ПостановлениеДействует

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 21/4 «2015-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери жана 2016-жылга иш пландары жөнүндө» токтому

Редакцияот 06.04.2016
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 21-сессиясы

 

2016-жылдын 6-апрели № 21/4

2015-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери жана 2016-жылга иш пландары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына негиз Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматын жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Райымбековдун 2015-жыл ичиндеги аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин;

- 2016-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше,чыгыша бөлүгү жана иш планы.(кирише бөлүгү тиркеме №1),( чыгаша бөлүгү тиркеме №2) ,(иш планы тиркеме №3),

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш.Кадырматовго жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Э. Байышов

 

 

Жаңы- Жол айылдык Кеңешинин 06-апрель 2016 – жылдагы № 21/ 4 токтому менен бекитилди.

тиркеме №1

 

Жалал – Абад областынын Жаңы - Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016 – жылдагы киреше бөлүгүнүн сметасы.

 

 

Малдын түрү

Малдын башы

Жайыт үчүн 1 малдын башына

Жайыт үчүн күтүлүүчү сумма

Кызыл – Жар зонасынан

1

КРС бодо

1398

47

65706

 

2

Кой

4213

13

54769

 

3

Эчки

4079

13

53027

 

4

Жылкы

518

47

24346

 

 

Жыйынтыгы:

 

 

197848

8152

 

Бардык күтүлүүчү сумма - 206 000

206 000 * 3% = 6180, 0

Башка айыл округунан келип жайытка чыккан бадачылардын малы үчүн төмөндөгүдөй төлөм акы киргизилсин!

1.КРС - 60 сом,

2.МРС - 20 сом,

3.Жылкы - 60 сом.

 

 

Жаңы- Жол айылдык Кеңешинин 06-апрель 2016 – жылдагы № 21/ 4 токтому менен бекитилди.

тиркеме №2

 

Жалал- Абад областынын Аксы районунун Жаңы- Жол айылдык өкмөтүнүн Ж.П.Б. 2016-жылдагы чыгаша бөлүгүнүн сметасы.

№

Чыгымдардын аталышы

статья

Бардыгы 2016-жыл үчүн

Анын ичинде кварталдар үчүн

 

I кв

II кв

III кв

IV кв

1

Айлык акы

2111

60000

 

15000

15000

30000

60000

2

Соц.фонд

2121

10350

2587

2587

2587

2587

10350

3

Сапар чыгымы

2115

12000

 

5000

5000

2000

12000

4

Конц.товары

 

2000

 

1000

500

500

2000

5

Жергиликтүү жайыт салыгы

 

20000

 

6000

7000

7000

20000

6

Жергиликтүү 3% салыгы

 

6000

 

 

3000

3000

6000

7

Жайыттардын инфрасттруктурасы

 

85650

 

45650

40000

 

85650

8

Кичи долбоорлор үчүн

 

10000

 

10000

 

 

10000

 

Жыйынтыгы;

 

206000

 

 

 

 

206000

 

Эмгек акы;

Төрага - 30000

Эсепчи - 30000

Соц.фонд 8% - 4800

Подох.налог 3180

 

 

Жаңы- Жол айылдык Кеңешинин 06-апрель 2016 – жылдагы № 21/ 4 токтому менен бекитилди.

тиркеме №3

 

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга

ИШ ПЛАНЫ

К№

Жайлоонун аттары

Жумшалуучу каражат

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

1

“Сай - Ачык” көпүрөсүн калыбына келтирүү

3000

Сентябрь

Бейшебаев Ж.

2

“Тогорок” жайлоосуна мал өтүүчү көпүрө куруу

5000

Сентябрь

Бейшебаев Ж.

3

Эчки-Уя жайлоосунан Сай-Ачык жайлоосуна чейинки жолду калыбына келтирүү

10000

Май

Момунов Д.

4

Башкы “Жаңгактуу-Булак” жайлоосундагы асканын боорундагы өткөөлдү калыбына кеелтирүү

10000

Май

Миңбаев А.

5

Үңкүр жайлоосунан Эчки – Уя жайлоосуна чейин жолду калыбына келтирүү

10000

Май

Миңбаев А.

6

Карагансай айылындагы “Как-Башат” жайытына мал суу ичүүчү жайды куруу

10000

Октябрь

Керимкулов Т.

7

Сел жууп кеткен “Долоно” көпүрөсүн куруу

27650

Октябрь

Батырбеков С.

8

“Бурана” жайытындагы чуңкурларды, аңдарды оңдоо, толтуруу, түзөтүү жумуштарын бүткөрүү.

10000

Октябрь

Надырбеков С.

9

Долонодон Үңкүргө чейинки жайлоо жолун мал өткөнгө шартташтыруу, түзөтүү

10000

Май

Миңбаев А.

Бардыгы;

95650

 

 

 

Жаңы-Жол Ж.П.Бнин төрагасы

К. Райымбеков