К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 4 «Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 4
Принят
20 февраля 2018 года
Издал
Жалал-Абадский городской кенеш

Регистрация и публикация

Публикация
www.jacity.kg · 22 февраля 2018 года
В реестре с
6 марта 2018 года

В реестре

Код Минюста
408748

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 20.02.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги V сессия 

2018-жылдын 20-февралы № 4

“Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 31.01.2018-жылдагы чыг.№06-5/56-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча турктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги V сессиясы        

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу бирдиктүү тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) Жалал-Абад шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында ушул токтомду жетекчиликке алып, өз ишмердүүлүгүн ушул токтомго ылайык жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланып, 2018-жылдын 1 мартынан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Тагаев

 

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.02.2018-ж кезектеги V сессиясынын

№4-токтомуна №1-тиркеме

 

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянты, Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарындагы ижарага берилген жерлерден алынуучу бирдиктүү ижара акынын тарифи.

 

№

Зонасы

1 чарчы метр жер тилкесинин учурдагы колдонулган тариф боюнча эсептелген бир айлык ижара акысы

1 чарчы метр жер тилкесинин бекитилген жаӊы тариф боюнча эсептелген бир айлык ижара акысы

5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери

 

1-зона Токтогул эс алуу багы жана Эркиндик аянты

11,25сом*3=33,75сом

1 м2 = 50 сом

5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелерге

 

4-зона “Жеңиш” эс алуу багы

9сом*3=27сом

1 м2 = 50 сом

5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелерге

 

 

Жалал-Абад шаардык

кеӊешинин жооптуу катчысы

Б.Беркбаева

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.