Постановление Правительства КР от 6 июня 2008 года № 275 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Беларусь о воздушном сообщении, подписанного 2 февраля 2000 года в городе Минск»
Этот документ есть на русском языкеРусский
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 6-июну № 275 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минскшаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министриаталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификдциялоо тууралуу 1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмө-түнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаа-рында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги беларусь тарапкааталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндегижол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-ну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн. 4-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти