ПостановлениеДействует

И. Осмонкулов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы №25 «Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтому жөнүндө» токтому

Редакцияот 15.09.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

И. ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

И. Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

2017-жылдын 15-сентябры №25

Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтому жөнүндө

 

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап түшкөн акча каражаттарын башкаруу бөлүмүнө бекитип кошуп берүү жөнүндө Осмонкулов айылдык кеңеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн аткаруу органынын муниципалдык кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акыларын 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап КР 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомуна ылайык бекитилген бюджетке кошулуп бекитилсин.

2. Осмонкулов айыл өкмөтү делегированных мамлекеттик полномочиялык штаттык бирдиктин (экономист-статист) негизинде «Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүүнү 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомуна ылайык 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаттарына кошулуп бекитилсин.

3. Көбөйгөн айлыктын айырмасы республикалык бюджеттен суралып сметага киргизүү жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткаруу жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Суюнбаевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Джумаев