жыл ичинде колдонулат.
Эгерде Тараптардын бири да ушул Протоколдун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда ага өзгөртүүлөрдү киргизүү же анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка кабарлабаса, Протокол автоматтык түрдө кийинки үч жылдык мезгилдерге узартылат.
Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өз ара консультациялар аркылуу өзгөртүлүшү мүмкүн.
Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун колдонулушун токтотууну көздөсө, ал болжолдонгон токтотуу датасына чейин кеминде алты ай мурда бул тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлайт.
Тараптар ушул Протокол ар бир Тараптын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын колдонууга, ошондой эле алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерди аткарууга каршы келбөөгө же тоскоолдук кылбоого тийиш экендигине макул болот.
Ушул Протоколду чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан кандай болбосун пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан талаптагыдай ыйгарым укук берилген төмөндө кол коюучулар жогоруда баяндалгандарды күбөлөндүрүү үчүн ушул Протоколго кол койду.
Протоколго 20____-жылдын "___" ___________ кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Протоколдун версияларынын ортосунда айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу деп эсептелет.
_____________________________________________ |
| _____________________________________________ |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы жер жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколго тиркеме |
Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жараткан карантиндик зыяндуу организмдердин ТИЗМЕГИ
1. Byturus tomentosus - дан куурай коңузу.
2. Erwinia amylovora - мөмө берүүчү өсүмдүктөрдүн бактериялык күйүк оорусунун козгогучу.
3. Podosphaera mors-uvae - барсылдактын америкалык ак кебер оорусунун козгогучу.
4. Tobacco Ringspot Virus - тегерек тактуу тамеки вирусу.
5. Verticillium dahliae - жалбырактардын вертициллездик соолушу.