ПостановлениеДействует

Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 12 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө) токтому

Редакцияот 02.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2017-жылдын 2-марты № 12

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451сандуу токтомуна ылайык Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2штаттык бирдик) бекитилсин;

3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Бейшеналиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Жумабеков

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ»

Кең-Арал айылдык кеңешинин төрагасы

________________И.Жумабеков

«_____»_____________2017-жыл

Тиркеме № 1

«БЕКИТЕМИН»

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы

_________________Б.Темирбеков

«___»______________2017-жыл

 

 

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана

ШТАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн калкынын саны 3609 адам

2ден 5ке чейин

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

Жооптуу катчы

1

Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы

1

 Киреше боюнча башкы адис

1

Социалдык маселелер боюнча башкы адис

1

Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис

1

Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис

1

Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис

1

Жыйынтыгы:

8

Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары

Адис - Аскердик –эсепке алуу столунун инспектору

2

Жыйынтыгы:

 

Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК

Кароолчу

1

Тазалоочу

1

Жыйынтыгы:

2

 

Жооптуу катчы

Н. Бейшеналиева