К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-декабрындагы №9-11 «Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 9-11
Принят
24 декабря 2017 года
Издал
Т.Кулатовский айылный кенеш Ноокатского района

Регистрация и публикация

Публикация
www.nookat.kg · 22 февраля 2018 года
В реестре с
12 марта 2018 года

В реестре

Код Минюста
406459

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 24.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2017-жылдын 24-декабры №9-11

Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселесин «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын 31-декабрындагы 2014-жылдагы №182 мыйзамында «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Салык Кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргендигине байланыштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасы 30 % көтөрүлүп-суулуу айдоо жерди 536,9 тыйынга ,ал эми кайрак айдоо жерди 80,99 тыйын, көп жылдык бакты 302,90 тыйынга көтөрүү сунушу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2.    2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактарына түшүүчү акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Топчубаев

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IX

сессиясынын № 11 токтомуна тиркеме

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2018-жылга айылдык бюджетке түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыктарынын түрлөрү үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

№

Салыктын түрлөрүнүн аталыштары

2017-жылга базалык ставкасы (сом) айылдык кеңештин чечими менен

2018-жылга карата (сом)

Жалпы суммасы

1

Суулуу жер салыгы

413 сом

123,9

536,9

2

Кайрак айдоо жери

62,30

18,69

80,99

3

Көп жылдык бак

233 сом

69,9

302,90

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы:

А. Жээнбаева

 

 

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.