ПостановлениеДействует

Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/11 «Баткен шаарында ЕБРР тарабынан каржыланып жүзөгө ашырылып жаткан «Таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо» долбору алкагында мурда даярдалган ТЭОнун негизинде, негизги багыттарды кароо жана ТЭОго кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2017-жылдын 17-марты № 01-10/11

Баткен шаарында ЕБРР тарабынан каржыланып жүзөгө ашырылып жаткан “Таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо” долбору алкагында мурда даярдалган ТЭОнун негизинде, негизги багыттарды кароо жана ТЭОго кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;3;5-пункуттарына ылайык жана 2015-жылдын 8-июунундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Европа өнүктүрүү банкынын жана Баткен шаар мэриясынын, үч тараптуу түзүлгөн келишиминин негизинде Баткен шаарында ишке ашырылып жаткан, жалпы суммасы 5.20 миллион евролук “Таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо” долбоору алкагында мурда даярдалган ТЭОнун негизиде негизги багыттарды кароо жана ТЭОго кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү максатындагы Баткен шаардык Кеңешинин фракция башчыларынын биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарында ЕБРР тарабынан каржыланып жүзөгү ашырылып жаткан “Таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо” долбоору алкагында сунушталган багыттарга, ТЭО киргизген өзгөртүүлөр жактырылып макулдук берилсин. (өзгөртүүчү таблица тиркелет)

2. Долбоорду жүзөөгө ашырууда мэрия тараптан жүргүзүлүп жаткан жумуштар колдоого алынсын жана долбоорго тиешелүү маселелерди убагында чечүү жагы милдеттендирилсин.

3. Долбоорду сапаттуу жүзөөгө ашыруу максатында түзүлгөн ишке ашыруу тобу (ГРП) жана кеңешме комитетине өз ыйгарым укуктарына ылайык жумуш алып барууга макулдук берилсин.

4. Долбоордун аткарылышын жана абалы тууралуу шаардык кеңештин сессияларында такай маалымат берүү шаар мэриясына тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тпшырылсын.

 

Төрага

А. Ташбеков

 

Таблица 7.3 Компоненты ППИ и сводные затраты по ППИ

(Первоначальный вариант по ТЭО)

Сфера

Описание

Цена, евро

Водоснабжение

Материалы

158,700

 

Установка материалов (работ)

199,100

 

Строительные работы (строительство)

157,800

 

Строительные работы

(обновление/замена/продление труб)

2,029,275

 

Эксплуатационные работы (обнаружение и

ремонт утечек)

700,000

Канализация

Коллекторная сеть и КОС

481,800

 

Строительные работы (здания)

8,000

Водоснабжение/

канализация

Оборудование и механизмы

240,000

Всего

 

3,974,675

Непредвиденные

затраты

 

(на непредвиденные работы, которые могут

возникнуть из-за отсутствия информации и

срока службы подземных сооружений)

397,468

 

ИТОГО (евро)

 

4,372,468

 

Предполагается, что эта общая сумма снизится до бюджетной цифры 4,000,000 Евро.